Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Медиатека

Акталаадагы мектептерге 210 даана компьютер берилет

Ак-Талаа районундагы 18 орто мектептин 14нө жакын арада компьютерлер берилет. Азыркы учурда компьютер коюу үчүн эмеректер келди. Ал эми компьютерлер сентябрга пландалууда. КРнын билим берүү жана илим министрлигинин “Келечек үчүн …

17 Август 2022 жыл 15:15

Тема: Кочкордун күнөсканасында өскөн кулпунайы

Кочкор районун Кочкор айылынын тургуну Орозобек Салмоорбеков Кара-Суу айылына күнөскана ачып, анда жаңы ыкма менен кулпунай өстүрө баштаган. Климаты жагынан картошка, алма менен белгилүү болгон Кочкордо кулпунайды өстүргөндөр сейрек кездешет.

15 Август 2022 жыл 15:38

Аудио: Соң-Көлдү сактап калуу жергиликтүү калктын колунда

2022-жылдын 12-августунда Соң- Көл көлүнүн “Батай Арал” аймагында “Менин Соң-Көлүм” аттуу фестиваль өттү. Бүгүнкү күндө Соң-Көлдө малдын санынын көбөйүшүнө байланыштуу жайыттар деградацияланып, ал аймакта жашаган жапайы жаныбарларга, канаттууларга коркунуч жаралууда. …

13 Август 2022 жыл 23:52

Сүрөтбаян: Ыктыярчылар уюштурган жайлоо балдар бакчасы

Рават жайлоосу Кызыл-Үңкүр айылынан 140 км алыстыкта жайгашкан. Ага жалпы 100дөн ашуун малчы отурукташкан. Жайлоочулардын жашоосу маалым болгондой эртең мененки саат 5тен кечке чейин мал менен алек.

13 Август 2022 жыл 14:12

Видео: «Менин Соң-Көлүм» фестивалы

Айтылуу Соң-Көл жайлоосунда 12-август күнү «Менин Соң-Көлүм» аталышындагы экологиялык максаттагы фестиваль өткөрүлдү. Фестивалдын шартында ар бир чабандарга жайлоону сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, театрлаштырылган чакан оюн менен коштолду. Андан сырткары …

13 Август 2022 жыл 13:05

Акталаада кош бойлуу энелер жана жаш үй-бүлөлөрү үчүн акция өткөрүлдү

Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борбору Баетов айыл өкмөтү жана “Кызыл Ай” коому менен биргеликте эмчек эмизүү жумалыгына карата акция өткөрдү.

10 Август 2022 жыл 11:20

Акталаада COVID-19 илдети боюнча абал туруктуу

Ак-Талаа районунда COVID-19 илдети боюнча санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу. Аймакта аталган илдет менен бейтап каттала элек. Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Азамат Дүйшөналиевдин айтканына караганда райондун аймагында азыр эч кандай …

10 Август 2022 жыл 6:54

Оттук айылындагы заманбап китепкана

Жергиликтүү бийликтин депутаты Мыскал Байгазиева Оттук айылына заманбап китепкана салдырды. Бул убакытка чейин айылда китепкананын жоктугу көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Учурда китепканага Оттук жана Казан-Куйган айылынын тургундары келип, китеп окуй …

9 Август 2022 жыл 17:37

Тоолор жана айымдар

«Тоолор жана айымдар»долбоорун иштеп жатканда мага көз алдыма жайлоодогу айымдар элестетип, алардын жашоосун тартуу мен үчүн аябай кызыктуу болду.

9 Август 2022 жыл 1:05

Эненин ууз сүтү наристе үчүн пайдалуу азык

Акыркы жылдары бала жаңы төрөлөрү менен эле энесинин көкүрөгүнө жаткырган ыкма медицинада кеңири колдонулуп келе жатат. Муну дарыгерлер бала төрөлүп жатып эле эмчек сүтүндөгү майлоочу майды сезет, эмүү рефлекси пайда …

8 Август 2022 жыл 11:01

Акталаа үчүн айыл чарбасы негизги тармак

Ак-Талаа району үчүн айыл чарбасы абдан маанилүү негизги тармак жана аны өнүктүрүү үчүн эң биринчи жалкоолукту таштоо керек дейт КРнын айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери Карыпбек Асанов.

5 Август 2022 жыл 18:01

Акталаада окуучуларды даярдоо классына кабыл алуу башталды

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебине окуучуларды даярдоо класстарына каттоо башталды. Каттоо 2022-жылдын 25-августуна чейин онлайн жүргүзүлөт. Ал эми онлайн каттоого мүмкүнчүлүгү жоктор же каттала албагандар 1-августтан баштап мектепке …

4 Август 2022 жыл 12:00

Акталаада кышка карата көмүр тартуу иштери баштала элек

Ак-Талаа районуна жыл сайын социалдык объектилер, мекемелер жана элдин керектөөсү үчүн 19миң тонна өмүр отуну керектелет. Бирок учурда бир тоголок көмүр тартыла элек.

4 Август 2022 жыл 11:48

Кулатов айылындагы жеке ишкер Өзбекстандагы форумга катышты

Кулатов айылынындагы жеке ишкер Абсатар Эшимбаев Өзбекстан мамлекетинде өткөн айыл чарба, жана кайра иштетүү аталышындагы форумга катышып келди. Форум Фергана шаарында өткөрүлдү. 3 мамлекеттин дыйкандары катышты. Форум 3 күнгө созулду.

3 Август 2022 жыл 20:32

Жаңгак майын чет жакка экспорттогон ишкер

Арстанбап айылынын тургуну Эркин Кадиров жангактан май чыгарып, жергиликтүү элге эле эмес, Жапония, Дубай, Орусияга да экспорт кылат.

3 Август 2022 жыл 10:07

Ача-Кайыңды- туристтерге кыргыз маданиятын көргөзгөн айыл

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туристтерге кыргыздын каада-салтын көргөзүп, аларды кызыктырган атайын жамаат түзүлгөн. Бул жамаат «Маданият айылы» статусун алып, туристтер үчүн карталарга киргизилген.

3 Август 2022 жыл 8:53

Кызыл-Булак айылындагы спорт комплекстин быйыл чатыры жабылат

Ноокат районундагы Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Сапарбек Бойдонов айыл тургундарынын суроолоруна жооп берди.  Эгиндерди суугарууда суу тартыштыгы көйгөй жарата баштады. Бул маселени чечүүнүн бир нече жолу бар. Алардын …

2 Август 2022 жыл 19:36

Суусамыр: Малга тоют камдоо иштери

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагында малга кышкы тоют камдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Жергиликтүү эл бул жылы чөп жылдагыдан аз болгондуктан, коңшу айыл, шаардан кошумча тоют сатып алууда.

2 Август 2022 жыл 11:22

Акталаада 7 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланды

Акталаада 7 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланды. Ак-Талаа районундагы Э.Мейманов жана Ж.Сатылганов атындагы орто мектептеринин директорлору өз каалоолору менен директорлук кызматын өткөрүп берсе, жети орто мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланды.

1 Август 2022 жыл 11:11

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Тогуз-Торо ФМ радиосунда

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Тогуз-Торо районунун жамааттык радиосунун угуучуларынын суроолоруна жооп берди.

31 Июль 2022 жыл 0:56

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...