Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчылары — облустардагы райондордун акимдери дайындалды жана бошотулду.
Ат-Башы районундагы медицина кызматкерлери Ковид-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын башчысы Илим Бейшеналиев билдирди.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында 2021-жылы вирус катталган жок. Бул тууралуу маалыматты аталган айылдын ФАП кызматкери медайым Садыкова Гуланда билдирди.
Ача-Кайыңды айыл өкмөтүндө жашылдандыруу иш- чарасы боюнча 10 карагай отургузулду.
Ат-Башыда Мындан 76 жыл мурун Улуу Ата-Мекендик согушка катышып, эл-жер үчүн жанын берген маркум жоокерлерди эскерүү иш чарасы болуп өттү.
7-майда Ат-Башы районунун акими жанан орун басарлары райондогу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка долбоор аркылуу жылуулук системасы орнотулуп, эки имаратты кошуп турган коридор курулду.
Ат-Башы районунда туризмди өнүктүрүү, чет жерден келген конокторго шарт түзүү, райондун экономикалык абалын жакшыртуу максатында форум болуп өттү.
Ат-Башыда калкты тейлөө борбору жаңы имаратка которулуп, электрондук кезек менен иштеп баштады.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында шайлоо өз нугунда өтүп жатат. Ошентсе да көпчүлүк шайлоочулар жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлаганы келишип, бирок референдум тууралуу маалыматтары жок экенин билдиришкен.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын ишкер айымы, ардактуу мугалим Гүлнара Семетеева 2021-жылдын 10-март күнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резиденциясында болуп өткөн “Доорду өзгөрткөн айым” деген аталыштагы улуттук форумга катышып келген.
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата, райондогу социалдык-экономикалык, маданий жактан өсүп-өнүүгө салымын кошкон айымдарынын сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, маданий иш- чара менен коштолду.
Ромашка-татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Анча бийик эмес, жыттуу, сабагы бутактуу, гүлү майда, чети ак, ортосу сары гүл. Анын 50дөн ашык түрү Евразияда, Африкада белгилүү. Ромашка дарылыкка колдонулуп, анын …
Кыргызстандагы аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышеванын демилгеси менен «Кыргызстандын айымдары» китеби жарык көрдү. Бул энциклопедияга өлкөдөгү өз коомунда мыкты иштерди жасаган 400 аялдын басып өткөн жолдору, иштери сүрөттөрү менен чагылдырылган.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында жүндү иштетүүчү ишкана ачылды. Ишкананын жетекчиси Ажыбек Султанкулов бул ишти эл аралык долбоорлордун негизинде ачылды деп билдирди.
Тянь-Шань күрөң аюусу Тянь-Шань, Памир жана Гималай тоолорунда байырлап жүрүүчү жаныбар.
Чычырканак- тоолуу райондордо суу бойлорунда, шагылдарда, токой тилкелеринде, Ысык-Көл өрөөнүндө, Нарын дарыясынын куймаларында кезигип, топ-топ болуп өскөн бадал өсүмдүк.
Бөрү карагат — Кыргызстандын бардык райондорунда өскөн жапайы бадал өсүмдүк. Ал таштуу жерде, тоонун эңкейиш боорлорунда, ийне жалбырактуу токойлордун арасында өсөт. Анын дарылык касиети изилденип, көпчүлүк дарылардын составына кошулат.
Кошой – Коргон – Ат-башы жергесинде 7 кылым мурун пайда болгон байыркы тарыхый эстелик болуп эсептелет. Бул тарыхый эстеликтин тарыхын, ар кандай табылгаларын сактап калуу максатында «Кошой-Коргон» музейи 2007-жылы курулган. …
Өткөн 2020-жылдын ноябрь айында, Ат-Башы районунун башчысы Нурбек Сатаров бир катар делегаттары менен Өзбекстан өлкөсүнүн Фергана өрөөнүнө расмий иш сапары менен барып келген. Ал иш сапарда эки райондун достук протоколуна …