Мектептерде салттуу окуу жандангандан бери окуучулар да, ата- энелер да, мугалимдер да ден- соолук үчүн кооптонбой койгон жок. Ар бири талаптарды аткарып, эрежелерди сактоого аракет кылууда.
Суусамыр айылында аз камсыз жана көп балалуу үй- бүлөлөргө атайын кайрымдуулук фонд (аты аталган жок) тарабынан көмүр, кышкы кийимдер таратылып, жардам көрсөтүлдү.
Мурдатан бери калыптанып калган ишенимдер боюнча үй-бүлөдө ата-энеден калган мурас эркек балага гана калтырылат. Бүгүн биз эмне үчүн ата-энеден кыз балага мурас калбайт деген темага токтолобуз.
Даниил Сапышев 30 жылдан ашуун убакыттан бери Суусамыр метеостанция бөлүмүндө жетекчилик кызматты аркалайт. Ал жетектеген метеостанциянын кызматкерлери абанын кубулушун, абанын өзгөрүшүн текшерип, 24 саат боюу тынымсыз иштешет. Мекемедеги 6 кызматкер, …
Суусамырдагы тажрыйбалуу мал доктур Сагынбек Мейманкулов, өрөөндөгү малдын саламаттыгы, өз ишмердиги туурасында айтып берди. Ал Кыргыз Мамлекеттик Агрардык Университетин аяктаган. 12 жылдан бери өз кесибин сүйүп иштейт. 2017-жылы кичи мекени …
«Менде декларация жөнүндө түшүнүк деле жок, толтуруп көргөн эмесмин. Себеби, биздин үй- бүлөнүн мүлктөрү бардыгы жолдошума катталган. Биздин үйдө жолдошум киреше алып келүүчү жана мен ага ишенем.»
Адамзат үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрүнө мүнөздүү нарк-касиетти жанаалардын тең жана ажырагыс укуктары эркиндиктин, адилеттүүлүктүн жана жалпы тынчтыктын негизи болуп саналат. Адам укуктарын этибарга албоо жана жек көрүү адамзаттын абийирин жийиркенткен жырткычтык …
Кыргызстанда эрте турмушка чыгуунун саны өсүп, соңку жылдары эрте төрөттөр көбөйдү. Булар үй-бүлөдөгү чыр-чатакка, зомбулукка, ажырашууга алып келет дешет адистер. Жашы жетелектерден тарта он сегиз, он тогуз жашта турмушка чыгуу …
25-ноябрь — аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга карата Кыргызстанда 16 күндүк акция башталып, Суусамыр өрөөнүндө элеттен чыккан алдыңкы аялдар жана үй-бүлөодөгү кыз-келиндердин орду тууралуу видео …
Суусамыр айылында 16 күндүк Гендердик теңсиздикке жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү кампаниясынын алкагында эки күндүк иш-чара өткөрүлдү.
Заман өнүккөн сайын ар түрдүү кесиптин да түрлөрү көбөйө баштады. Бүгүнкү күндө коомчулукта, аялга же эркекке гана тиешелүү кесип деген стереотиптер калыптанып калган.
Суусамыр айылында аялдардын саясатка катышуусун жогорулатуу үчүн тренинг болуп өттү. Иш- чараны Кыргызстан Лидер Улуттук Түйүнү өткөрдү.
Суусамыр өрөөнүндөгү Кайсар айылында жол чырактары орнотулду.
Кыргызстандын алыскы аймактарына жогорку сапаттагы, арзан баадагы интернеттерди жеткирүү иш-аракеттери жүрүп жатат. Республиканын шаар жана райондоруна коюлган интернеттер мамлекеттик мекемелер же менчик секторлорго тийиштүү болсо, алыскы аймактарга коюлуп жаткандар ошол …
Суусамыр айыл өкмөтүнүн тургундары быйылкы жылдын бюджети жана жергиликтүү кеңештин 3 жылдык аткарган иштери тууралуу биле алышты.
Азыркы күндө айыл жерин билим, маданият жана жаңы заманбап көз караш менен өнүктүрүү өтө зарыл. Бул үчүн албетте активдүү, идеяга бай, жоопкерчиликтүү жаштар керек болот. Ушундай маселени чечүү же аймактардын …
Суусамыр айылдык кенешинин депутаттары, айыл өкмөт башчысы жана айылдын активдүү тургундары менен биргеликте гендердик теңчилик, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыкты.
Суусамыр өрөөнүндө 8-ноябрда СССРдин эл агартуусунун отличниги, согуштун жана эмгектин ардагери Иманжан Бегимкуловдун 100 жылдыгы белгиленип, эскерилди.
Суусамыр FM радиосунда Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фонд тарабынан каржыланып жаткан “Демократия сааты” добоорунун алкагында “Аялдардын депутаттыктагы орду, алардын мындан аркы кадамдары” туурасында талкуу болду.
Суусамырда кийимдин түрлөрүн тигип чыгаруучу цех ачылып иштеп жатат.