Ноокат районунун Куу-Майдан айылында «Шайлоо өнөктүгүндөгү медиа сабаттуулук» аталышындагы семинар болуп өттү. Ага айыл тургундары катышып, медиа сабаттуулук, фейк маалыматтар жана шайлоо, Конституцияга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр боюнча маалымат алышты.
Жалал-Абад облусунун Ооган-Талаа айылында медиа сабаттуулукка арналган иш-чара өттү. Ал Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин өкүлү Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борбору тарабынан ишке ашты. Иш-чарага айыл тургундары катышып, шайлоо өнөктүгүндө маалыматтык сабаттуулук, сынчыл …
Кочкор районунун Кара-Суу айылында медиа сабаттуулукка арналган иш-чара болду. Ага айыл тургундары катышып, шайлоо учурундагы фейк маалыматтар, аларды аныктоо туурасында маалымат алышты.
Кочкор районунун Төлөк айылында медиа сабаттуулукка арналган иш-чара өттү. Ага айыл тургундары катышып, фейк маалыматтар, алардын элдин жашоосуна тийгизген таасири туурасында маалыматка ээ болду.
Кочкор районунун Чолпон айылында медиа сабаттуулукка арналаган иш-чара өттү. Ага айыл тургундары катышып, жалган маалымат жана аларды аныктоо, социалдык медиа жана анын шайлоо өнөктүгүндөгү ролу тууралуу түшүндүрүү иштери жүрдү.
Нарын облусунун Учкун айылында медиа сабаттуулук жана шайлоого арналган иш-чара болду. Ага айыл тургундары катышып, шайлоо учурундагы жалган маалыматтар, аларды кантип аныктаса болот деген бир катар суроолорго жооп алышты. Мындан …
Ак-Талаа районунун Баетов айылында Тун-Ук жамааттык мультимедиа борбору эл менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун максаты Баетов айылынын тургундарын медиа маалыматтуулук сабаттуулук, Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр боюнча кабардар кылуу болду.
Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы № 4131 шайлоо тилкесинде учурда 2138 шайлоочу бар. Шайлоочулардын эң улуусу 103 жашта болсо, эң жаш шайлоочу 18 жашка жаңы толду.
Жакында жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланат. Быйылкы шайлоонун өзгөчөлүгү айылдык кеңештерге аялдар үчүн бөлүнгөн квота 30%ды түзүп, алардын жергиликтүү деңгээлдеги саясатка катышуусуна жол ачылууда.
Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өтүүчү жергиликтүү кеңешке шайлоого талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктады. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 12 айыл аймагында жергиликтүү кеңешке жалпы 274 талапкер өзүн өзү көрсөтүү аркылуу каттоодон өтүштү. Булардын …
Шайлоо 2021 бул бир гана президентке гана добуш бербестен башкаруу кандай болушун элдин тандоосун, каалоосун да көрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү шайлоо болду.
Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан 7232 шайлоо участогунда жалпы тизме боюнча 2413 шайлоочу катталган. Эртең менен сегизде башталып кечки сегизде жыйынтыкталды жана 760 шайлоочу катышты.
Сокулук районуна караштуу Жаны-Жер айылында 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнон мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум боюнча шайлоо тынч өттү.
Кочкор районунун Чолпон айылында 10-январь күнү президенттик шайлоо 8⁰⁰ дө башталып, 20⁰⁰ до добуш берүү соңуна чыкты.
Кыргыз Республикасынын 10-январга белгиленген мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо жана Парламент боюнча Референдум аяктады.
Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Кызыл-Булак номер 5429 шайлоо тилесинде мөөнөтүнөн мурда болуп жаткан президенттике шайлоого шайлоочулар активдүү катышты. Эч кандай мыйзам бузуулар, техникалык мүчүлүштүктөр байкалган жок.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын №2230 шайлоо участкасында өзү саноочу урнанын оператору баштапкы чекке шайлоо участкасынын номерин туура эмес киргизип койгондуктан бюлеттендер урнадан алынып кайра башынан салынды.
Ак-Талаа району боюнча жалпы 24048 шайлоочу бар. Учурда 21 шайлоо тилкесинде жарандар келип өз добуштарын берүүдө. Акыркы сааттарга алынган маалыматтар боюнча 21 шайлоо 9101 жаран добуш берген. Бул шайлоочулардын 37% …
Күндүн суук болгонуна карабай 2153 Ооган- Талаа шайлоо участкасында шайлоочулар активдүү катышып жатышат.
Бүгүн өлкө боюнча Президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат. Суусамыр айылында дагы 7346 шайлоо участкасында шайлоо өз тартиби менен өтүүдө.