Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0704419051

Жамааттык мультимедиа борборлору

Видео: Дайыма жашоо керек үмүт менен!

Чүйдүн Красная Речка айылында жашаган Кылычбек Жекишов тубаса көзү азиз баласы, небересин жалгыз тарбиялап келет. Ал балдарынын кем каржысын толуктап, аларды ырчылык талантын өркүндөтүп, концерттерди уюштуруп жүрөт. Кылычбек Жекишов өз …

15 Июль 2022 жыл 4:35

Санарип жана универсалдуу мугалим болуу замандын талабы

Республика боюнча Санарип академиясы тарабынан уюшулган «Санарип мугалим-Дубай 3» сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, мыктылары аныкталды. Сынакка жети облустун мугалимдери катышып, беш мугалим Дубайга, он мугалим Ташкентке, он мугалим Ысык-Көлгө жолдомо утуп …

14 Июль 2022 жыл 20:22

Чолпондо Курман айтка 13 бодо мал союлду

Чолпон айылында Курман айт күнүнө карата айыл ичинде 13 бодо мал курмандыкка чалынды. Аны Чолпон айыл өкмөтүнө кирген 9 айылдагы майып адамдар, жетишпеген үй бүлөлөргө таратышты.

13 Июль 2022 жыл 19:34

Кочкордо «Ынтымак» оюн аянтчасы салтанаттуу ачылды

«Демилгелүү Жаштар» КФ жана «Демилгелүү Жаштар»долбоорунун алкагында  «АгаХан» уюм тарабынан каржыланып,Кочкор айылынын айыл өкмөтүнүн колдоосу менен балдар оюн аянтчасы жасалып, бүгүн салтанаттуу ачылышы өттү. Ачылыш аземине Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын …

13 Июль 2022 жыл 17:41

Акталаада 8 мектептин директорлук кызмат орундарына сынак жарыяланат

Ак-Талаа районунда жалпы 19 билим берүү  мекемелери жана  22 бала бакча бар. Булардын ичинен 8 мектеп директору жана  14 бала бакчанын башчылары 5 жылдан ашык жетекчилик кызматта иштеп келишкен. Райондук …

13 Июль 2022 жыл 17:10

Нарындагы алгачкы жолу ачылган клининг сервис

Индира Мөндүрбаева Дөбөлү айылында жашап, Нарын шаарында тазалоо кызматын көрсөтүүчү топту түзгөн. Бул чакан топто учурда ондон ашуун кыз-келиндер иштеп күнүмдүк акча табышат. Мындай тазалоо кызматы Нарын жергесинде алгачкы жолу …

13 Июль 2022 жыл 14:38

Кожо-Арык айылында жаңы бала бакчанын курулуш иши башталды

Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кожо-Арык айылында жаңы бала бакчанын курулуш иши башталды. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы. Мухаммед Маадынын өкүлдөрү демөөрчүлүк көрсөтөт. Айыл өкмөт тарабынан 5 тонна цемент бөлүнөт. Курулуш иши сентябрь …

11 Июль 2022 жыл 18:16

Куран окутуу курсу менен онлайн кирешеге чыккан айым 

  Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Сайкал Мукалиева айылдагы тиричиликке карабастан башкаларга өз пайдасын тийгизүүдө. Интернет аркылуу эле куран китебин үйрөтүп, жана андан түшкөн каражаттын үчтөн бир …

10 Июль 2022 жыл 23:43

Учкун айыл аймагынын соц адиси түз эфирде

Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын соц адиси А.Балтабаева түз эфирде болду. Эфирде жөлөк пул, декреттик өргүүгө жана башка кызыктуу суроолор келип жатты.

8 Июль 2022 жыл 9:08

Айылды суу менен камсыз кылган айыл башчы Асел

Чолпон айылынын жана Тармал Саз айылынын башчысы Асел учурда айылга сугат суу бөлүштүрүү менен алек. Ал талаааны кыдырып, суу баарына бирдей бөлүнүшүн көзөмөлдөйт. Айылдын четиндеги суу берүүчү насоско барып, суу …

7 Июль 2022 жыл 20:35

Ар бир кесип ардактуу

Чолпон айылынын тургуну Жазмина Алияскарова бир нече кесиптердин ээси. Ал чач тарач, ырчы, визажист жана бир үйдүн кожойкеси.

7 Июль 2022 жыл 14:37

Жеке ишкер айылды пескоблок менен камсыз кылат

Кочкор районунун Чолпон айылында пескоблок чыгаруучу ишкана ачылып, азыркы учурда пескоблоктун 2 түрүн чыгарып жатат. Буга чейин айыл эли райондон барып сатып алса, азыр айыл ичинен буйрутма менен ала алышат.

7 Июль 2022 жыл 13:37

Базар-Коргон: Өнүктүрүү фонд тарабынан мектептерге эмеректер берилди

Базар-Коргон районундагы мектептерге 5 млн 545000 сомдук эмерек жана техникалык каражаттар берилди.

7 Июль 2022 жыл 2:19

Төлөк: Ун жана суу май эмгек акы катары таратылды

Төлөк айылындагы чакан долбоордун негизинде эмгек акы катары берилүүчү ун жана суу майлар 36 үй-бүлөгө таратылып берилди.

6 Июль 2022 жыл 20:11

Ооган-Талаа: Айылга сугат суу келет

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында сугат суу маселеси чечилди.

5 Июль 2022 жыл 18:26

Студенттер жана окуучулар арасында Жашыл экономика акциясы өткөрүлүүдө

Нарын токой чарбасынын демилгеси аркылуу  «Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн» коомдук бирикмеси жана  «Жердин балдары» уюму менен биргеликте Каратал токойчулугунун Кызыл-Үңкүр коктусунда 2023-жылдын жаз айларында карагайларды отургузууга атайын жер тилкеси …

5 Июль 2022 жыл 17:33

Соң-Көл: ЖРТ жыйынтыгы айрымдарына кубаныч тартуулады

Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде 2022-жылы 11-классты 26 окуучу аякташты, алардын 12си кыздар болсо, 14ү эркек балдар. Ал эми ЖОЖго тапшыруу үчүн мамлекет тарабынан уюштурулган ЖРТнын босого баллынан 7 окуучу …

4 Июль 2022 жыл 19:54

Ашлянфу жасап кошумча киреше тапкан айым

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Сайкал Мукалиева үйдөгү жумуштардан тышкары бекер отурбастан, ашлянфу жасап сатып, киреше табат. Келечекте Тасма айылына өзүнүн жеке кафесин ачууну каалайт.

4 Июль 2022 жыл 15:27

Кооз сумкаларды, гүлдөрдү жасап кошумча киреше тапкан айым

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында үй тиричилигине карабастан өзүнүн колу менен кооз сумкаларды, гүлдөрдү жасап саткан Айсулуу Талантбек кызы кошумча киреше таап келет. Учурда кызыгып, окуп үйрөнөм деген …

4 Июль 2022 жыл 15:18

Чоң Тогузбай айылында беденин түшүмү мол болууда

Түп районунун Чоң Тогузбай айылында малга тоют катары беде чөптү коп өстүрүшөт. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу беденин түшүмү 4-5 эсеге мол болгонун дыйкандар айтууда.

4 Июль 2022 жыл 15:09

Календарь

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...