Ак-Талаа районунун аймагында быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 11 өрт кырсыгы катталып, 9 214 94 сомдук социалдык экономикалык чыгымдарды алып келген.
Ак-Талаа районунда окуучулар арасында өрөөндүк предметтик олимпиада болуп өттү. Жылдагыдай аталган олимпиада Н.Жыргалбекова, Ш.Бейшеналиев жана Ж.Сатылганов атындагы орто мектептеринде болуп, алдыңкы окуучулар 10 предметтен билимдерин сынашты. Жыйынтыгында 1-өрөөн боюнча Э.Мейманов, …
Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаттары Жогорку Кеңешке барып, «Республика- Ата-Журт» фракциясынын депутаттары менен жолугушту.
Ак-Талаа районунда 3-декабрь «Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө» карата 111 адамга 77700 сомго алынган азык-түлүк таратылып берилди. Бул иш чара райондук маданият үйүндө уюштурулду.
1-декабрь — «Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү» күнүнө карата Ак-Талаа райондук маданият үйүндө райондук «СПИД» борбору менен биргеликте иш- чара болуп өттү. Бул иш чарага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын …
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Чыңгыз Айтматов – жер шаарынын атуулу» республикалык сырттан өтүүчү видеороликтер (видео сюжеттер) сынагына Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинин да окуучулары активдүү катышышты.
Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 27-сентябрда болуп өткөн ата-энелер чогулушунда окуучуларды сабак учурунда уюлдук телефонго алагды болуусунан арылтуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, ата-энелердин макулдугу менен окуучуларга сабак учурунда уюлдук телефон колдонуусуна …
17-ноябрда Бейшеналиев атындагы орто мектебинде «Аракет» фонду тарабынан кыргыз тили, англис тили, математика сабактары боюнча олимпиада болуп өттү. Олимпиадага райондун 18 мектебинен келген 4-11-класска чейинки окуучулар катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын Калмурат атындагы маданият үйүндө манасчы, төкмө акын Сейнелов Рыскулдун эскерүү кечеси болду. Эскерүүгө анын замандаштары жана айылдын ак сакалдары келип катышышты.
15-ноябрда Куртка айылында 1987-жылкы мырзалар арасындагы кезектеги шерине волейбол оюну болуп өттү. Аталган оюнга Жогорку-Май, Тоголок-Молдо, Куртка (Жаңы-Талап), Ак-Кыя айылдарынан 4 команда күч сынашышты.
15-ноябрда Султангазиев атындагы маданият үйүндө маданият күнү белгиленди. Райондун акими Н.Молдокадыров 2-ноябрь маданият күнү Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине туш келип калгандыгына байланыштуу майрам 15-ноябрда өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп, майрамдык салтанатты …
Бейшеналиев атындагы орто мектебинде окуучулар арасында спорттук мелдеш болуп өттү. Аталган спорттук мелдешти «Ак-Талаа жаштар коому» бирикмеси окуучулардын ден-соолугун чыңдоо, убактысын туура пайдаланууга жана сергек жашоого үндөө, кылмыштуулуктан арылтуу, ошондой …
Бүгүн, 15-ноябрда Нарын районуна караштуу Учкун айылында Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын утурлай «Чыңгыз Айтматов ааламга адамдын мыкты белеги» аталышындагы мугалимдер арасында конкурс болуп өттү. Аталган конкурска беш айылдын …
8-ноябрь күнү Ак-Талаа районундагы Баетов айылында борбордук мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш азем Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев, Ак-Талаа районунун акими Молдокадыров Нурбек, айыл өкмөт башчы Талантбек Турусбеков, дин …
Баетов айылынын 90 жылдыгына карата улуттук оюндардын 7 түрү боюнча мелдеш өттү. Алар кыргыз күрөш, тай чабыш, кунан чабыш, жорго чабыш, аламан байге, көк бөрү жана эр эңиш.
Султангазиев атындагы маданият үйүндө Баетов айылынын 90 жылдыгына арналган концертке айыл тургундары күбө болушту. Концертке Ак-Талаадан чыккан таланттуу алып баруучу, куудул Жакут Сыдыков алып баруучу болуп, элдин көңүлүн көтөрдү.
6-ноябрда Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Султангазиев атындагы маданият үйүндө Баетов айылынын 90 жылдыгына арналган чогулуш болуп өттү.
2018-жылдын 10-сентябрынан баштап БУУ, Кыргызстан жаштар уюму жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү биргеликте «Адам сатууга 100 күн» акциясын уюштурушкан . Акцияда жер жерлерде ар кандай конкурстар, флешмоб, дебат, конференциялар, спорттук мелдештер, …
«Нова» билим берүү мекемеси 25-октябрда окуучуларды жалпы республикалык тестке даярдоо максатында тест жүргүзүштү. Тест Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде өттү. Ага Ак-Талаа районундагы мектептердин 10-11-клаассынын окуучулары катышышты.
Быйыл Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылына 60 жыл толду. 60 жылдыкка карата көптөгөн иш чаралар, спорттук оюндар, ачылыштар болду.