Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Куу-Майдан: Нышанов мектебинде «Эки элдин достугу» аттуу иш-чара болду

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде 1-апрелде «Эки элдин достугу» аттуу иш-чара болду. Ага Ноокат шаарындагы Самиев орто мектебинин окуучулары келип, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

1 Апрель 2016 жыл 21:10

Арал: Окуучулар райондук Манасиядага даярданууда

Түп районуна караштуу Арал айылындагы Жеңишбек Ашымов мектебинин окуучулары 4-апрелде өтө турган райондук Манасиядага даярданышууда. Ушул убакка чейин мектеп окуучулары спорттун жети түрү боюнча аймактык олимпиадага катышып, андан тандалып алынган …

1 Апрель 2016 жыл 19:29

Cүрөт: Учкундагы жаз айы

Учкун айылында жаз келип, айлана жашыл түскө боёло баштады. Бирок аба ырайына таянсак, алдыңкы күндөрдө кечинде жаандын жаашы күтулөт жана танга маал токтоп күн ачык болот.

1 Апрель 2016 жыл 17:27

Кара-Суу: Быйыл уй багуунун баасы аныктала элек

Кара-Суу айылындагы эң бир негизги көйгөйлөрдүн бири уйду жаюу маселеси. Эмне үчүн жаз келгенде уй жаюу чоң маселеге айланат, уй жайганга бадачылар араң табылат?

1 Апрель 2016 жыл 12:53

Кара-Суу: «Ак кептер» долбоору ишке аша баштады

Жакында биздин айылдын мультимедиа борбору Клооп медиа менен бирдикте өзүнүн биринчи долбоорун утуп 1000 долларга ээ болду. Кененирээк маалыматты борбордун ыктыярчыларынан алсак.

31 Март 2016 жыл 20:37

Ташчайнар Тасма айылына талантын тартуулады

Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебине Ташчайнар деген ат менен белгилүү болгон Нурлан Алишеров өз элине талантын тартуулады. Нурлан 1993-жылы бөйрөгүнөн жабыр тартып, дарыгерлер бир бөйрөгүн алып салышкан, ошондон кийин ага …

31 Март 2016 жыл 19:49

Кара-Сууда жазгы талаа иштери аяктайын деп калды

Кара-Суу айылында жүрүп жаткан жазгы талаа иштери тууралуу айтып беребиз. Кененирээк маалыматты айылдын фермерлеринен жана тургундарынан алсак.       Кара-Сууда жазгы иштер

30 Март 2016 жыл 21:35

Окуучуларга “Өзгөртүнү өзүңдөн башта” атту тренинг болуп өттү

Бул тренинг Бакай-Ата айылынын Ленин орто мектебинде марттын этегинде болуп өттү. Ага Бакай-Атадан тышкары Миң Булак, Наматбек, Өзгөрүш айылдарынан окуучулар келишти.

30 Март 2016 жыл 14:50

Куланакта «Кел, Ноорузум” аттуу чакан кече болуп өттү

Жылдагыдай эле Нооруз майрамында мектепте аластоо болду. Быйыл кеченин өзгөчөлүгүн 7-а классы даярдаган концерт болду.

29 Март 2016 жыл 22:11

Бакай-Ата районунда “жаз периси” атту сынак болуп өттү

Бул сынак Бакай-ата айылынын маданият уйундо 10-мартта кыздар арасында болуп өттү. Сынакка В.И.Ленин атындагы мектептин 9,10,11 классында окуган кыздары катышты. Сынак жогорку денгээлде өтүп кыздар өз өнөрлөрүн  кенен тартуулай алышты.Сынактын  негизги максаты кыздарды жоопкерчилике …

29 Март 2016 жыл 18:29

Тасма спортчулары райондук турнирде 2-орунду ээлешти

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин спортчулары Грек-рим күрөшү боюнча командада 2-орунду алып келишти. Учурда окуучулар жакынкы аралыкта болуучу спартакиядаларга даярданууда.

29 Март 2016 жыл 18:13

ЖАЗ-2016 экинчи журналистика мектебинин катышуучулары

Жамааттык мультимедиа борборлорунун (ЖМБ) кабарчыларына багытталган Клооптун жетинчи журналистика мектеби. Мектеп 2016-жылдын 26-март — 7-май аралыгында Бишкек шаарында болот. Мектепке катышуу мүмкүнчүлүгүнө төмөнкү ЖМБнын кабарчылары сынак аркылуу ээ болгон: 1. Адилия Мундукова, «Токтоян» ЖМБ …

29 Март 2016 жыл 14:07

Куланакта окуучу кыздар “Билерман ордо” оюнун уюштурду

Аралбаев орто мектебинде окуучулар тарабынан даярдалган “Билерман ордо”  оюну болуп өттү. Оюнду Айзат Асанова жана Жылдыз Жолдолдошбекова экөө биргеликте, 9-10 класстар арасында уюштурушкан .

29 Март 2016 жыл 12:27

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев Тасмадыгы самын жамаатына кызыкдар

Түп районундагы Тасма айылынын “Бугу-Эне” самын жамаатына Жыпар Жекшеев келип таанышып кетти. Бул кичи ишкана туристерди тартуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк экендигин айтып, аталган жамаатты өнүктүргөгө жардам берээрин билдирди.

29 Март 2016 жыл 6:18

Тасма: География сабагынан сынак болуп өттү

Түп районундагы Тасма айылынын Асан Сопиев мектебинде география сабагы боюнча таймаш болуп өттү. Бул таймашка 7-а жана б класстары катышып, баардык өткөн темалар боюнча өздөрүнүн билимин сынашты.

28 Март 2016 жыл 8:43

Тасмада аким эл менен жолугушу уюштурду

Түп районунун акими Ишен Кожалиев Тасма айылында эл менен жолугушуу уюштурду. Чогулушка Карасаев айыл окуругунан Тасма, Чоң-Тогузбай, Токтоян айылдарынын тургундары, айылдык кеңештин депутаттары катышышты.

26 Март 2016 жыл 17:28

Кара-Талаа айылында мал ѳстүрүү фермасы уюшулду

Улахол айыл аймагына караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну Мырзалиев Бакы чакан мал ѳстүрүү фермасын ачты.

26 Март 2016 жыл 15:45

Өрөөндүк «Манас» таануу сынагы Учкунда болуп өттү

Нарын районуна караштуу Учкун айылында өрөөндүк «Манас» таануу сынагы болуп өттү. Сынакка Куланак жана Пионер айылдарынын жаш манасчылары келишип күч сынашышты.

25 Март 2016 жыл 17:28

Токтоянда жазгы тазалоо иштери башталды

Токтоян айылында жазгы тазалоо иштери жүрүп жатат. Айыл тургундары өз конуштарын тазалап, айылды көркүнө чыгарууда.

25 Март 2016 жыл 12:05

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...