Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Ноябрь 2016

Андарактык Уулман Абалбаева президенттин стипендиясына ээ болду

Андарактык, Манас орто мектебинин бүтүрүүчүсү Уулман Абалбаева президенттин «Үмүт» стипендиясына татыды. Уулман учурда БатМУнун англис тили адистиги боюнча 3-курста окуйт.

Сумбула айыл аймагында жөлөкпул алуучулардын саны азаюуда

Сумбулада жөлөкпул алуучулардын саны жылдан жылга азаюуда. Бул тууралуу айыл өкмөттүн социалдык кызматкери Кутмат Убайдуллаев билдирди. Айтымында, жөлөкпул алуучулардын санынын азайганынын себеби элдин жашоо шарты жакшы нукка өзгөргөнү менен байланыштуу.

Cурамжылоо: Келечекте кайсы кесиптин ээси болгуң келет?

Келечекте ар ким ар кайсы кесипти аркалагысы келет жана татыктуу кызмат кылсам деп саамайт. Биз бул суроо менен Лейлек районунун Андарак айылындагы окуучуларга кайрылып, алардын келечектеги пландарын билип көрдүк.

Андарак: Быйылкы алтын күз эмнеси менен элдин эсинде калды?

Алтын күздүн бүтүшүнө саналуу күндөр калды. Күздө элдер жыйым-терим менен алек болуп, малдарын жайлоонон алып келишет. Быйылкы алтын күз Лейлек районунун Андарак айылынын тургундары үчүн кандай болду?

«Мыкты спорттук үй-бүлө» сынагына эки жыл катары менен катышкан Алмабековдор

Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Айбек Алмабековдун үй-бүлөсү эки жылдан бери райондук «Мыкты спорттук үй-бүлө» сынагына катышып келишет. Быйылкы жылы ийгиликтүү болуп, райондо 2-орун алышкан.

Турусбек мектебинде ”Күз периси-2016” сынагы болуп ѳттү

Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинде “Күз периси-2016” сынагы болуп ѳттү. Бул сынака алты кыз катышып, баш байгени Канымгүл Темиркан кызы жеӊип алды.

Куланак: Окуучуларды күттүргөн күзгү бал

Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде көпкө күттүргөн күзгү бал 9-10-11-класстар арасында  болуп өттү. Балдын кандай өткөндүгүн бул макалада баяндоого аракет кылабыз.

Тасмада чычкан көбөйдү

Күз мезгили келгенден тарта Тасма айылында чычкан көбөйүүдө. Чычканга каршы айыл тургундары каршы аракеттерди жасап жатканын айтышат.

Токтоянда балдар үчүн кичи лагерь ачылды

Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебиндеги Ак-тилек балдар уюмуна кирген окуучулар үчүн алтынчы күндөрү лагерче ачылды. Лагердин эң башкы артыкчылыгы — бекер болгондугу.

Токтояндын уз-чебери Жумакан эне

Токтоян айылынын тургуну Жумакан Канкелдиева шырдакка кооз жана татаал оюуларды түшүрүп, үй көркүн ачкан шырдактарды жасайт. Жумакан эненин эмгегин жалпы айыл билет. Азыр деле анын кардарлары көп.

Токтоянда балдардын укугун коргоо темасында тарбиялык саат ѳтүлдү

Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде балдардын зоордук зомбулугун алдын алуу боюнча 7-9-класстын оокуучуларына мектептин соцпедагогу Канат Асанакунов тарбиялык саат өттү. Анда балдардын укугун коргоо, өзүн алып жүрүүсү боюнча талкулар …

Участия общин в чрезвычайных ситуациях

18 ноября 2016 года Фонд Национального Красного полумесяца по Таласской области организовали встречу двенадцати сообществ.

Сумбулада жергиликтүү кеңешке депуттарды шайлоого даярдык кандай жүрүүдө?

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоо жана референдумга карата даярдыктар жүрүүдө. Бул боюнча Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында даярдыктардын жүрүшү боюнча айыл өкмөттүн кызматкери Абдираим Жороев менен маек курдук.

Тасманын тургундары кышка даярбы?

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл Тасма айылында кар эрте түшүүдө деп билдиришет айыл тургундары. Тасмада биринчи кар 26-октябрь күнү жааган. Ал эми экинчи кар 17-ноябрга караган түнү жаады.

Терек-Сууда гүлдѳр кѳргѳзмѳсү болуп ѳттү

Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинде гүлдѳр кѳргѳзмѳсү болуп ѳттү. Кѳргѳзмѳнүн шарттары ар бир класс бештен гүл алып келип, алардын кайсы мамлекетен чыкканын жана кандай пайдалуу жактары бар экенин …

Биринчи жааган кар учкундуктарга кандай таасирин тийгизди?

Күз мезгили аяктап, кыш мезгили босогодон жаңы кирип келди. Учкундуктарга кыштын белгиси болгон кардын жаашы кандай таасирин тийгизгендиги тууралуу сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

Куланак: Мектеп окуучусу «Эң мыкты кат 2016» сыйлыгына ээ болду

Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин окуучусу “Эң мыкты кат 2016” сыйлыгынын ээси болду. Ал сынакка «Үркүн» туурасында жазган каты менен катышкан.

Куланак: Көп убакытка чейин чылым чеккендер эмне дешет?

Нарын районунун Куланак айылыныдагы чылым чеккендердин оюн билип көрдүк. 

Куланакта окуучулар медициналык текшерүүдөн өттү

Куланак айылындагы Жеңиш Султанова атындагы ооруканада сентябрь айынан бери уланып келген текшерүү толугу менен аяктады. Бул тууралуу аталган оорукананын клиникалык жетекчиси Сайрабүбү Асанова менен маектештик.

Куланак: Футбол аянтчасынын курулушу токтодубу?

Нарын районунун Куланак айылында курулуп жаткан футбол аянтчасынын курулушу суук түшкөнүнө байланыштуу убактылуу токтоду. Бул боюнча курулуш иштерине көмөк көрсөткөн айылдык жаштар комитети менен маек курдук. 

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...