2022-жылдын 10-августунда «Устат-шакирт борборунун» режиссерлору Илгиз Жунусов жана Өмүрбек Бостонов окуучуларды Нарынга экскурсияга алып барып келишти. Ал жактан окуучулар Агахан(УЦА) университетин, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрын …
Рават жайлоосу Кызыл-Үңкүр айылынан 140 км алыстыкта жайгашкан. Ага жалпы 100дөн ашуун малчы отурукташкан. Жайлоочулардын жашоосу маалым болгондой эртең мененки саат 5тен кечке чейин мал менен алек.
40-50 жыл мурун курулган убактылуу дааратканалар Окуучулар мектептердеги дааратканага айла жоктон барарын, кол жуучу жайдын жоктугун айтып нааразы. Себеби өлкөнүн аймактарындагы дээрлик көпчүлүк мектептерде 40-50 жыл мурун курулган дааратканаларды колдонушат. …
Эненин сүтү жаңы төрөлгөн ымыркайларды керектүү азыктар менен камсыз кылуунун эң жакшы жолу. Эмне себептен эмчек эмизүү маанилүү, эмнеге кээ бир аялдарда сут жакшы чыкпайт, малдын сүтүн бергенге эмнеге болбойт …
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебине окуучуларды даярдоо класстарына каттоо башталды. Каттоо 2022-жылдын 25-августуна чейин онлайн жүргүзүлөт. Ал эми онлайн каттоого мүмкүнчүлүгү жоктор же каттала албагандар 1-августтан баштап мектепке …
Нарын районуна караштууКуланак айылынын кичинекей тургуну Саламатов Нурэл 2 класстын бүтүрүүчүсү. А.Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучусу келечекте бийчи болууну каалайт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Тогуз-Торо районунун жамааттык радиосунун угуучуларынын суроолоруна жооп берди.
Ак-Талаа районундагы Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепканалар тармагынын балдар бөлүмүндө жайкы каникулда балдардын убактыларын пайдалуу өткөрүү, китепке кызыктыруу максатында жайкы лагерь уюштурулду.
Ак-Талаа районунда кырсыктарды алдын алуу, коопсуздук сактоо, адам өмүрүнө зыян келтирбөө максатында кооптуу жерлерде кошумча дагы эскертүү көрнөктөр орнотулуп, эскилери жаңыртылды.
Ак-Талаа районундагы Дербишкан Ажиев атындагы айылдык клубда Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын артисттери балдар үчүн “Шайыр, күлкүлүү вакцина” аттуу оюнду тартуулашты. Театр ЮНИСЕФтин колдоосу менен даярдалгандыктан акысыз көрсөтүлдү.
Ак-Талаа районундагы Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин эшик-терезелеринин эскилиги жетип, жылуулук системасы имаратты талаптагыдай жылыта албай калган. Жакындан бери түрткү берүүчү гранттын эсебинен оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул үчүн мамлекеттен …
Нарындын Ача-Кайыңды айылында алгачкы жолу тикени жок чычырканак, карагат жана валериана өстүрүлүп жатат. Бул ишти долбоор аркылуу аталган айылдын тургуну Бегайым Мурзалиева баштаган. Анда 8 үй-бүлө 400 түп карагат, 500 …
Жайкы каникулда мектеп окуучуларында сүйүктүү иштери менен алектенүүгө бош убакыт кенен болот. Бирок, көп учурда ал гаджет менен же телевизордун аңдайында күн боюу отуруп алардын активдүүлүгу төмөндөа, уйкунун жетишсиздигине айланат. …
Ак-Талаа районунда быйыл эки жайлоо бала бакчасы иштеп, анда 80 бала тарбияланды. Чолок- Кайың айылынын К. Касымалиев атындагы бала бакчасы Кашка Суу жайлоосунда, ал эми Кара-Ой айлындагы “Адис-Адилет” бала бакчасы …
Сокулук районунун Жаны-Жер айылында жайгашкан №43 Кесиптик лицейдин окуучулары жана иштеген коллективи “ этнокейтеринг”тейлөө кызматынын уютурушууда. -“Этнокейтерингдин” негизги артыкчылыгы- мобилдүүлүк жана жагымдуу жакшы маанай тартуулап, кыргыз көчмө ашканасын жайылтуу,кыргыздын конок …
Жаңы-Жер айылы боюнча быйылкы жылы жайкы лагерге 10 өспүрүм жөнөтүлдү. Алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жетим, томолой жетимдер. Алардын 10 күндүк баасы бери дегенде эле ар бир балага 7200 …
«Демилгелүү Жаштар» КФ жана «Демилгелүү Жаштар»долбоорунун алкагында «АгаХан» уюм тарабынан каржыланып,Кочкор айылынын айыл өкмөтүнүн колдоосу менен балдар оюн аянтчасы жасалып, бүгүн салтанаттуу ачылышы өттү. Ачылыш аземине Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын …
Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кожо-Арык айылында жаңы бала бакчанын курулуш иши башталды. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы. Мухаммед Маадынын өкүлдөрү демөөрчүлүк көрсөтөт. Айыл өкмөт тарабынан 5 тонна цемент бөлүнөт. Курулуш иши сентябрь …
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан Ак-Талаа районндагы Көк-Жар айыл аймагынын Ак-Кыя айылындагы 100 орундуу «Келечек-Муун балдар бакчасы ашкана жабдыктар, эмеректер жана оргтехникалар менен камсыз болду.
Нарын районуна караштуу Куланак-Учкун айылдарында окуу жылынын башында «Эң мыкты класс» сынагы жарыяланган. Класстарды алардын билим сапатына, коомдук иштерге катышына жана үлгүлүү жүрүм-турумуна карашат.