Лейлек районуна караштуу Сумбула айылына жаңы кичи футбол аянтчасы курулууда. Буга чейин айылда мындай аянтча болбогондуктан футбол сүйүүчүлөр Лейлек районунун борбору Исфана шаарына барып ойноп келчү.
Лейлек районундагы Сумбула айылында окуучулар жайкы каникулду кандай өткөрүп жатышат? Бул суроо менен мектеп окуучуларына жана ата-энелерге кайрылып көрдүк.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 10-класста окуган Хамзамон велосипед оңдоп, каражат жагынан үй-бүлөсүнө жардам берет. Ал күнүнө он велосипед оңдойт.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын талааларында каракурт көбөйдү. Быйыл каракурттан жабыркагандардар каттала элек. Өткөн жылы төрт адам жабыр тарткан.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын жайлоолорунда быйыл мал өлүмү көп катталууда. Бул илдеттерге каршы вакциналардын жетишсиздигинен улам болууда.
Сумбула айыл аймагынын Айна-Таш жайытында 8-июль күнү “Картошка талаа күнү” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга ар кандай уюумдар, райондун, айыл өкмөттөрүнөн келген фермер-дыйкандар катышты.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Андарак, Искра айылдарына «Кыргыз телекомдун» демилгеси менен кабелдик интернетке туташтыруу иштери жүрүп жатат. Кабелдик интернет август айынан баштап иштейт.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында тезек кургатуу иши кызуу жүрүп жатат. Айылда кыштын узак болгондугуна байланыштуу отун көп керектелет.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында күндүн ысып кеткенине байланыштуу быйыл чөп чабык иштери эрте башталды. Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн жер адиси Бахридин Өмүрзаков билдирди.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында быйыл өрүктүн түшүмү жылдагыдан мол болду. Учурда айыл тургундары бактарындагы өрүктүн түшүмүн жыйнай баштады.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Исфана-Андарак-Көк-Таш жолунун 600 метрине сентябрга чейин асфальт төшөлөт. Ал эми Андарак айылындагы ар бир үйгө таза суу киргизилет.
Жамааттык маалымат каражаттарынын ассоциациясы «Немец толкуну» академиясынын колдоосу менен 2017-жылдын 24-25-26-27-28-июль күндөрү «Мультимедиялык журналистика» багытында Ысык-Көлдүн жээгинде жамааттык маалымат каражаттарынын ыктыярчы, жарандык журналисттери үчүн жайкы мектеп уюштурат.
Бүгүн Бишкек шаарында «Шаарлар форуму 2017» башталды. Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын башчысы Сапар Исаковдун катышуусу менен өтүүдө.
Ардагердин ак батасын алган шаардын жетекчилеринин катары уланууда. Бүгүн 9-май Улуү Жеңиш майрамын салтанаттуу белгилөөнүн алдында Сүлүктүдөгү «Кызыл-Булак» көмүр өндүрүүчү компаниясынын жетекчиси, коомдук ишмер, «Эл сүйгөн жетекчи 2016» номинациясвнын жеңүүчүсү …
Туптуура эки жыл мурда «Кызыл-Булак» шахтасынын директору, коомдук ишмер Исманали Карабаев тарабынан Сүлүктү шаарынын Элмуратов өз алдынча башкаруу аймагына Улуу ата мекендик согуштун катышуучулары үчүн аллея ачылган.
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 9-май Улуу Жеңиш майрамын белгилөө үчүн даярдыктар көрүлүүдө.
9-май Улуу Жеңиш майрамын Сүлүктү шаарындагы №1- жана №2-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медицина кызматкерлери үлгү болорлук аракеттери менен күтүп жатышат. Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директору, саламаттыкты сактоонун отличниги Ибрагимов …
Бүгүн 08.04.2017- жылы Сүлүктү шаарындагы №9- мектеп-гимназиясында, новатор педагог Гапыр Мадаминовдун «Ата-энелер сиздер үчүн» китебинин негизинде Мыкты Эне конкурсу болуп өттү. Конкурска Гапыр Маматкулович өзү, Сүлүктү шаарынын вице-мэри М.Э. Сапаркулова, …
Бүгүн Баткен облусунун Сүлүктү шаарында саат 10дон баштап 7-апрель тычтык митинги өтүүдө. Митингге миңден ашуун шаар тургундары катышууда.
Клооптун 2016-жылы уюштурган «Кыш», «Жаз-1», «Жаз-2», «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль+кошумча убакыт) аралыгында сынак …