Иш чарага Үч-коргон айылынын тажик жана орус тилдүү орто мектептеринин окуучулары катышты. Алар кыргыз тили боюнча ар кандай таймаштарга катышып, билимин сынашты.
Фестиваль айылдагы Пушкин орто мектебинде болду. Азиза Садиржанова аталган мектептин тарбиялык иштер боюнча организатор завучу. Бул фестиваль кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун алгандыгына карата өткөрүлүп, мында ар кандай ма
Исфайрамдын жээгинде жайгашкан чайканалардын шарты жакшы болгондуктан коңушу мамлекеттер Өзбекстан жана Таджикстандан мурда эс алуучулар келип турганын айтат, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн экономисти Марасулов.
Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун (КГПИ) биология жана педагогика факультетинин мугалимдери жана студенттери Абшыр-Атада бир апталык практикада болушту. Май айынын аягындагы бул практиканын жүрүшүндө алар өсүмдүктөр менен таанышып, гербайрийлерди жасаган.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында тынчтыкты сактоо жана толеранттуулукту жаюу үчүн айыл тургундарынан турган топтор түзүлдү. Төрт күндүк семинарга аталган айылдык аймакка кирген кыштактардын жашоочулары катышып, анын жыйынтыгында диний агымдар жана чек ара маселелери боюнча иш алып барчу топтор уюшулган.
Үч-коргондогу багбандардын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл гилас терүү сезону жакшы башталды.
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын педагогикалык адистиктердеги окутуучулары үчүн окуу куралы. Бүтүн чыгарманы жүктөп алыңыз
Манкан баатыр — кантип эшек жолборсту алдады силер ушул жомоктон билип аласыңар.
Пил жөнүндө жомок — бул жомок чоң жаныбар жана жакшылык менен жамандык күрөшү жөнүндө айттып берет.
Жомоктор кыргыз жана орус тилдерди үрөнгөнгө жардам берет.
Дагы башка чыгыш элдердин жомокторун http://bizdin.kg/ веб-сайттынын, http://bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/mankan_baatyr.pdf шилтемесинен табып аласыңар
Ал «Манас» айтуу аркылуу бир гана Кыргызстанда эмес, башка мамлекеттерде да таанымал болгон. Биздин Уч-Коргон медиа борборубуздун кабарчысы Атабек Арипов, Шохрухтун кандайча “Манас” айтууга кызыгып калганын билүү үчүн аны менен маектешип келген. Төмөндө ошол маегибизди сунуштайбыз.
Уч-Коргон айылына караштуу Манас-Ата орто мектебинде билим алган балдардын ата-энелери бүтүрүү кечесине карата чогултулган акча каражатынын өлчөмүнө нааразычылыктарын билдиришти. Окуучулар өздөрү демилге көтөрүп мектепке салым кошолу деп чечишкен, дейт мектеп администрациясынан.
Баткен облусунун, Үч-Коргон айлынынын жамааттык мультмедиа борборунун өкүлдөрүнө 2014-жылдын 26-27-майында жарандык журналистика атуулдук көз карашты калыптандыруу деген аталыштагы семинар өткөрүлдү. Окууну Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин профсоюзунун жетекчиси Мэри Бекешова өттү. Окууда жарандык журналистика деген эмне жана журналистиканы өнүктүрүү жолдору, мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат алдык.
27-майда айыл окмоттун кенсесинде жыйын болуп оттуп, айыл окмоттун орун басары Якубова Мастура Камбаровна, айыл окмотунун кызматкери Азиз Нурмаматов жана ЮНЕСКО уюмунун олулу Валентина Галичтин катышуусунда жыйын болуп отту. Жыйын Уч-Коргон айылындагы жамааттык медия борборун онуктруу боюнча талкуу болду.
Азыркы учурда балдар Интернет клубдарга барып убактысын коротуп жатышат.Ошол үчүн биз Кызыл-Кыя шаарынын тургундарына суроо узатык.
Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Акбермет менен маектештик
Уч-Коргон айылында азыркы убакта элдин көпчүлүгү арыктан суудан ичет. Бирок, ал суунун тазалыгы күндөн күнгө начарлап барат. Бул айыл тургундарынын ден соолугуна чоң коркунучтарды туудурат.
Уч-коргон айыл аймагына караштуу Калтак айылынын тургуну Эркин төрт жылдан бери кулпунай өстүрүп бизнесин өнүктүрүп келе жатат.
Уч-коргон айыл аймагынын айылдарында жумушсуздуктун айынан ата-энелер өз балдарын кароосуз таштап кетүүгө мажбур болууда. Андай үй-булөлөр жылдан жылга көбөйүп жатат.
«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды
Кадамжай районуна караштуу Уч-коргон айылында “Колосок” балдар бакчасы совет доорунан бери кызмат көрсөтүп келет. Жалпы эле айылдагы таза суу көйгөйү учурда балдар бакчасына да терс таасирин тийгизүүдө. Бакчанын кызматкерлери курулган суучоргосун (Колонка водопроводная) иштетип берсе дешет.