Ата-Мекенди коргоо күнүнɵ карата Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде «Ата-Мекенди коргоо биздин милдетибиз» атту кече болуп ɵттү. Иш-чарага Ооган согушунун ардагерлери, айыл тургундары, мугалимдер жана окуучулар катышты.
“Ак эмгек майды чайнатат” дегендей, бизнес аркылуу акча табуунун ар түрдүү жолу бар. “Алма, быш, оозума түш” деп отура берсең, базар экономикасынын агымынан четке сүрүлүп каларың бышык. Даамдуу тамактардын катарын …
24-февралда Суусамыр айылында 5 айылдын (Тунук, МЖС, Май,Кожомкул, Кызыл-Ой ) арасында өткөрүлүп жаткан “Суусамыр айыл таланттары” деген темадагы ыр-кесе болуп өттү.
Суусамыр өрөөнүндөгү 5 орто мектептин маданият жана маалымат министрлери Суусамыр радиосунун түз эфиринде күч сынашып, ’’Эн мыкты маданият жана маалымат министр’’ наамын Кожомкул айылынын Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин маданият …
Токтогул районунун Мазар-Суу айылында №14 Жоомарт атындагы мектеби жаңы салынууда. Бул туралуу аталган мектептин директору Дамира Иметкулова менен маек курдук.
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинде 2-мартта боло турган облустук семинарга даярдыктар көрүлүп, ар бир окуу бөлмөсүнө эмеректер, окуу куралдары, усулдук бурчтар ата-энелердин демөөрчүлүгү менен жаңыланды.
Макалабыздин бул санында Учкундун кулуну туңгуч кыргыз эстрада ансамблин уюштуруучу, көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, «Эсртаданын карлыгачы» аталган Кожомжаров Чоро тууралуу сөз кылабыз.
2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик тенчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планын аткаруу.Жашы жете элетер менен никеге туруу:кылмыш жоопкерчилигин киргизүү жана калыкты маалымдоо тегерек столу өттү. Талас облусунда бүгүн «Байбол» ресторанында Аялдарды …
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин окуучулары жылда өтүүчү “Жаш таланттар” сынагына даярданып жатышат. Даярдыктар кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу мектептин музыка мугалими Жумагүл Өмүровага кайрылдык.
Йога — Индиянын байыркы тилинен которгондо «көнүгүү», «гармония» дегенди түшүндүрөт. Йога адамдын ачыла элек мүмкүнчүлүктөрүн ачууну көздөп, адамдын өзүнө ишенүүсүн күчөтөт.
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында жазга даярдык иштери башталды. Элет элинин басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен алектенгендиктен жазында суугат суу маселеси көйгөй жаратып келчү. Ушуга байланыштуу учурда суу түтүктөрү оңдолуп жатат.
Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин «Нур баян» тобу өрөөндүк «Манас таануу» сынагынан өтүп, райондук сынактан биринчи орунга татыктуу болду. Райондук таймаш Он-Арча айылында өткөрүлгөн. «Нур баян» тобун 5 окуучу кыз …
Асанаалы атабыздын эмгектери: 1963-жылы Куланак колхозунун башкы бухгалтерлери болуп он жыл иштейт. 50 жылга жакын мугалимдик кесипте эмгектенген Токсобаев Эшбайдын ысымын “Учкун” орто мектебине койдурууда республикалык эл агартуу министрлигине чейин кайрылып 1990-жылы расмий түрдө айылдагы …
Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылында Д.Мамбетовдун урматына өткөрүлгөн өрөөндүк сынак өттү. Аталган сынакка беш айылдын окуучулары катышты. Окуучулар бул кароо-сынакка өздөрүнүн ойлоп тапкан аспаптарын, пайдалуу буюмдардын макеттердин көрсөтүштү.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинде Ак-Талаа районундагы мекеме-ишканалардагы кыз келиндер арасында өтмө кубоктун кезектеги оюну болуп өттү. Мелдешке бул жолу сегиз команда катышып, райондук “Тынчтык” балдар бакчасынын эмгек жамааты уюштурду.
Ак-Талаа райондук маданият үйүндө Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “Мырза жигит” кароо сынагы болуп өттү. Бул сынакка райондун мектептеринен беш окуучу катышып, баш байгени Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинин окуучусу Алманбет Кудайбергенов алды.
Ызгаардуу кыш мезгилинин бүтөрүнө саналуу гана күндөр калды. Дегеле бул кыш элет элинин эсинде эмнеси менен калды? Кар кандай түштү, деген суроолордун айланасында Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын тургундары менен …
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата 11-класстын окуучулары арасында “Зарница” аскердик-колдонмо оюну өттү.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндө жалпы 186 баатыр эне бар. Аларга мамлекет тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлөт, алардын жашоосу кандай болуп жатканы тууралуу билип көрдүк.
Талас шаарында “Ыйман,адеп жана маданият” жылдын алкагында Талас Мамлекеттик Университетинин жыйын залында кыргыз эл акыны Б.Сарногоевдин 85 жылдыгына карата «Кыргыз деп келгем дүйнөгө,кыргыз деп өтөм дүйнөдөн»деген темада көркөм-маданий кече өткөрүлдү. …