Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Аялдар

Жаңы-Базар айылында миң түркүн дүкөнү ачылды

Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында «Эне-Сай» деген миң түркүн дүкөнү ачылды. Бул дүкөндөн айыл шартына керек болгон буюмдарды табууга болот.

28 Апрель 2016 жыл 18:44

Кызыл-Туу айылынын Умай энеси Бүбүкан Айбашова

Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Бүбүкан Айбашова үч жылдан ымыркайларды эмдейт. Айылдын жаш энелери Бүбүкан апанын үйүн жакшы билишет, ага коңшу айылдардан келип кайрылгандар да бар.

23 Апрель 2016 жыл 11:03

Тасма: Эркин Алтынбекованын мектептеги 35 жылдык эмгеги

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинде 1968-жылдан 2003-жылга чейин Эркин Алтынбекова физика мугалими болуп эмгектенген. Алтынбекова өз эмгеги менен Кыргыз СССРдин эмгек сиңирген мугалими жана көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

21 Апрель 2016 жыл 17:42

Бакай-Ата айылында Калипа Чалованын концертти болуп өттү

Бакай-Ата айылынын маданият үйүндө 19-апрель күнү Калипа Чалованын отуз жылдык мааракелик концертин берди. Концерт билети 100 сомдон сатылды.

21 Апрель 2016 жыл 17:40

«Ак дилден» коомдук уюмунун президенти «Ак кептерде»

Жайыл районунун Жайыл айылында туулуп өскөн Жогорку Кеңештин депутатынын демилгеси менен негизделген «Ак дилден» коомдук уюмдун президенти Бейшеева Назгүл менен болгон маекти сунуштайбыз.

17 Апрель 2016 жыл 21:25

Райондук «Жыл мугалими-2016» сынагынын жеңүүчүсү Гүлмира Абдылдабекова менен маек

Жайыл районундагы «Жыл мугалими-2016» конкурсунун жеңүүчүсү Гүлмира Абдылдабекова тууралуу айтып бермекчибиз.

16 Апрель 2016 жыл 9:03

Кызыл-Суу: Ийгиликтин эрте-кечи жок деген 69 жаштагы акын Салкын Нуркулова

Салкын Нуркулованы 45 мөнөттүк жыйында бир мугалим жалган жалаа жапкандыктан, ал районго ыры менен арызданып кайрылган. Эмгеги бааланып ошондон кийин китеп чыгара баштаган. Учурда каражаты жоктугунан жаңы жазылган китеби басмаканада …

14 Апрель 2016 жыл 20:40

Куланакта «Айыл ажары» сулуулар сынагы болду

Куланак айылында 8-апрель күнү «Айыл ажары» аттуу сулуулар сынагы болуп өттү. Конкурска 9-10-класстын окуучу кыздары катышып, 9-класстын окуучусу Ырыскүл Адамалиева жеңүүчү аталды.

13 Апрель 2016 жыл 15:10

Учкунда «Айыл ажары» сулуулар сынагы болуп өттү

Учкун айылында Нарын районунун «Аракет» тобу уюштурган сынак болду. Аталган топ сегиз айылга барып сулуулар конкурсун уюштурушат.

13 Апрель 2016 жыл 14:49

Видео: Майыптыгы бар кыргызстандык 12 жашынан бери ыр жазып келет

Ош облусунун Кызыл-Булак айылында жашаган Алмакан Таштемирова жарык дүйнөгө келгенден бери I топтогу майып. Бирок ага карабастан ал 12 жашынан бери ыр жазып, алары түрдүү гезит беттерине басылып келет. Эки …

13 Апрель 2016 жыл 11:25

Андарак: Мугалимдер менен дарыгерлердин волейбол беттеши болду

Лейлек районуна караштуу Манас атындагы орто мектебинде 10-апрель күнү мугалимдер жана дарыгерлер арасында “Спорт — ден-соолуктун булагы” аталышындагы волейбол мелдеши өткөрүлдү. Бул мелдеште мугалимдер дарыгерлерден алдыга озуп чыгып, ийгилике жетишти.

11 Апрель 2016 жыл 15:53

Куу-Майдан айылына даарылоочу аппарат келди

Ноокат районунун Куу-Майдан айылына даарылоочу аппарат келди. Бул аппарат белге, бутка, бөйрөк, гемморой ооруларына шыпаа болуп, денедеги туздарды тер аркылуу чыгарат. Негизинен бул аппарат пар сыяктуу. Анын ичине тушкөн адам …

7 Апрель 2016 жыл 23:42

Баетовдун орус тилинде ыр жазган жаш тургуну Адинай

Адинай Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу. Ал азыркы убакта орус тилинде ыр жазат. Анын көптөгөн чыгармалары бар.

7 Апрель 2016 жыл 15:57

Баетов: Бир үйдө 12 адамды пенсиясы менен баккан Ырысбү апа

Баетов айылынын тургуну Мамбетова Ырысбү учурда 5000 сом пенсиясы менен уул-келинин жана 9 небересин багып келет. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып жумушсуздук үчүн берилчү жөлөк пул да кыскарып калган. Апанын …

7 Апрель 2016 жыл 14:45

Мугалимдердин республикалык кароо-сынагында Баетовдун мугалими баш байгени багынтты

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлбарчын Мамытбекова “Тарых жана маданият жылына” жана “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын эки жылдыгына арналган мугалимдердин республикалык кароо-сынагында “Даанышман мугалим” номинациясында 1-орунду жеңип алды.

4 Апрель 2016 жыл 13:37

Ставрополь айылынын ФАПы тууралуу маалымат

Бүгүнкү чыгарылышта Жайыл районундагы Ставрополь айылынын фельдшердик акушердик пункту (ФАП) тууралуу маек куруп беребиз.

3 Апрель 2016 жыл 11:08

Кара-Сууда Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу тасма көрсөтүлдү

Кыргыздын атактуу актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева жана анын агасы Нуркан Турсунбаев тууралуу айытып бермекчибиз.       Кара-Сууда Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу тасма көрсөтүлдү

1 Апрель 2016 жыл 21:12

Бакай-Ата районунда “жаз периси” атту сынак болуп өттү

Бул сынак Бакай-ата айылынын маданият уйундо 10-мартта кыздар арасында болуп өттү. Сынакка В.И.Ленин атындагы мектептин 9,10,11 классында окуган кыздары катышты. Сынак жогорку денгээлде өтүп кыздар өз өнөрлөрүн  кенен тартуулай алышты.Сынактын  негизги максаты кыздарды жоопкерчилике …

29 Март 2016 жыл 18:29

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев Тасмадыгы самын жамаатына кызыкдар

Түп районундагы Тасма айылынын “Бугу-Эне” самын жамаатына Жыпар Жекшеев келип таанышып кетти. Бул кичи ишкана туристерди тартуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк экендигин айтып, аталган жамаатты өнүктүргөгө жардам берээрин билдирди.

29 Март 2016 жыл 6:18

Жал айылындагы чебер айым Бүбүзуура Ажымүдүнова

Бубузуура Мукараповна  45  жылдан бери  мугалимдик кесипти   аркалап келет.  Ал эми  узчулук, чеберчилик өнөрүн 12 жашынан баштап үйрөнүп, азыркы учурда  көптөгөн сыйлык граммоталардын ээси. Аты аталган чебер айым  узчулук өнөрдү …

23 Март 2016 жыл 14:33

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...