Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: cholpon

Айылдык китепкана эски мектепке көчүп келишти

Айылдык китепкананын имараты Кыргызпочтага карагандыктан Корчубек Акназаров атындагы орто мектептин эски имаратына көчүп келүүгө мажбур болушту. Китепкананын жетекчиси кандай пайда тапты жана эмне көйгөйлөр жаралгандыгын айтып берди.

Малдар тоодон эрте түшүп жатат

Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда күзгү талаа иштери аяктап калды. Бирок толугу менен бүтө элек. Тоодон эрте келген малдар түшүмү жыйналып бүтө элек талаага түшүп жатышат.

Конкурстан жеңип Москва шаарына саякатка барган окуучу

Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Асанбекова Жибек «Нужен ли русский язык Кыргызстану» аталышындагы конкурста эссе жазып, баш байгеге ээ болгон. 14-22-август аралыгында Москва шаарындагы «Привет, Россия» фестивалына 10 …

Ар тараптуу ишкердик кылган үй-бүлө

Чолпон айылынын тургуну, эл агартуунун отличниги, тарых мугалими Галия Сыдыкова үй- бүлөсү менен көптөгөн иштерди аркалап келишет. Бул айым балдарга билим берүүдөн тышкары үй-чарбачылыгы, багбанчылык, бөлмө гүлдөрүн өстүрүү менен да алектенип …

Кипр аралынан окуучуларга китеп белекке келди

Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунунун, Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин китепканасына, Ырыскелди Исмаиловдун демилгеси менен жалпы 73 китеп белекке берилди.

Айылды ысык нан менен камсыз кылган ишкер

Айылды ысык нан менен камсыз кылган ишкер Бегайым Саадабаева биринчи булочка, бөлкө, духовкага лепешка бышырган. Элге тандырда бышкан лепешка жагымдуу болгондуктан азыр тандыр нан жасап, Чолпон, Дөн алыш, Мантыш, Ак-Талаа …

Молдо Кылыч айылынан чыккан уз айым

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Молдо Кылыч айылынын тургуну Сайкал Ниязова кол өнөрчүлүк өнөрүн 19 жашында баштаган. Азыркы күндө чакан тигүү цехи бар. Жумушсуздук көйгөйү чечилип, айылдын келиндери иштешет. Андан сырткары …

Соң-Көлдө турист тоскон үй — бүлө

Соң — Көлдө турист тоскон Анара айым жана анын үй — бүлөсү туризм тармагында 5 жылдан бери эмгектенип келишет. Жыл сайын чет мамлекеттен келген меймандардын саны арбып жатат.

Чолпон: Атадан атага уланган өнөр

Кочкордун Чолпон айылынын тургуну Чолпонкадыр устачылык кесибин атасынан калгандыгын айтат. Бул ишти эми баласы улантат дейт.

Волонтёрлорго видео даярдоо боюнча сабак өтүлдү

Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунун, Чолпон айылындагы «Чолпон» жамааттык мультимедиа борборунун коoрдинатору Гулира Сатарова жана волонтёр Кусейин Марат уулу 15-16-августта медиа мүчөлөрүнө видео тартуу жана үн жаздыруу боюнча сабак өтүштү.

Фестивалдын катышуучулары Нарынга маданий экскурсияга барып келишти

2022-жылдын 10-августунда «Устат-шакирт борборунун» режиссерлору Илгиз Жунусов жана Өмүрбек Бостонов окуучуларды Нарынга экскурсияга алып барып келишти. Ал жактан окуучулар Агахан(УЦА) университетин, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрын …

Аудио: Соң-Көлдү сактап калуу жергиликтүү калктын колунда

2022-жылдын 12-августунда Соң- Көл көлүнүн “Батай Арал” аймагында “Менин Соң-Көлүм” аттуу фестиваль өттү. Бүгүнкү күндө Соң-Көлдө малдын санынын көбөйүшүнө байланыштуу жайыттар деградацияланып, ал аймакта жашаган жапайы жаныбарларга, канаттууларга коркунуч жаралууда. …

Чолпон айылдык ак халатчандар көйгөйү

Кочкор районунун Чолпон айылындагы үй- бүлөлүк ооруканасы жардамга муктаж.

Чолпондо Курман айтка 13 бодо мал союлду

Чолпон айылында Курман айт күнүнө карата айыл ичинде 13 бодо мал курмандыкка чалынды. Аны Чолпон айыл өкмөтүнө кирген 9 айылдагы майып адамдар, жетишпеген үй бүлөлөргө таратышты.

Айылды суу менен камсыз кылган айыл башчы Асел

Чолпон айылынын жана Тармал Саз айылынын башчысы Асел учурда айылга сугат суу бөлүштүрүү менен алек. Ал талаааны кыдырып, суу баарына бирдей бөлүнүшүн көзөмөлдөйт. Айылдын четиндеги суу берүүчү насоско барып, суу …

Ар бир кесип ардактуу

Чолпон айылынын тургуну Жазмина Алияскарова бир нече кесиптердин ээси. Ал чач тарач, ырчы, визажист жана бир үйдүн кожойкеси.

Жеке ишкер айылды пескоблок менен камсыз кылат

Кочкор районунун Чолпон айылында пескоблок чыгаруучу ишкана ачылып, азыркы учурда пескоблоктун 2 түрүн чыгарып жатат. Буга чейин айыл эли райондон барып сатып алса, азыр айыл ичинен буйрутма менен ала алышат.

Ийгиликтин алгачкы кадамы….

«Ааламга кеткен жол айылдан башталат» дегендей, быйылкы окуу жылында Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин окуучусу Болотова Фатима ЖРТдан жогорку баллды багындырды. Тестирлөөдөн 200 баллынын ээси болду.

«Соң — Көл баяны» фестивалы болуп өттү

24-июнь күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында Соң-Көл фестивалы болуп өттү. Фестивалга Чолпон айыл өкмөтүндөгү айылдар катышты. Болуп өткөн фестивалдын максаты Соң- Көлдүн экосистемасын, жайыттарын жана жан- жаныбарларын сактоо, …

Сагын Эргешовдун «Кыз издейбиз» аттуу концертти Чолпондо

Чолпондун Маданият үйүндө Сагын Эргешовдун » Кыз издейбиз» аттуу концертти болуп өттү. Аны менен куудул Кубан Алимов да келди.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...