2018-жылы Ара-Көл айылында жаңы мектеп салынып баштаган. Быйыл 2023-жылы бүтүп, күзүндө ишке берилет деп күтүлүүдө.
Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүндө жыйын өттү. Жыйынга айыл өкмөт башчысы, жайыт комитетинин жетекчиси жана айыл тургундары катышып, бир катар жаңылануулар тууралуу маалымат берилди.
Кочкор районунун Ишенаалы Арабаев атындагы орто мектебинде «Жол кыймылынын жаш инспекторлоруна 50 жыл» деген темада конкурс болуп өттү. Бул конкурстун максаты жаш балдарды мекенди сүйүүгө, коргоого үндөө.
Ара — Көл жасалма көлү Кыргызстандагы эң чоң муз аянтчасы жана жай мезгилиндеги сугатка колдонулуучу көл. Бул жерге көп улуттун өкүлдөрү келет. Акыркы убактарда жергиликтүү жана чет өлкөлүк коноктордун сөзсүз …
Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылынын ортодогу боз үйү эскиргенге байланыштуу Кожомберди уруусу Балыкчы шаарынан жаңы боз үй алып келишти.
Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында 21-март күнү берекелүү Нооруз майрамы белгиленди.
Азыркы мезгилде Кочкордун Чолпон айылында көпчүлүк уйлардын төлдөп жаткан учуру. Уй жаңы төлдөгөндө уй баласына кандай кам көрүү керек жана ууз кантип жасалат?
Кочкор районунун окуучулары арасында Кочкор райондук «Прогресс» коомдук фонду уюштурган китеп сынагынан финалга чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жолдомо алган окуучулар 3 күндүк экскурсияга барып келишти.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Кенже Кожомуратова тоокторду багып баштаганына 3 жыл болду. Жергиликтүү тооктор киреше алып келбегендиктен эт багытындагы тоокторду багып баштаган. Жөжөлөрдү инкубатордон бастырып чыгарат жана чоңойгуча …
3-март күнү Молдо-Кылыч айылындагы Убайдылда Малтабаров мектебинде «Улуттук нарк-дүйнө жаны менен бир» деген темада интеллектуалдык оюну өттү.
Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Туз айылынын Сайнап Жунушалы кызы атындагы орто мектебинде райондук деңгээлде интеллектуалдык «Манас таануу» таймашы жана Жаш манасчылар арасындагы кароо-сынагы болуп өттү.
Жайыттар мал чарбасы үчүн тоюттун булагы болуп саналат. Азыркы учурда малдын санынын өсүшү жана жайыттарды рационалдуу эмес башкаруу жайыттардын азайышына, өсүмдүктөрдүн деградациясына себепкер болду. Жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, жайыттарды сактоо …
Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургуну Максат Кубанчбеков Корчубек Акназаров орто мектебине келип балдарга тарбиялык мааниде 9-11-класстардын окуучуларына сабак өттү. Коомдук ишмер балдардын кийинки жашоосунда мамлекетке пайдасын тийгизген жаштардан болуп өсүүсүн …
Бозо – кыргыздын улуттук суусундугу. Ал дан өсүмдүктөрүнөн, таруу, жүгөрү, буудайдан өндүрүлгөн угуттан даярдалат. Айыл жеринде мурдагыга караганда бозо салгандар азайды. Бирок кардарлар көп болгондуктан, бозонун баасы кымбаттаган.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн эли менен райондук администрация башчысы менен жолугушуусу болуп өттү. Жыйында аким элдин көйгөйүн, жүрүп жаткан долбоорлорду өз көзөмөлгө аларын баса белгиледи.
16-февраль күнү Чолпон айылындагы оорукана жаңыланып, ишке кирди. Оорукана 20 жылдан бери эски абалда турган. Ошол себептүү дарыгерлердин кубанычында чек жок.
Мектеп менен ата-эненин байланышын күчөтүү максатында Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 7- классынын окуучулары жана ата — энелери менен тарбиялык ачык сабак өтүлдү. Бул сабакты класс жетекчи жана …
8-февраль күнү Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин Aмерикалык математикалык олимпиадасынын экинчи туруна жолдомо алган окуучуларына сыйлыктар ыйгарылды. Сыйлыкты Кочкор районунун администрация башчысынын орун басары жана …
Кочкор районуна караштуу Туз айылынын тургуну Нурлан Алтымышов бир жылдан бери күнүмдүк турмушта абдан зарыл болгон каражат, самынды чыгарып келет. Самынды чыгарууга кеткен сырьенун кымбатташы менен анын баасы да кичине …
Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин китепканачысы Гүлжан Шаршееванын иши тууралуу төмөндөгүлөрдү маалымдады. Китепканачы жыл башында китеп таратып, жыл аягында чогултуудан башка кызматы кандай?