Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: ача кайыңды

Достук айылында элеттик айымдар үчүн конкурс уюштурулду

Нарын районуна караштуу Достук айылында элеттик айымдардын таймашы болду. Негизги максаты кол өнөрчүлүктү даңазалоо, айыл элинин ынтымагын чыңдоо экендигин уюштуруучулар белгилешти.

Сүрөт: Окуучулар ак калпак кийип флешмоб өткөрүштү

Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнө жана Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду.

Мыкты билим алуу менен гана өлкөнүн Туусун бийик көтөрсө болот

Нарын районуна караштуу Достук орто мектебинде Кыргыз Туусунун 30 жылдыгына карата адаттан тыш саамалык болуп өттү. Иш- чараны аталган мектептин 3-классынын класс жетекчиси Эллегия Ормокеева окуучулары менен ишке ашырган.

Айылдык китепканада Мамлекеттик Туу тууралуу баяндама окулду

Бүгүн 3-март күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү белгиленди.

Нарын: Мектеп окуучулары Жогорку Кеңешке барып келишти

Нарын районуна караштуу Достук орто мектебинин окуучулары 28-февраль күнү Жогорку Кенешке барууга мүмкүнчүлүк алышып, депутат Улан Бакасовго жолугушту.

Ача-Кайыңдыда ирригация боюнча долбоор даярдалып жатат

Пандемиянын кесепетинен келип чыккан кымбатчылык айыл жергесиндеги чарбанын өнүгүшүнө терс таасирин өлкө боюнча байкалып жатат. Мисалы өткөн жылы эле күйүүчү май, техникалык тетиктердин кымбатташы жергиликтүү элге бир топ кыйынчылыктарды жараткан.

Ача-Кайыңды айыл өкмөтүндө 2022-жылы аткарылчу иштердин планы түзүлдү

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында 2022-жылга карата бир катар иштер пландалды. Бул жылы мамлекеттик бюджеттен теңдештирүүчү грант катары 2 800 000сом гана бөлүнгөн.

Сүрөт: Окуучулар арасында аскердик мелдештер уюштурулду

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде 25-февралда  «Мекенди коргоо ыйык милдет» деген аталыштагы иш-чара болуп өттү.

Ат-Башы районунда республикалык деңгээлде дзюдо боюнча мелдеш өттү

23-февраль күнү Ат-Башы районунда республикалык деңгээлде дзюдо боюнча таймаш болуп өттү. Мындай деңгээлдеги таймаш Ат-Башыда алгачкы жолу өтүүдө.

Ат-Башы: Экоактивист окуучулар экология боюнча тренинг өткөрүштү

22-февраль күнү Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинин экоактивист окуучулары башталгыч класстын окуучуларына «Экология жана мен» деген аталыштагы оюн-окутуу өткөрүштү.

Ача-Кайыңды: Мектепте мугалимдер 90 пайыз эмдөөдөн өтүштү

Ковидке каршы вакцина даяр болору менен биздин өлкөдө дагы эмдөө жүрүп баштаган. Коллективдүү иммунитет пайда кылыш үчүн калктын жок дегенде 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек эле. Ал эми Ача-Кайыңды айылынын …

Ат-Башы: Мектепте англис тилине арналган жумалык болду

Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде Билим Берүү Министрлигинин жарлыгы боюнча англис тили жумалыгы болуп өттү.

Ача-Кайыңды айылы «Маданий айыл» статусун алды

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылы 2021-жылдан баштап туристтерге маданий мурастарды тааныштыруу максатында «Маданий айыл» (Cultural Village) статусун алган. Бул иш Корея мамлекетинин долбоору аркылуу ишке ашкан.

Студент: «Карантинден кийин көбүрөөк окуп, кошумча сабак алып жатабыз»

Студенттердин окуусуна пандемиянын кандай таасир бергени тууралуу бир катар студенттер ойлору менен бөлүшүштү.

Эки ирет Кыргызстандын мыкты окуучусу аталган Гүлсүнай

Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинин 11г-классынын окуучусу Гүлсүнай Токтобаева экинчи ирет «Кыргызстандын мыкты окуучусу-2022» сынагында жеңүүчү болду. Ал окуучуларды бир дагы мүмкүнчүлүктү кое бербеш керектигин өз маегинде билдирди.

Ача-Кайыңды айылында элдик жыйын болуп өттү

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында 11-февраль күнү элдик жыйын болуп өттү. Анда жылдык отчёттор берилип, бир катар маселелер көтөрүлдү.

Жайлоо бала бакчасы эки жылдан бери иштебей калды

Эки жыл мурун пандемия башталгандан бери бардык өлкөлөрдө карантин киргизилип, анын ден-соолук үчүн гана эмес, экономикалык кесепетин азыркы күнгө чейин көрүп келе жатабыз. Анын таасири Ача-Кайыңды аймагынын жайыт комитетинин дагы …

Сүрөт: Мектепте орус тилин үйрөнүүгө багытталган иш-чаралар өтүүдө

Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинде 17-январдан баштап 28-январга чейин орус тил сабагы боюнча «Нам слово русское дано…» деген аталыштагы декада болуп өттү.

Сатуучу: «Баалар күндө кымбаттап келип жатат»

Акыркы учурда баалардын кымбатташы элдин жашоосуна терс таасирин тийгизип жаткан учуру. Баалар күйүүчү майдан баштап азык-түлүктүн бардык түрүнө, оокаттарга кымбаттап кетти. Ал эми ишкерлик менен алектенгендерге баанын кымбатташы кандай таасирин …

Ача-Кайыңдыда генетикалык ресурстарды коргоо боюнча пландар түзүлдү

19-январь күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айыл аймагынын генетикалык ресурстарын коргоо жана пайдалануу боюнча айылдын жамааттары катышкан семинар өткөрүлдү.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...