Пандемия башталгандан бери Суусамыр айыл аймагында 176 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган. Алардын ичинен 18 жашка толо элек балдардан 1 адам дарыланып чыккан. Учурдагы эпидемиологиялык абал тууралуу айылдык оорукананын врач ординатору …
Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагындагы пандемия башталгандан тартып декабрь айына чейинки эпидемиологиялык абал боюнча статистика менен таанышып алыңыз.
Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна мамлекет тарабынан жаңы тез жардам автоунаасы толук жабдыктары менен берилди. Бул тууралуу маалыматты Ат-Башы райадминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Беткап тагынууда негизги эрежелерди билүүбүз зарыл. Бүгүнкү чыгарылышта беткап колдонуунун эрежелерин билип алыңыз.
Жаңгак өтө пайдалуу жемиштердин катарын толуктайт. Адамдын организмине тийгизген пайдасы дагы зор.
Ооган-Талаа айылынын тургуну Нурадил Субанов жаңгактан кыям жасайт. Жаңгактын кыямы зоб оорусуна пайдалуу болгондуктан сурап келгендер көп болууда.
Айылдагы мектептерде салттуу окуу башталгандан бери окуучуларга беткапты 2 саатта алмаштырып туруу талабы күч. Вирустан коргоочу медициналык бет каптарды ар дайым тагынып жүрүү кышкы суукта бууланып, ички бети суу болуп …
Адырашман бул көптөгөн ооруларга даба болуучу дары чөп. Май, июнь айларында гүлдөп, сентябрь, октябрь айларында уругу бышат. Көп жылдык дары чөптү медицинада да колдонулуп келет.
Нарын облусуна караштуу, Кочкор районундагы акыркы 3 ай аралыгындагы эпидемиологиялык абал боюнча статистика менен таанышып алыңыз.
Кыргыз эли байыртадан эле дары өсүмдүктөрдү колдонуп келишкен. Кагаз бетине жазылгандардын дээрлик баары сакталып калбаса да, муундан- муунга жана ооздон- оозго айтылып келет.
Москада эмгектенип жүргөн Кош-Дөбөлүк мекендештер өз айылындагы ооруканага кир жуучу автомат машина алып беришти.
Аделя Адисбекова 9-класстын окуучусу. Салттуу окутуу башталганда мектепке бет кап тагынып келе баштаган. Бирок белгисиз себептерден улам, жүзүнүн бет кап тагынган жерлери кызарып, жаралана баштаган.
Кыргызстанда дары чөп өсүмдүктөрүнүн бир канчасын кездештирүүгө болот. Алардын бири-көкөмерен чөбү.
Бозо – ачкыл ичимдик. Ошол эле учурда бозонун дарылык касиеттери чоң. Тасма айылынын тургуну Зийна Апызопа, бозо бөйрөк ооруларына жакшы, бирок кан басымды көтөрөт дейт билдирүүсүндө.
Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылынын эли сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүштү. Эмдөө 3 жашка чейинки балдарга, 60 жаштан жогорку улгайган жана мамлекеттик иштерде иштегендерге берилди.
Жаңы-Жер айылында эт дүкөнү ачылды. Буга чейин жылкы эти айылдагы эт дүкөндөрүндө сатылуучу эмес. Айыл тургундары буга чейин уйдун этине басым жасашчу. Пандемия башталганы жылкы этине суроо талап көбөйгөнү байкалууда. …
Талас районунун Көк-Ой айылынын жашоочусу Эрмек Жоробекова жетектеген “Бекнур” реаблитация борбору пандемияга карабай ишин улантып, борборго катталган балдардын ден соолугун чыңдоо иштерин жүргүзүп келишет.
Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин мугалимдери «Биз биргебиз» акциясын өткөрдү. Акцияга мектептин мугалимдери катышып, топтолгон акчага мектептеги мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга акчалай жана таттуулар алынып, үйлөрүнө барып тапшырылды.
Ак-Талаа районундагы аймактык оорукананын бардык бөлүмдөрүнө суюк кычкылтек системасы орнотулду. Тактап айтканда, инфекция, соматика, төрөт, хирургия, реанимация бөлүмдөрүнө суюк кычкылтек системасын атайын адистер келип орнотушту. Системанын жалпы сметалык наркы 4 …
Токтогул районуна караштуу Бел-Алды, Жаңы-Жол, Кетмен-Дөбө айыл аймактарда 3-декабрь майыптардын эл аралык күнүнө карата акчалай белектер таркатылды.