Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Төлөк айылына 40 балаты алынып келди

Төлөк айылына атайын Токмок шаарынан балатылар алынып келинди. Балатылар айылдык мекемелерге таркатылды.

4 Май 2021 жыл 14:46

Мугалимдин салымы-окуучулардын ийгилиги

Кочкор районунун Төлөк айылынын «Соң-Көл» орто мектебинин окуучулары англис тили сабагынан онлайн курска катышып, ийгилик жарата алышты.

4 Май 2021 жыл 14:43

Адинай Керимова: “Чек-ара чырынан кийин жаштарда жоопкерчилик дагы күчөдү”

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдан улам жабыр тарткандарга жардам берип жаткандар арбын. “Баткенге жардам” аталышындагы акция өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында уланууда. Бул окуяга ыктыярчылык кылып жаткан Адинай Керимова 24 …

4 Май 2021 жыл 13:57

Жаны-Жерде капусталар таштандыга төгүлүүдө

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында капуста өстүргөн дыйкандар чыгым тартууда. Быйылкы жылы коңшу өлкөлөрдөн капуста алуучу кардарлар аз келишкендиктен, капустанын баасы өткөн жылга салыштырмалуу өтө эле арзан болду. Бирок капустаны пайдалуу …

4 Май 2021 жыл 10:13

Жыл мугалими-2021 сынагы Сокулукта өттү

Чүй облусунун Сокулук районундагы элүү мектептин ичинен он мектептин мугалимдери ат салышкан  «Жыл мугалими – 2021» кароо сынагы болуп өттү.

4 Май 2021 жыл 9:21

Аудио: Депутат жергиликтүү кеңеште жана анын органдарында кандай укуктарга ээ?

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешине шайлоодо жалпы жүз талапкер ат салышкан. Анын ичинен 31 депутатка мандат берилээри айтылды. Алардын  13ү аялдар. Депутат жергиликтүү кеңеште жана органдарында кандай укуктарга …

2 Май 2021 жыл 22:26

Төөнүн артыкчылыгы-кышкысын кол карабайт

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 36 жаштагы тургуну Муса Күреңкеев 20 дан ашык төө багып келүүдө.

1 Май 2021 жыл 22:41

Учкун айыл өкмөтүндө салык аз чогулду

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө жалпысынан 30% гана салык чогулду. Салыктан чогулган акча жергиликтүү бюджеттин өзөгүн түзөт.

1 Май 2021 жыл 16:14

Мектеп директору жергиликтүү кеңештин депутаты боло алабы?

11-апрель күнү Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Ар шайлоо сайын «ким депутат боло алат?» — деген суроо жаралып келет. Алардын бири: мектеп директору мыйзам боюнча жергиликтүү кеңештин депутаты …

30 Апрель 2021 жыл 23:17

Дары-Булак айылынын Котур Булак сайы тазаланды

Ноокат районунун Дары-Булак айылында сел коркунучунун алдын алуу максатында Котур Булак сайы тазаланды. Тазалоо ишине жергиликтүү бюджеттен 45 миң сом каралган.

30 Апрель 2021 жыл 22:35

Жергиликтүү тургундар мал суу ичүүчү жайды оңдоодон өткөрүштү

Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Чоң-Кара-Суу чөлкөмүндөгү мал суу ичүүчү жай оңдолду.

30 Апрель 2021 жыл 20:11

Сүлүктүдө социалдык ишкердүүлүктүн жүрүшү убактылуу токтоду

Акыркы мезгилде Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара айылдарында болуп жаткан окуялар, Сүлүктү шаарынын тургундары үчүн да олуттуу таасирин тийгизүүдө.

30 Апрель 2021 жыл 19:28

Баглан айылында мектеп курулууда

Ноокат районунудагы Кулатов айыл өкмөтүнүн Баглан айылына дагы бир мектеп курулууда. Имарат башталгыч класстардын мектеби болмокчу. Буга чейинки башталгыч класстардын мектеби эскилиги жеткендигине байланыштуу, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы тарабынан каражат …

30 Апрель 2021 жыл 17:46

Жайыт комитети кандай иштерди аткарып жатат?

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагына жети айыл кирет. Жети айылдан 30 ашуун жайыт жерлерин пайдалангандар бар. Ал эми жайыт комитети ишин кандай алып барып жатат? Жайыт жерлер үчүн …

30 Апрель 2021 жыл 16:58

Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы айылдык кеңештин депутаты боло алабы?

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстан боюнча шаардык жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо болуп өткөнү баарыбызга маалым. Ал эми айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы бир эле учурда айылдык кеңештин депутаты боло алабы деген суроого …

30 Апрель 2021 жыл 16:48

Фотобаян: Сакмал же Сакман мезгили деген эмне?

Сакмал – мал чарбачылыгы менен алектенген кыргыздар үчүн бул түшүнүк кыш айынын аягы жана жаздын башталышындагы мезгилди камтыйт. Өлкөбүздүн айрым жерлеринде болсо, «сакман» деп да колдонулат.

30 Апрель 2021 жыл 14:31

Акталаалык жаш балбан дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды

Ак-Талаа районунун 16 жаштагы балбаны Бердибек Боогачиев грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды.

30 Апрель 2021 жыл 14:22

Китеп окуучулар сынагын өткөрүүнү салтка айлантуу керек

Чолок-Кайың айылынын Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде  «Феникс» китебинин автору, ишкер Кылыч Исамамбетовдун демилгеси жана демөөрчүлүгү менен окуучулар ортосунда «Феникс» китеп сынагы өткөрүлдү. Сынакка катышкан окуучулар «Ойлоншоу» интеллектуалдык оюнунун негизинде …

30 Апрель 2021 жыл 14:20

Аудио: Айылдык кеңеш депутаттарынын билими

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлооcу 11-апрелде болуп ѳттү. Барскоон айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттыгына жалпы элүү жаран талапкерлигин койду. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын билими кандай болуш керек? Барскоон жамааттык мультимедиа борбору бул …

30 Апрель 2021 жыл 12:09

Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына даярдыктар жүрүп жатат

Токтогул району боюнча Улуу жеңиштин 76 жылдыгын салтанаттуу белгилөө максатында айыл аймактарында эстеликтерди актап-сырдоо айланасын тазалоо иштери жүрүп жатат.

30 Апрель 2021 жыл 11:36

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...