Тогуз-Торо районундагы Сатыбалдиев орто мектебинде так жана табигый сабактар бирикмеси болуп өттү. Бул тууралуу окуу, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Миргүл Какаева билдирди.
Тоң районунун РИИБдин кызматкерлери 13жаштагы Сыймык Акылбек уулун издеп жатат. Ал 2004-жылы 3-февралда Кара-Талаа айылында туулган.Учурда 5-классынын окуучусу. Сыймык 18-декабрь күнү саат 18:00 чамасында үйүнөн дептер сатып алуу үчүн дүкөнгө …
Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ 12-декабрда баскетбол боюнча оюн ѳттү. Анда өрөөндөгү эки мектепти окуучулары таймашты.
Талас шаарына караштуу Бекмолдо айылынын тугуну Азамат Султанбек уулуна бөйрөгүн алмаштыруу үчүн 2 млн сом керек. Ага Түркияда операция жасалаары күтүлүп жатат.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында 17-ноябрь күнү этнофестиваль болуп өттү. Бул фестивалга памирлик кыргыздар да катышышты.
Ак-Талаа районундагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин “Аян” командасы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине карата өткөн “Манас таануу” интеллектуалдык таймашында 3-орунду алды. Таймашка Ысык-Көл жана Нарын облустарынан жалпы 15 команда …
Ак-Талаа районуна караштуу Баевтов айылындагы Бейшеналиев орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата жаш мугалимдер арасында “Билерман ордо” мелдеши өттү.
Сүлүктү шаарындагы №9 мектеп гимназиясында окуу менен тарбия процессин айкалыштырган окутуунун өзгөчө ыкмасын колдонуу жакшы натыйжасын бере баштады.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Ардактуу уулу кыргыздын, даңктайлы бүгүн Чыңгызын” аттуу иш-чаралар уюштурулду.
4-декабрь — “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун “Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине” кирген күн. Бул күнгө байланыштуу Сокулук районундагы Жал айылында “Манас” күнү белгиленди.
Литературный вечер посвященный ко дню рождения великого писателя прошел в актовом зале школы села Кызыл Туу.
Талас шаарында биринчи жолу бөлмө гүлдөрүн саткан дүкөн ачылды. Дүкөндүн жетекчиси Кубан Дүйшөнбековду кепке тарттык.
Түп районуна караштуу Тасма айылында 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата ачык тарбиялык саат өттү. Тарбиялык саатка Асан Сопиев мектебинин 2-класстагы окуучулары катышты.
Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу айылында окуучуларга жол кыймыл эрежесин үйрөтүү максатында класстар аралык мелдеш өткөрүлдү.
Тоң районунунун Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков орто мектебинде окуучулар бардык сабактар боюнча аймактык олимпиадага катышып келишти.Олимпиада Кара-Коо айылында болду. Информатика мугалими Чынара Исаева төмөндөгүлөрдү айтып берди; «Олимпиадага өзүм сабак …
Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну өзүнүн күчү менен күнөскана курду. Күнөскана айыл тургундарын жер-жемиштер менен Балыкчынын баасында камсыз кылып жатат.
Тоң районундагы Кара-Талаа айылында спортзал салынууда. Аны «Кумтөр» ишканасы каржылап жатат.
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылынын тургуну Абдухаким Темирбаев асыл тукум койлорду багат.
Барскоон айылыбызды жашылдантып гүлдөп өсүшүнө салымын кошуп келгендердин салымы элге жакшы элге белгилуу.
Талас шаарында Кабылбек Коңурбаев атындагы балдарга билим берүүчү «Баластан» борбору иштейт. Борбордо билим алгандардын арасында чет мамлекеттерге чыгып, ийгиликтерди багынткандар бар.