16-январда Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылында республикалык деңгээлде хоккей оюну боюнча райондун акиминин кубогуна ачык турнир болуп өттү.
Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында 16-январда райондук деңгээлде көк бөрү оюну боюнча акимдин кубогуна мелдеш болуп өттү. Бул мелдешке жалпысынан 9 команда катышып, 5 команда байгелүү кайтышты.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында бүгүнкү 10-январдагы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого элдер кеч келишти.
Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна мамлекет тарабынан жаңы тез жардам автоунаасы толук жабдыктары менен берилди. Бул тууралуу маалыматты Ат-Башы райадминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын айыл башчысы Нурлан Жунусов «Кыргыз Туусу» газетасынын «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» наамына татыды.
Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин 5-г классынын окуучуларына «Чыны карагат» долбоорунун негизинде ланчбокстор тапшырылды.
Айтылуу акын Шайлообек Дүйшеев быйыл 70 жашка толуп турган кези. Бул мааракени акындын туулуп өскөн айылы Ача-Кайыңдыда айыл тургундары белгилешти.
Ат-Башы районунда, муктаж болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында Ат-Башы райондук эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүнүн ичинде атайын «Социалдык дүкөн» ачылды.
Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинин окуучулары Эл аралык Тоолор жана Жер эне күнүн белгилешти. Бул демилгени аталган мектептеги Слоуфуд кыймылынын ыктыярчы окуучулары демилегелешкен. Акциянын алкагында окуучулар тоого чыгышып, жаратылышты коргоого …
Ат-Башынын кулуну, калемин колунан түшүрбөй, поэзияга башын байлаган акын, журналист Шайлообек Дүйшеев быйыл 70 жашка толду.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында Жамааттык ЖМКлардын өкүлдөрү айыл тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушууда Ача-Кайыңды эли жамааттык медианын түзүлүшү, максаты менен тааныша алышты.
Ат-Башы районун башчысы Нурбек Сатаров жетектеген ишкерлер жана айыл өкмөттөрдүн катышуусундагы делегация Өзбекстандын Фергана облусуна барып келди. Бул тууралуу маалыматты Ат-Башы районунун маалымат кызматы билдирди.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы 13 үй-бүлөгө долбоорлордун негизинде карагаттын көчөттөрү отургузулуп, тосмолору менен тосулуп берилди.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кара-Кече көмүр кенине кезексиз көмүр алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, райондун ар бир айылынан көмүр тарткан унаалар алынып барылды.
Ат-Башы районунун бардык мектептеринде бир айдан бери болуп жаткан долбоорлордун жыйынтыгы чыгып, орундары тапшырылды. Окутууларды дүйнөлүк Google сыяктуу компанияларда иштеген жаштар окутушуп, долбоор жазганды үйрөтүштү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасынын негизинде ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Семетей Черикбаев Кара-Кече көмүр кесиминдеги абал менен таанышып, штабдын жыйынын өткөрдү.
Ат-Башы районунун өнүктүрүү фондунан чакан долбоорлор каржыланат.
Бүгүн 8-октябрь күнү Ат-Башы районун акими Нурбек Сатаров Ат-Башы элине кайрылуу жасады. Кайрылууда Ат-Башынын эли азыркы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу сунуштарын берүүгө чакырды.
Биздин бүгүнкү каарман Ача-Кайыңды айылынын кулуну Кайрат Эсенгелдиев. Ал азыркы күндѳ Америкада жүрсѳ дагы пандемия учурунда жардамын берип, кѳптѳгѳн иштердин демилгечиси боло алган. Биз аны менен байланышып, маек курдук.
Бүгүн 4-октябрь Кыргызстандын бардык жеринде шайлоо болуп жаткан учур. Азыркы пандемия учурунда аралыкты сактап шайлоону өткөрүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн негизги милдеттери эле. Ал эми Ача-Кайыңды айылында дагы санитардык нормалар так …