Лейлек районундагы Андарак-Исфана жолунун эки капталы таштандыга толуп калганын байкоого болот. Бул боюнча Лейлек району жана Сүлүктү шаары боюнча экология жетекчиси менен маек курдук.
Лейлек районунун борбордук мечити толугу менен оңдолуп бүтөөр алдында турат. Оңдоп-түзөөгө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мурат Жураев демөөрчү болгон.
Исфана шаарында жаңы “Одноклассники” аттуу кафе өз ишин баштады. Жакшы шарттагы кафени Орусияда иштеп келген мекендештерибиз түптөдү.
Лейлек районундагы Сары-Дөбө айылынын тургуну Бабабек Умурзаков өзү ACTED уюмуна кайрылып, алардын жардамы менен жем даярдоочу станок алган.
Лейлек районундагы Сары-Дөбө айылынын тургуну Нургазы Исмановдун демилгеси менен түптөлгөн тамчылатып суугаруу долбоору иштеп жатат. Бул жерди курууга Германия кызматташтык уюму колдоо көрсөткөн.
Сумбула айыл өкмөтүндөгү Сары-Дөбө айылында жаңы намазкана курулуп, 26-март күнү колдонууга берилди.
Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүндө малды идентификациялоо иштери жүрүп жатат. Учурда Андарак айылынын мал докторлорунда малдын кулагына басылуучу биркалар калган эмес.
Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүндө жайгашкан Манас орто мектебинин кол жуучу жайы курулгандан бери иштебей келет. Окуучулар кыштын чилдесинде да колдорун муздак сууга жууп жүргөн.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндө акысыз медициналык текшерүү жүрүп жатат. Элет элин акысыз текшерүү демилгесин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) 4-курсунун студенттери, Сумбула айыл өкүмөтүндөгү мектептердин бүтүрүүчүлөрү: Кожомкул Топчубай …
Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүнүн борбордук стадионунда 24-март күнү мектептер арасында футбол боюнча зоналык мелдеш болуп өттү. Ага 5 мектептин балдар командалары катышты.
21-март күнү Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын борбордук стадионунда Нооруз күнүнө карата футбол боюнча айылдар арасында мелдеш болуп, ага айыл аймагынан төрт команда катышты.
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында 21-март күнү Нооруз майрамына карата “Шайыр келиндер” сынагы өткөрүлдү. Анда Сары-Дөбө айылындагы келиндерден куралган “Байчечекей” жана “Аруузат” топтору жарышышты. Жыйынтыгында “Аруузат” командасы жеңишке жетишти.
Эл сүйгөн жетекчи барбы? Ушул суроо көпчүлүк окурмандарыбызды ойлондурбай койбосо керек. Анткени массалык маалымат каражаттарында, Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал жетекчилерибиз жөнүндө аркандай пикирлер жарыяланып жүрөт. Көрсө Элдин уучу куру …
Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүндө 15-март күнү “Сумбула периси 2017” кароо сынагы болуп өттү. Сынакка айыл аймагына кирген төрт мектептин окуучу кыздары катышты.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жайгашкан Достук клубунда эки китепкана жаңы эмеректер жана китептер менен камсыздалды. Бул туурасында китепкана жетекчилери билдиришти.
Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинин “Мектеп театры” облустук турга 10-март күнү катышып келишти. Сынакка алты мектеп катышып, бирок Манас мектебинин окуучулары республикалык баскычка өтпөй калышты.
Клооптун 2016-жылы уюштурган «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль) аралыгында сынак үчүн өз …
Азыркы илим менен техника кеңири кулач жайган учурда китептен маалымат алууга караганда интернеттен маалымат алуу актуалдуу болуп калды. «Акыркы мезгилдерде окуучулардын китепке болгон кызыгуусу кандай?» деген суроонун айланасында Лейлек районуна караштуу …
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында жазга даярдык иштери башталды. Элет элинин басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен алектенгендиктен жазында суугат суу маселеси көйгөй жаратып келчү. Ушуга байланыштуу учурда суу түтүктөрү оңдолуп жатат.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүнүн Манас атындагы орто мектебинде 25-февраль күнү спорттун теннис жана кол күрөш түрү боюнча зоналык спартакиада болуп өттү. Буга чейин спорттун волейбол, шахмат, тогуз коргоол …