Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Март 2019

Кулатов айыл өкмөтүндө 5-март «Ак калпак» күнү белгиленди

Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнүн алдында «5-март Ак калпак» күнүнө карата чоң иш-чара болуп өттү. Иш-чарага айыл өкмөттүн  башчысы Нуридин Мадимаров баш болгон айыл өкмөттүн кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл …

Жаш мугалим жараткан ийгиликтер

Мектепте эмгектенип баштагандан тарта өз ишин так аткарып, окуучуларды окутууда жаңы ыкмаларды колдонуп, өзүнүн иш тажрыйбасын бир эле мектеп ичинде эмес, районго чейин жайылтып келаткан Сокулук районунун Ысмайыл айылындагы Чодугүл …

Чолпон айылындагы ыргытылган кара жүн маселеси.

Чолпон айылында ар кайсы жерде ыргытылган кара жүн маселеси өтө көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелет. Ар кайсы жерде жаткан кара жүндү азыркы учурда биз көчөлөрдөн, талаалардан жана бакчалардан көп кезиктиребиз. …

Келгиле, окуйбуз долбоорунун негизинде

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде «Келгиле, окуйбуз» долбоорунун негизинде конкурс  болуп өттү. Конкурска 2-класстын окуучулары, ата-энелери менен катышышты. Конкурсту уюштуруунун …

Зомбулуксуз тарбиялоону үйрɵнүү

Ата-энелердин позитивдүү тарбиясы жана тарбиялоодогу зомбулуксуз мамиле баланын инсан катары ɵсүп-ɵнүгүүсүнɵ чон таасирин тийгизет.   Бул туурасында  Сокулук районуна караштуу  Аманкул Куттубаев атындагы орто мектебинде  ɵткɵн семинарда сɵз болду. Ага район …

Жаңы-Жер айылындагы таштанды маселеси

Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесипчилик лицейинин жаш өспүрүмдөрү  “Таштандылар менен күрөшүү” демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул окуу жайдын жаштары өз ыктыярлары менен эң биринчи окуу жайдын тегерегин тазалашып, андан кийин айыл ичиндеги …

Туура –Суу 1 айылынын  тарых музейи жаны экспонаттар менен толукталды

Аталган айылда тарых музейинде кыргыз эли колдонгон байыркы  улуттук буюмдар, тарыхый чополор, жазуулардан турган экспонаттар бар.

Тарыхый Кан-Дɵбɵ шаар чалдыбары

Ысык-Кɵл областынын Тоӊ районунун Туура-Суу айылынын тарыхый мурас эстелиги болуп Кан-Дɵбɵ чалдыбары эсептелет. Бул шаар чалдыбар болжол менен 12-13- кылымдарга таандык. Чалдыбар-бул орто кылымдагы шаар калдыктары.

Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар лицейдин күнөсканасында кесипке үйрөнүшөт

Чүй облусунун, Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 лицей ар тараптуу кесипке багыт берип, ар түрдүү кесиптик адистикке окутат. Бул лицейге Кыргызстандын жети облусунан келип, жатаканада жатып окушат. Өспүрүмдөр …

Айыл ичинде таштандылар кѳбѳйдү

Таштанды маселеси учурда коомдогу эң олуттуу койгѳйгѳ айланды. Мындай кѳйгѳй Ысык –Кѳл облусунун Тоң районундагы Туура-Суу 1 айылында дагы курч. Айыл ичинен агып ѳтүүчү Туура- Суу суусунун боюнда, айылдын кире …

Туура-Суу айылы жарыктандырылды

Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы Туура-Суу 1 айылындагы Алматай көчөсүндө түнкү жарыктандыруу маселеси чечилди.Түнкү жарыктандыргычтар 20 даана орнотулду. Бул иштерге айылдык бюджеттен 50 миӊ сом каралган. 

Айылдагы күнөскана жемиштерин берип жатат

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу 1айылында күнөскана ачылганына аз убакыт болду. Күнөскана мектептин аянтында жайгашып, мектеп жетекчилигини астында иш алып барат. Учурда күнөсканада жемиштер бышып, сатылып баштады.  

Жаңы-Жер айылындагы “Даткайым” апалар тобунун кыргыз кыздарынын шуру мончокторун тизүү чеберчилиги.

Кыргыз кызынын көркүн ачкан шуру мончоктору жөнүндө жөрөлгөнү  Жаңы-Жер айылында   кыргыз наркын, каада салтын айыл элине таанытып келе жатышкан “Даткайым”апалар тобу көргөзүп келе жатышат.  Кыргызда кызын турмушка узатаарда кыздын энеси …

Эл саламаттыгына ɵмүрүн арнаган ак халатчан

Адамдын эң негизги куралы болгон бул көз. Көз адамдарга бардык мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бекеринен элибизде “Көздүн карегиндей сакта” деп айтылбаса керек. Бул сөз менен эле биз жашообузда көздүн маанилүүлүгүн туйсак болот. Ал эми …

«48 саатка жогол»оюну боюнча түшүндүрүү иштери болду

Билим берүү бөлүмү тарабынан берилген буйруктун негизинде Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде  окуучуларга жана ата-энелерге «48 саатка жогол» аттуу интернет түйүнүнөн таркаган опурталдуу оюн боюнча түшүндүрүү иштери болуп өттү.

«Акыл ордо» интеллектуалдык оюну

Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде акыл ордо интелектуалдык оюну болуп өттү.

Сүрөтбаян: Базар-Коргон районунда ишембилик өттү

Базар-Коргон районундагы баардык мамлекеттик ишканаларда, ошондой эле Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн билим берүү мекемелеринде, балдар бакчаларында ишембилик болуп өттү.

Жогорку кеңештин депутаттары эл менен жолугушту

Могол айыл аймагындагы Чарбак айылына Жогорку кеңештин депутаттары келип, эл менен жолугушту.

Нарындагы «СЕКОМ» билим берүү мекемеси тездетилген курстарды өткөрөт

Нарын районунда «Секом» билим берүү мекемеси 2015-жылы түзүлгөн. Жылына ЖРТ га карата тездетилген даярдоо курсуна 90го чукул окуучулар келип, окуп кетишет. Окуучулар Нарын районундагы айылдардан, шаардан келип окушат.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...