Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ысык-Көл облусу

Тасмада келечекте кесип тандоо боюнча семинар болуп өттү

Ысык-Көл облустунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинде 9-10-11-класстар үчүн окуу болуп өттү. Бул окууну Германиянын DW Akademie Eurasia уюму каржылап, Жааматтык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоцациясы (АОСМИ) уюштурду.

20 Ноябрь 2015 жыл 19:53

Барскоон: Туура кесип тандоо боюнча тренинг өттү

Тренинг 14-ноябрда Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектепбинде өттү. Бул тренингдин негизги темасы кесипти тура тандоо болду.

20 Ноябрь 2015 жыл 16:05

Токтоянда кесип тандоо боюнча тренинг өтүлдү

Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинин 8,9,11-класстарына кесипти туура тандоо боюнча тренинг өтүлдү.

14 Ноябрь 2015 жыл 12:24

Тасманын кол өнөрчүлөрүнүн бири Бурулуш Асаналиева

Түп районундагы Тасма айылынын тургуну Бурулуш Асаналиева кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал кездемелерден курак курап, оюу салып, жер төшөк жана жаздыкчаларды жасайт.

13 Ноябрь 2015 жыл 15:59

Тасма: «Эл агартуунун отличниги» Ороз Саадабаевдин 34 жылдык эмгек жолу

Түп районунун Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинин мугалими Ороз Саадабаев география сабагынан 34 жылдан бери эмгектенип келет. Бул тармакта ийгиликтерди жаратып «Эл агартуунун отличниги» наамына ээ болгон.

10 Ноябрь 2015 жыл 20:28

Тасманын ишкер айымы Гүлзат Чекирова

Түп районундагы Тасма айылынын тургуну Гүлзат Чекирова үйдө жөн олтурбастан токуу иштери менен алек. Ал баш кийим, жакет жана кичине балдар үчүн жиптен кийимдерди токуйт.

10 Ноябрь 2015 жыл 18:46

Тасмадагы жалпы мончо жаңыланып тургундарга кызмат кылууда

Түп районуна караштуу Тасма айылында мончо ишке кирди. Мончо айылдын так ортосунда жайгашкан. 

10 Ноябрь 2015 жыл 18:33

Тасмада мектеп айланасын тазалоо иштери болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы мектептин айланасын тазалоо иштери жүрдү. Ишембиликке 2-класстан 11-класска чейин окуучулар катышты. 

10 Ноябрь 2015 жыл 18:16

Тасма: «Айылга клуб керек»

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Тасма айылында клуб курулган эмес. Мурда клуб болгон менен ал 1979-жылдагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген да, кийин кайра курулган эмес.

5 Ноябрь 2015 жыл 19:16

Тасмада таштандылар айыл тазалыгын бузууда

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы көчөлөрдө таштандылар көбөйүүдө. Тургундар таштандылырдын адамдарга жана жаратылышка зыян келтирип жатканын билдиришүүдө.

5 Ноябрь 2015 жыл 18:40

Клооп «Кыш-2016» 1-журналистика мектебине катышуу үчүн сынак жарыялайт

      Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынак Кыскача Сабактар качан башталат? 4-январь, 2016 Сабактар каерде болот? Бишкек шаары, Огонбаев көчөсү 222, «Клооп Медианын» кеңсеси Сабактар канчага созулат? Алты апта (4-январь …

3 Ноябрь 2015 жыл 18:13

КҮЗ-2015 экинчи журналистика мектебинин катышуучулары

Бул жылдын эсебинин жамааттык мультимедиа борборлорунун (ЖМБ) кабарчыларына багытталган Клооптун төртүнчү журналистика мектеби. Мектеп 2015-жылдын 2-ноябрь — 19-декабрь аралыгында Бишкек шаарында болот. Мектепке катышуу мүмкүнчүлүгүнө төмөнкү ЖМБнын кабарчылары сынак аркылуу ээ болгон: 1. Айдай …

3 Ноябрь 2015 жыл 17:24

Барскоондо жугуштуу ооруларга каршы уйларга эмдөө башталды

Барскоон айылында уйлар арасында жүрүп жаткан шарп оорусуна жана бруцеллез оорусуна каршы кан алынып эмдөө жүрүп жаткан убагы. Уйлардан алынган кандар райондук жана областык лабораторияга жеткирилип, жыйынтыгы кайра айыл тургундарына …

2 Ноябрь 2015 жыл 10:53

Токтоянда мугалимдердин айлык акысы жогорулады

Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинин мугалимдеринин айлык акысы жогорулады. Башталгыч класстардын мугалимдеринин айлыгы 80 пайызга жогоруласа, жогорку класс мугалимдерине болсо 25 пайызга жогорулаган.

27 Октябрь 2015 жыл 14:21

Токтоян: Жалгыз баласы менен 63 жаштагы Анаркүл эне жардамга муктаж

Токтоян айылындагы Мамбетова Анаркүл эне учурда 63 жашта. Анын небереси Алик уулу Арген төрт жашынан майып болуп калгандыктан энеси жалгыз багып келе жатат. Азыр Арген 20 жашка келди. Эч кимден эч кандай …

24 Октябрь 2015 жыл 15:51

Токтоянда жолдун начарлыгынан унаалар тез бузулууда

Түп районуна карашту Токтоян айылынын жолу начар болгондуктан, оңдоо иштери жүрүп, жылына эки километрден жасала баштаган. Токтоян-Түп жолу 27 километр болсо, учурда анын 18 километри оңдолгон. 

24 Октябрь 2015 жыл 12:36

Токтояндын тургунунун сок чыгаруучу машинасы жашоочуларга кызмат кылууда

Айыл тургуну Садыр Шатенов өзү сок чыгаруучу машина жасаган. Анын бул машина айыл эли үчүн кызмат кылууда. 

21 Октябрь 2015 жыл 21:55

Чоң-Тогузбай: Бакыт Кудабаевдин коляскадагы 23 жылдык өмүрү

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Бакыт Кудабаев биринчи топтогу майып болсо дагы айыл тургундарынын иштебей калган кир жууган машина, муздаткыч, сыналгы, үналгы, нан бышыргычтарын оңдоп, бут кийимдерин тигип …

21 Октябрь 2015 жыл 16:27

Чоң-Тогузбай айылында спорт зал ишке берилгени жатат

Ысык көл облусунун Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында спорт зал жок болгондугуна байланыштуу окуучулар кошуна айылга барып машыгышчу. Учурда спор зал салынып ишке берилгени жатат. Жаңы салынып жаткан спорт зал заманбап …

21 Октябрь 2015 жыл 16:19

Тасмада “Диний экстремизм жана суицидге жол бербейли!” тегерек столу болду

Иш-чара Асан Сопиев атындагы мектебинин жыйын залында 5-11-класстын жалпы 187 окуучусу менен мугалимдер жааматы, коомчулук өкүлдөрү менен бирдикте болду.

17 Октябрь 2015 жыл 20:33

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...