Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин жалпы жылуулук системасы жаңыртылып жатат. Буга чейин мектептин жылуулук системасы кышкы суукта үзгүлтүккө учурап, кыйынчылыктарды туудуруп келген.
Жайыл районундагы Кара-Суу айылынын тургундары кышка даярдык көрүп, керектүү нерселерди жасап алыштыбы? Бул тууралуу билип көрүү үчүн айылдыктардан сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Бердиш бабабыздын 5 уул 5 кызы болгон, балдарынын улуусу Турумбек 32 жашында каза болуп калат. Аталардын айтымында, Турумбек ата балбан киши болгон экен.
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде өткөн «Күзгү майрам» кечесинде балдар кыздардын бетине макияж жасап, калыстар тобунун алдында өз колдору менен түрдүү салаттарды даярдап беришти.
1936-жылы 2-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиуму республикага караштуу жаӊы райондорду түзүү жана айрым райондордун административдик-территориялык бөлүнүшүн өзгөртүү тууралуу указын чыгарган.
Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинде 18-октябрда 9-10-класстардын арасында «Күзгү майрам» кечеси болуп, Токсобаев мектеби жаңы ханзаада жана ханышалуу болду.
Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында 16- октябрь күнү Уу-Жон аттуу жерде 10-класстар арасындагы улак тартыш оюну болуп өттү. Оюнга Кызыл-Жылдыз жана Жерге-Тал айылдарынын мектеп окуучулары катышышты.
Суусамыр өрөөнүндөгү 5 орто мектептин президенттери Суусамыр радиосунун түз эфиринде күч сынашып, “Эң мыкты президент” наамын Кожомкул айылынын Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин президенти Адамаалы Бакыт уулу жеңип алды.
Нурабаев Мирбек Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну. 33 жаштагы Мирбек айылда жеке ишкерлик менен алектенип, чакан дүкөн иштетет.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Карасартов орто мектебинде “Зыяндуу заттардан арылалы” деген темада мектеп парламенти тегерек стол өткөрдү.
Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде класстар арасында “Жаратылыш жана мен” сынагы болуп өттү. Сынакта 9-класстын окуучулары жеңүүчү аталды.
Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинин 9-классынын окуучулары мугалимдер күнүнө карата кече өтүштү. Кечеде тамашалуу оюндар, сценкалар коюлду. Ошондой эле кечеде ардактуу мугалимдер конокко чакырып, аларга сөз берилди.
Түп районуну караштуу Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов мектебинде дублёрлор күнү өтүүдө. Бул күндөр окуучулар мугалимдердин ордуна жакшы билген, жакшы көргөн сабактарын класстарга өтүшөт. Бул дублёрлор күнүнө 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар …
Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде түшүм майрамы болуп өттү. Аталган майрамга 1-класстан 7-класска чейин окуучулар катышышты.
Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинде 12-октябрь күнү ишембилик болуп өттү. Бул ишембиликте башкалардан айырмаланып, мектеп багындагы мөмө-жемиштер терилди.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында жашаган 6-класстын окуучусу Азим Эркинбек уулу грек-рим күрөшү боюнча республикалык деңгээлдеги мелдештерде байгелүү орундарга жетишип келүүдө. Ал бир нече жолу райондун, облустун чемпиону болгон жана …
Салттагыдай эле кыш мезгили жакындаган сайын өткөрүлүүчү жолбун иттерди аттыруу иштери жүрүп жатат.
Бүгүн 14.10.2016-жылы Сүлүктү шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн координациялык Кеңешме бүткөндөн кийин, Кеңешменин бардык мүчөлөрүнүн катышуусу менен шаардын активи: Аксакалдар Соту, Аялдар Кеңеши, Жаштар Ынтымак Коому, мекеме ишканалардын жетекчилери, мечиттердин имамдары …
Сүлүктү шаары боюнча «Улгайган жарандарга камкордук» акциясы уланууда. Учурда депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Каныбек Исмаилов аз камсыз болгон 22 үй-бүлөгө ар бирине 500 кгдан бекер көмүр жеткирип берди.
“Компаньон” банкы түзүлгөндүгүнүн 12 жылдыгына карата Ак-Талаа райондук бөлүмүндө окуучуларга “Ачык эшиктер” күнү өткөрүлдү.