Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: ача кайыңды

«Күндүз келип шахмат ойноп турабыз». Ат-Башы районунда аксакалдар клубу иштейт

Күндүз келип шахмат ойноп, кан басымын ченетип, сүйлөшүп, баарлашып кетип туруучу аксакалдардын клубу ачылды.

Мал базарда санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ковид-19 илдетинин жайылышын алдын алуу максатында, Ат-башы мал базарындагы санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Биологдун байкоосунда Ат -Башы районунун жаратылышына чоң күч келип жатат

Ат-Башы районунда жергиликтүү калктын кѳпчүлүгү мал чарбасы менен алектенет. Бирок малдын кѳбѳйүшү жаратылышка канчалык дэңгээлде зыянын тийгизип жатканын, жылдан –жылга жайыттардын азайышы, жер кыртышынын бузулушу менен байкасак болот. Дагы кѳптѳгѳн …

Ат-Башы: Ак-муз айылында техникалык кызмат көрсөтүүчү ишкана ачылды

10-сентябрда Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында «Ак-Муз өнүгүү» муниципалдык ишканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Аталган ишкана айыл тургундарына ар кандай техникалык кызматтарды арзан көрсөтүп бере алат.

«Муктаждарга төрт түлүк» акциясы Америкадан Туркияга узатылды

Буга чейин Ат-Башы районунда «Муктаждарга төрт түлүк» акциясы май айында башталып, бир айда 25 үй-бүлө малдуу болгонун маалымдаган элек. Эми бул акция Америка, Түркияга жетип, ал жердеги мекендештерге узатылды.

Ача-Кайыңды бала-бакчасы капиталдык ремонттон өтүп жатат

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын бала-бакчасы демѳѳрчүлүк гранттын эсебинен капиталдык ремонттон ѳтүп жатат. Буга чейин болбогон таштанды суу кетүүчү кудук жана ички дааратканалар салынууда. Андан тышкары, электр чубалгылары да көп жылдан …

Ача-Кайыңды айылында бир айда жаңы стационар салынып бүттү

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы август айында курулуп башталган кошумча күндүзгү стационар курулуп бүтүп, ачылыш аземи болуп ѳттү. Бул имараттын курулушун чоң демѳѳрчү болуп АКШда иштеп жаткан жаш ишкер Кайрат Эсенгелдиев …

Биринчи класстын окуучулары «фильтрден» өтүп окушту

Пандемияга байланыштуу быйыл мектеп босогосун 1-класстар гана аттады. Жаңы окууга барып баштаган бѳбѳктѳрдү окутуу үчүн министрлик тарабынан бир нече санитардык-гигиеналык шарттар коюлган эле. Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинде 1-класстар бир …

Видео: Ак-Сай өрөөнү пандемия учурунда

Ат-Башы районунун алыскы Ак-Сай өрөөнүндө тургундардын абалы көзөмөлгө алынган. Ал жерде пандемия учурунда оор кырдаалдан чыгуу үчүн тез арада чечимдер кабыл алынган.

Быйыл Ача-Кайыңдыда эки шайлоо участогу иштейт

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында быйыл эки шайлоо участогу иштейт. Мунун себеби — шайлоочу адамдардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу деп аталган айылдын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Муратбек Асаналиев билдирди.

Кыргызстандын мыкты волейболчусу: «Пандемияга байланыштуу Тайланддагы финалдык оюнга катыша албай калдым»

Биздин бүгүнкү каарманыбыз Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулуп өскөн Темир Муса уулу. Ал Кыргызстандагы алдыңкы волейбол оюнчуларынын бири, карантиндин волейболго кандай терс жактары тийип жатканын айтып, алдыдагы пландары менен бөлүштү.

Ат-Башылык дарыгер: «Бейтаптарга атайын гимнастика үйрөтүүнү сунуштап жатабыз

«12 саат иштеп, кечинде баспай калабыз», — деген Ат-Башыдагы күндүзгү стационардагы дарыгер  Назгүл Мамбеталиева «кызыл зонадагы» жумушу кандай жүрүп жатканы жөнүндө айтып берди.

Ача-Кайыңдыга Екатеринбургдагы мигранттардан 200 миң сомдук жардам келди

Бүгүн 30-июль күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка 200 000 сомдук медициналык каражаттар жардамга келип түштү. Бул жардамдар Россиянын Екатеринбург шаарында эмгектенип жаткан Ача-Кайыңдылык жердештерден келген.

Ат-Башылык окуучу аралыктан окуп ийгиликтерге жетишти

Аралыктан окутуу көпчүлүк үчүн кыйынчылык жаратса, биздин бүгүнкү каарманыбыз Гүлсүнай Токтобаева бул убакытта көптөгөн ийгиликтерди жаратканын билдирди.

Ача-Кайыңдыдагы стационарды салып бүтүрүүгө акча каражат жетиштүү эмес

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында жаңы күндүзгү стационардын курулуш иштери башталды. Курулуш иштери жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен башталып, август айынын аягына чейин бүтүрүүсү пландалууда.

Америкалык жердештер Ат-Башыга 4500 долларга дары-дармек алып беришти

Азыркы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, Америкада эмгектенип жаткан жердештерибиз демилге көтөрүп, Ат-Башы районуна 4500 долларга дары-дармек алып берип жиберишкен. Ал дарылар социалдык жактан муктаждарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бекер берилет.

Ат-Башыда кирпич заводу ачылып, иштеп баштады

Ат-Башы районунда жылына 3,5миллион кирпич чыгарган заводунун ачылуу аземи болуп өттү. Ат-Башы ири кирпич заводу 2016-жылы негизделип, Ак-Жар айыл өкмөтүнөн 5 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Анын бир жыл ичиндеги …

Ача-Кайыңдыга кычкылтек концентратору келди

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка биринчи кычкылтек концентратору келип түштү.

Ат-Башыда 250 орундуу күндүзгү стационар даярдалды

Эпидемиялогиялык курч абалга байланыштуу Ат-Башынын бардык айылдарында күндүзгү стационарлар даярдалууда.

«Коронавирус, Кыргызстандан жогол!» Балдардын кызыктуу видеосу

«Коронавирусту жеңдик, ураа!»- деп балдар сүйүнгөн видео, соцтармактарга тарап кеткен. Бул видеодогу кичинекей балдардын апасы өзү инстаграмдан көрүп таң калган.

Шаршемби
5 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...