Лейлек районунун Андарак айылында жайгашкан Манас орто мектебинде 31-октябрь күнү Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү кечеси болуп өттү. Ага мектеп окуучулары жана мугалимдери катышты.
Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу «Андарак 2» орто мектебине 2004- жылы КСДП нын депутаттары келип, мектепке спорт зал куруу келишимине кол койгон. 2015- жылдын март айында тийиштүү органдардын өкүлдөрү келип, курулуш …
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “Күз берекеси” атту сынагы болуп өттү. Сынакка 8-класстан 10-класска чейинкилер катышты.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 Кызгалдак балдар бакчасында оңдоо иштери жүрүүдө. Мурунку кабарларыбызда билдиргендей, бала бакча жылуулук системасы жок болгондугуна байланыштуу, кышкысын иш алып барчу эмес.
Муса Баетов атындагы орто мектебинде “Күз берекеси” жумалыгы жыйынынтыкталды. Анда окуучулар менен ата-энелер да жигердүү катышты.
Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде 2-класстын уюштуруусундагы “Адептүүлүк — адам көркү” деген темада ачык сабак өтүлдү. Бул ачык сабакта балдарды адептүү болууга үйрөтүү жөнүндө сөз болду.
Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас атындагы орто мектебинде рэкетчиликти жоюу боюнча талкуу болду. Ага Сумбула айыл аймагындагы мектепердин мугалимдери жана окуучулары катышты.
Ак-Талаа районунун 80 жылдыгына арналган мааракенин расмий бөлүгүнөн кийин оюн-зоок “Адилет” паркында уланды.
Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов орто мектебинин окууучулары маданиятка, тарыхка жана тилге байланыштуу кече, тарбиялык сааттарды өткөрүшүүдө. Бүгүн 6-класстын уюштуруусундагы “Тил улуттун тагдыры” аттуу тарбиялык саат өтүлдү.
Баткен согушунун 17 жылдыгына карата Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде ок атуу боюнча 9-11-класстар арасында мелдеш болуп өттү. Мелдеште Баткен согушунун ардагерлери калыстык кылып, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды.
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 11-классынын окуучулары менен Баткен согушунун катышуучулары 28-окябрда жолукту. Чогулушта окуучулар Баткенде 1999-2000-жылдары болуп өткөн согуш тууралуу маалымат алып, өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти.
Кыргызтандын аймагында өнүккөн айылдар өтө эле аз. Албетте, өнүккөн айылдардын катарын толуктоо үчүн айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү калктын салымы чоң.
26-октябрь Баткен коогалаңынын ардагерлер күнү белгиленип келе жатат. Бул датага байланыштуу Баетов айылында Афган жана Баткен согушунун ардагерлерине арналган айкел тургузулду.
Суусамыр айылындагы жетим-жесир, кары-картаңдарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө тамак-аш жана көмүр түрүндө жардам көрсөтүлдү.
22-октябрь күнү Күзгү майрамга карата окуучулардын чыгармачылыгын тартуулашты.
«Ыйык Рух» уюму Кызыл-Туу айылынын реабилитация борбору болуп калган. Уюмга 12 жылдын ичинде оор абалдагы адамдар кайрылып кетишет.
Куланак айылынын тургуну Чынара Абдырасулованын жакын арада эле эң алгачкы “Көмүскөдө жашаган чындык” аттуу китеби жарык көрдү. Кененирээк биз Чынара айым менен китеп тууралуу маектештик.
Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде «Ким? Эмне? Кайда?» интеллектуалдык сынагы болуп өттү. Ага 8-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышып, бүтүрүүчүлөр биринчи орунду алды.
Ак-Талаа району 1936-жылга чейин Тогуз-Тороо району менен биригип, Тогуз-Булак району деп аталып, райондун борбору Дөрбөлжүн айылы болгон. Райондо Ак-Талаа, Тогуз-Тороо, Мыкаачы айылдык кеңештери түзүлгөн.
Швейцариядан алынып келинген өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн Кыргызстанда өндүрүү максатында уюм түзүлүп, Токтоян айылынын айрым тургундары да бул уюмга мүчө болуп, өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн себишкен. Аларга жакшы кам көргөндөрү үчүн эмгектеринин үзүрү кайтып, …