Кулатов айыл аймагындагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинде 23-сентябрь Кыргыз тили күнүнө карата даярдыктар башталды. Окуучулар тарабынан чыгармалардан үзүндү, көркөм окуу, ыр, бий даярдалып жатат. 23-сентябрь күнү салтанат болуп, райондон жана …
Кулатов айыл аймагындагы Т.Айбашев мектебинде китепкана бир класста орун алган. Анын ичине китептер батпай, окуу залы дагы жок болчу. Айыл өкмөтүнүн жардамы менен китепкананын жаңы корпусу курула баштады.
Учурда аз кандуулук менен ооруган адамдар аз эмес. Кулатов айыл аймагында дарыгерге кайрылган бейтаптардын үчтөн бир бөлүгүндө аз кандуулук аныкталат. Бул тууралуу №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Тургунали кызы Перизат …
Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда күзгү талаа иштери аяктап калды. Бирок толугу менен бүтө элек. Тоодон эрте келген малдар түшүмү жыйналып бүтө элек талаага түшүп жатышат.
35 жаштагы Асаями Котоми жапон улутундагы айым. Ал Кыргызстанга ыктыярчы болуп келген. Котоми кыргыз тилинде эркин сүйлөйт. Кыргыз жерин Жапон элине таануутуну каалаган ыктыярчы туризм агенттигин уюштурган. Бул менен чектелбестен …
15-сентябрда Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында «Зордук-зомбулукка каршыбыз» аталышындагы семинар өттү. Семинарга Кочкор райондук администрациясынын башчысынын орун басары, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, прокуратура өкүлдөрү, соц.педагогдор, мектеп мугалимдери, окуучулар …
Жаз айларынан баштап күз мезгилине чейин адамдар жайлоого чыгып, тиричилик кылып келишет. Жылдан жылга жайыт жерлер азайып, чөп чыкпай такыр калган жер тилкелеринин саны күн санап өсүүдө.
Нарында студенттер күнөскананын нымдуулугун, жылуулугун текшерип туруучу электрондук аппаратты курап чыгышкан. Мындай аппарат адамдын кароосу жок эле күнөскананы өзү сугарып, өзү жылытып турат. Нарында мындай автоматташтырылган аппарат алгачкы жолу жасалды.
Соң-Көлдүн балыктары акыркы жылдары сатыкка чыкпай калган, анын бирден-бир себеби, көлдө балыктардын азайышы, ал гана эмес дээрлик жокко эсе болуп калышы. Жана ушул өндүү маалыматтар менен бүгүнкү «Соң-Көл баяны» подкастыбыздын …
Ак-Талаа районундагы 1984-жылы пайдаланууга берилген Келте-Чап жөнгө салуу бассейни (БСР) акыркы жолу 2006-жылы тазаланган. Бассейндин суусу менен 197 га Баетов айылындагы бакча (огород), мындан сырткары 40га айдоо аянттары сугарылат. Ал …
Ак-Талаа районундагы Баетов айылына “Катар” кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен заман талабына ылайык жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилгени аз убакыт болду. Мечиттин ачылышына уюмдун мүдүрү Фирас Аль Хасавна катышып, таза суу …
13-14- сентябрь күндөрү Бишкек шаарында төрт максаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин …
Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Асанбекова Жибек «Нужен ли русский язык Кыргызстану» аталышындагы конкурста эссе жазып, баш байгеге ээ болгон. 14-22-август аралыгында Москва шаарындагы «Привет, Россия» фестивалына 10 …
14-сентябрь күнү «Соң-Көл» мультимедиа борборуна жаңы ыктыярчылар кабыл алынып, аларга медиа-тренинг өткөрүлдү.
Соң-Көлдөгү жайыт маселеси бүгүнкү күндүн көйгөйү, малдын көп сандап келиши жерлерди боз топуракка айлантып, такырлантууда. Бул маселени чечүүдө мамлекет дагы кайдыгер карабашы керек. Бул боюнча бүгүнкү коногубуз Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин …
Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында сүттү кайра иштеткен чакан ишкана ачылды. Ишканада 8 кыз-келин эмгектенет. Ишкананын негизги максаты калкты таза сүт азыктары менен камсыз кылуу жана жумуш ордун түзүү. Бул …
«Соң-Көл баяны» подкастыбыздын 4-бөлүгүндө көлдү байырлаган канаттуулар, алардын акыркы мезгилдерде сейрек кездешип бара жатышынын себептери жөнүндө маалымат аласыздар. Берүүнү Айпери Марлес кызы алып барат. Берүүнүн коногу Каратал-Жапырык коругунун директордун орун …
Чолпон Кулсариева дээрлик кырк жыл Суусамыр айылдык ооруканада мед айым болуп эмгектенип, пенсияга чыккан. Азыркы учурда ал элге жугуштуу оорулардын алдын алуу маалыматын ар бир үй, ар бир мектепке барып …
Чолпон айылынын тургуну, эл агартуунун отличниги, тарых мугалими Галия Сыдыкова үй- бүлөсү менен көптөгөн иштерди аркалап келишет. Бул айым балдарга билим берүүдөн тышкары үй-чарбачылыгы, багбанчылык, бөлмө гүлдөрүн өстүрүү менен да алектенип …
«Даам» подкасты улуттук тамак-аштар, унутулуп бара жаткан кыргыз ашканасы жөнүндө маалымат берет.Подкастты Кочкор районунун Төлөк айылындагы «Соң Көл» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысчы Айпери Айбек кызы даярдап алып барат. Подкасттын 2-сериясында …