Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Инфраструктуралык

Акталаада классташтар көчөнү жарыктандырды

Ак-Талаа раонундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайын айылынын 20жылдык бүтүрүүчүлөрү демөөрчүлүк кылышып,  Турдалы Жамакеев (Ак койчу) көчөсүнө 20 көчө чырак коюп беришти.

3 Июнь 2021 жыл 10:30

Акталаада «Кален бак» маданий эс алуу жайы ачылат

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылында тургундар үчүн “Кален бак” маданий эс алуу жай ачуу аракеттери башталды. Аталган аймактын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенованын айтканына караганда айылда атайын эс алуу жай жок. …

2 Июнь 2021 жыл 12:05

Сары-Булуң: Сел алган көпүрө бүткөрүлүп колдонууга берилди

Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 2020-жылдын июнь айларында кѳпүрѳнү толугу менен сел алып кеткен. Кара-Суу айылынын Карамырза, Булуң аймактарынын эли кѳпүрѳ жоктугунан каттамсыз калган. Учурда жаңы курулган көпүрө бүткөрүлүп, ачылыш аземи болду. …

30 Май 2021 жыл 21:21

Сүрөт: Жайлоого өтчү жолдор оңдолууда

Жерге-Тал айылындагы Май-Булактын батыш тарабындагы жайлоого өтчү жолго жайыт комитети тарабынан жана демөөрчүлөр менен биргелешип шагыл төгүлдү.

19 Май 2021 жыл 10:30

Айыл тургундары азык-түлүк менен камсыз болушат

Төлөк айылында жакырчылыктан чыгуу үчүн атайын долбоор алынып келинди, буга 62 адам тартылды.

15 Май 2021 жыл 10:48

Чүйдө 12 социалдык объект аяктап колдонууга берилди

Чүй облусунда саламаттык сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармагында 12 объект пайдаланууга берилди. “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты …

14 Май 2021 жыл 15:32

Күнүнө Кочкор айылынан 27 тонна таштанды чыгарылат

2021-жылдын февраль айынан тарта Алмазбек Аситов “Кочкор Тазалык” ишканасынын директорлук ишин аткарып баштаган.

13 Май 2021 жыл 13:27

Могол айыл өкмөтү жазга карата алгылыктуу иштерди аткарды

Ооган-Талаа айылында жаздын келиши менен көп иштерди аткарылды. Аткарылган иштер боюнча айыл башчынын айтымында эң көйгөйлүү болгон сел коркунучунун алдын алып, сел арыктарын тазалап, ички көчөлөргө шагыл төгүлдү.

9 Май 2021 жыл 13:54

Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка жылуулук системасы орнотулду

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка долбоор аркылуу жылуулук системасы орнотулуп, эки имаратты кошуп турган коридор курулду.

6 Май 2021 жыл 23:03

Могол: Айыл өкмөтүнүн аткарган иштери

Ооган-Талаа айылынын айыл өкмөтү жаздын келиши менен бир топ ишти аткарууга жетишкен. Айыл башчынын айтымында эң көйгөйлүү болгон сел коркунучунун алдын алып, сел арыктарын тазалап, ички көчөлөргө шагыл төгүлдү.

30 Апрель 2021 жыл 10:28

Суусамыр: Көчөлөрдүн жарыктандырылышы тургундардын кубанычы болууда

Рамазан айынын башталышы менен Суусамыр айылынын Кожомкул көчөсүнүн тургундары үчүн жакшы жаңылык болду. Көчөгө жарык үчүн прожекторлор коюлду. Буга чейин жарык коюла элек көчөлөр дагы бар болгон.

22 Апрель 2021 жыл 18:42

Новое айылында жашыл эс алуучу жай курулат

FHI 360 уюмунун мониторинг жана баалоо бөлүмү тарабынан айыл тургундары арасында сурамжылоо жүргүзүлүп коомдук эс алуу жайынын жоктугу приоритеттүү деп табылган. Азыркы маалда көйгөйдү чечүү иштери башталды.

23 Март 2021 жыл 10:47

Учкун айылынын ортосундагы негизги көчө жарыктандырылды

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын негизги көчөсүнө жарык бергичтер орнотулду. Ал көчөдө көпүрө жайгашып, Учкун айылынын эки бөлүгүн бириктирип турат. Буга чейин ал жер караңгы болгондуктан, ар түрдүү кырсыктар катталчу.

3 Март 2021 жыл 11:28

Ооган-Талаа: Көйгөйгө айланган жол оңдолду

Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылындагы жол элдин көйгөйүнө айланып, айдоочуларга бир топ кыйынчылыктарды жаратып жаткан.

11 Февраль 2021 жыл 11:17

Жол кырсыгын азайтуу үчүн жол белгилери коюлду

Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын борбордук көчөсүнө 8 жерге айыл өкмөт тарабынан унаалардын ылдамдыгын азайтуу үчүн унаалар үчүн дөңсөлөр жана эрежелер орнотулду. Жалпы айыл өкмөт тарабынан 200 миң акча бөлүнгөн. 

2 Февраль 2021 жыл 8:05

Айылдагы таштанды төгүүчү жай жакында жабылат

Кочкор районунун Кара-Суу айылында таштанды төгүүчү жай айылга жакын жайгашкан. Айыл тургундары көп убакыттан бери нааразычылыгын билдирип келишет. Себеби, желим баштыктар учуп, малдын терилери, тарптар баары ушул жерге төгүлөт. Бул …

27 Январь 2021 жыл 14:39

Мектеп жамааты этно парк уюштурду

Кочкор районунун Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде этно стилиндеги парк курулду. Бул паркта тарыхый балбал таштар, ата- бабалар колдонуп келген таш буюмдары коюлуп, тегереги корулган.

27 Январь 2021 жыл 14:34

Төлөк айылында спорт залдын курулуш иштери бүтпөй турат

Кочкор районунун Төлөк айылында 2017-жылы курулуп башталган спорт зал бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй турат. Спортзалдын жоктугунан мектеп окуучулары дене тарбия сабагын эшикте өткөрүүгө мажбур. Ошондой эле айылда спорт менен машыгууга …

27 Январь 2021 жыл 14:14

Айыл өкмөтү: Кайыңды-Булак айылына социалдык шаарча курулат

Быйыл Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылына аз камсыз болгон толук эмес үй-бүлөлөр үчүн типтүү турак үйлөр салынат. Азырынча 15 үй-бүлөгө деп пландалып жаткан бул шаарча “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан курулат.

26 Январь 2021 жыл 22:34

Айылдын четиндеги көчөлөргө жарык берилди

Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу айылынын чет жакта жайгашкан Кара-Балта жана Жылдыз көчөлөрүнө жарык коюлду.

21 Январь 2021 жыл 9:06

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...