Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: cholpon

Чолпондо сейил бактары тигилди

Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында айыл өкмөтү менен биргеликте синагидра фирмасы тарабынан түндүк — түштүк жолундагы Кочкор – Эпкин долбоорунун эсебинен бактар тигилди.

Ыктыярчылар Жамааттык медианын 1 күндүк окуусуна барып келишти

Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунун, Чолпон айылындагы «Чолпон» жамааттык мультмедиа борборунун ыктыярчыларына 3-декабрь күнү Бишкек шаарында 1 күндүк окуу уюштурулду. Бул окуу Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин студиясында өттү.

Чолпондо СПИД ке каршы күрөшүү боюнча конкурс болуп өттү

Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде ар жыл сайын жалпы 9-класстын окуучулары арасында өтүлүүчү «1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата» конкурс уюштурулат. Аталган кароо сынакта, СПИД жөнүндө кененирээк маалыматтар …

Чолпон айылындагы окуучулар Мамбетасан ажы Ибраев менен жолугушту

Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектепте 25-ноябрь күнү, Нарын облусунун экс-казысы Мамбетасан ажы Ибраев 7-11-класстар арасындагы окуучулар менен жолугушуп, аларды билим алуунун зарылдыгына, ыймандуулукка чакырган тарбиялык сабак …

Зордук-зомбулук боюнча семинар болуп өттү

Нарын обулусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде зордук- зомбулукту алдын алуу жана глобалдуу маселелер кызуу талкууга алынды.

Мектепте Корчубек Акназаровдун 100 жылдык мааракеси уюштурулду

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде Корчубек Акназаровдун 100 жылдык мааракесине арналган иш чара өткөрүлдү. Семинарга Райондук администрациясынын жана Райондук Билим Берүү бөлүмүнүн, Чолпон айыл өкмөтүнүн …

ЖРТда 200дөн ашкан алдыңкы окуучу автоунаага ээ болот

Нарын областына караштуу Кочкор районунун Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 2022-2023-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү ЖРТга даярданууга чоң стимул алышты. Ушул мектепти бүтүп кетишкен, демөөрчүлөр Жакыпбек Бейшеналиев жана Майрамбек Казиев ЖРТнын жыйынтыгы …

Ормон хан Ниязбек уулу жөнүндөгү спектакль Чолпон айылында

Кочкор райондук маданият үйүндөгү, жалпы артисттер жамааты Ормон хан Ниязбек уулунун 230-жылдык мааракесине карата, Кочкор районун, Чолпон айылындагы, Корчубек Акназаров атындагы орто мектебине 18-ноябрь күнү спектакль уюштурушту. Аталган спектакльга, Чолпон …

«Энелер мектеби» боюнча сабак өтүлүүдө

15-ноябрь күнү Кочкор районунун Чолпон айылынын «Бүчүр-Таалай» бала бакчасында жана Убайдылда Малтабаров атындагы орто мектебинде «Энелер мектеби» боюнча окутуу болуп өттү.

Эпкин айылында жаңы ФАП менен мечит курулду

Кочкор районунун Эпкин айылында 14-ноябрь күнү заманбап ФАПтын ачылуу аземи болуп өттү. Учурда ФАП толугу менен бүтүп ишке берилди. Жаңы имаратка ээ болгон дарыгерлердин кубанычы чексиз.

11-14 жаштагы кыздар эмдөөдөн өтүүдө

Бүгүн Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектепте рак оорусуна каршы 11 жаштан 14 жашка чейинки кыздарга эмдөө жүргүзүлдү.

Кочкор: STEM — билим берүү боюнча семинар болуп өттү

2-3-ноябрда Кочкор районунда мугалимдер үчүн STEM — билим берүү боюнча семинар болуп өттү. Бул семинарды Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясынын биология мугалимдери Элеонора Муратбековна жана Назгул Мелисовна жетектешти. Семинарга катышкан …

Мектепте математикалык олимпиаданын биринчи туру болуп өттү

Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров орто мектебинде Америкалык Математикалык Олимпиадасынын (АМО) биринчи туру болуп өттү. Сынак 25 тесттик суроодон туруп, ага 90 мүнөт берилди. Жеңүүчүлөр Сингапурда өтө турган, олимпиаданын …

Көңүлдүү старт мелдеши өттү

25-октябрда 9-класстардын арасында коомдук ишмер, социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдык маарекесине карата көңүлдүү старт мелдеши болуп өттү.

Мугалимдер алгачкы жардам көрсөтүү боюнча билим алышты

Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде «Коопсуз мектеп» аттуу тренинг болуп өттү. Тренингди Нарын облусунан Кызыл ай коомунун тренерлери келип өтүштү.

Үй-бүлөлүк кирешени көбөйткөн – эмгекчил адам

Чолпон айылынын тургуну Нурадил Чолпонкул уулу ата-энесинен үлгү алып, эмгекчил адам болуп тарбияланган. Ар бир ишин өз убагында жасап, бардыгына үлгүргөн, мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенген чарбачыл адам десек …

Чоң-Туз жайлоосунда жасалма мөңгү курулууда

Кочкор районуна караштуу Чоң-Туз жайлоосунда жасалма мөңгү курулуп жатат. Бул иштин негизги себеби мөңгүлөрдүн санынын азайып жаткандыгында.

Окуучулар туура кесип тандоого багыт алышты

Корчубек Акназаров атындагы орто мектебине Reality Future компаниясынын жетекчиси жана Манас Түрк университетинин мугалими Нурсултан Каныбеков IT боюнча жогорку класстын окуучуларына сабак өттү. Нурсултан убагында Муратбек Субакожоев атындагы Түрк лицейин …

Мектепте мугалимдер күнү белгиленди

Бүгүн Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде «5-октябрь мугалимдер күнүнө » арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.

Биринчи жана даярдоо класстын окуучулары медкароодон өтүштү

Кочкор районундагы Чолпон айылынын ооруканасында жыл сайын биринчи жана даярдоо класстарда медициналык кароо болуп турат. Жыйынтыгы кандай болгондугун үй- бүлөлүк мед айымы маалымдады.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...