Улуу Ата Мекендик согуш мезгилин чагылдырган бир топ чыгармалар бар. Ал эмгектер муундан-муунга өтүп, мурас катарында сакталып келе жатат. Азыркы муун ошол чыгармалардын жардамы менен ата-бабаларыбыздын кандай кыйынчылыктар менен жеңишти, …
Чолпон айылынын тургуну, башталгыч класстын мугалими болуп 40 жыл эмгектенген ишмер айым Гулзамира Шакирова азыркы учурда бош убактысында шырдак жасоо менен алектенип келет. Шырдактан тышкары сайма сайып, курак курап, түймө …
Кочкор районуна караштуу Бугучу айылынын жаш жубайлары Таалайбек Мелисовдун үй-бүлөсү бүгүнкү күндө ар тараптуу ишкерчилик менен алектенишет.
Кочкор районунун Чолпон айылында жаз мезгили башталгандан бери жаш балдардын арасында чүкө оюну өтө актуалдуу болууда. Айылдын кайсыл гана жагын караба бул оюнду ойноп жаткан өспүрүм балдарды көрүүгө болот.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын маданият үйүндө Абдылда Иманкуловдун жана Нарынбек Молдобаевдин «Абысындар» аттуу концертти болуп өттү. Концерт кечки саат 21:00дө башталып, 23:00дө аяктады.
24-майда жааган кар аралаш жаан бир топ түйшүктү алып келип, тоодогу малчылар койлорун тоодон айдап түшүүгө аргасыз болушту. Быйыл жылдагыдан оор аба ырайы катталууда.
Кыргызстан аймагында аба-ырайы өзгөрүүлүүдө. Кочкор районунун Чолпон айылында дагы кар аралаш жаан жаап жатат.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи белгиленди. Эшикте аба ырайы суук болуп, жаан жаагандыгына байланыштуу бул кече мектептин спорт залында …
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин Республикалык экология жана инновация эссе, видео жана АРТ олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар ыйгарылды.
Кочкор районунун тургундарынын дээрлиги мал багуу жана дыйканчылык менен алектенишет. 24-майда Кочкор районунун тоолорунда кар жаап, дыйкандарды жана мал багуу менен алектенген чабандарды түйшөлтүүдө.
Чолпон айылынын тургуну Таалайкүл Садыбакасова көп жылдардан бери булочка жасоо менен алектенип келет. Ишкердин наабайканасында 1 камыр жууругуч, 2 меш, 1 көптүргүч бар.
Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 1-4-класстарга ысык тамак берилет. Мектеп ашканасындагы ашпозчу айымдардын кызматын көп эле адам биле бербейт. Ашпозчунун кызматы кандай? Аны өзүнөн сурап …
Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине Жаманкул Тойгонбаев №15 кесиптик лицейинин мугалимдери келип, окуучуларга туура кесипти тандоого багыт берип, ошондой эле лицей тууралуу мектеп …
Кочкор районунун Чолпон айылында төрөлүп, өскөн Айнура Рысбаеванын колдоосу менен көчө чырактары коюлуп, жарык болуп калды. Буга чейин аталган көчо кечинде караңгы болуп, айыл тургундарына оорчулук болуп турган.
Кочкор районунун Чолпон айылындагы тойканасында энелер күнү белгиленди. Майрам айыл өкмөтү тарабынан уюшулду.
Бүгүн Чолпон айылында 11 жаштан 14 жашка чейинки кыздарга АПВга каршы эмдөө жүргүзүлдү. Негизи эмдөө 2019-жылы эле алынмак, бирок COVID-19 чыгып калгандыгына байланыштуу 2022-жылга жылдырылган.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында көптөгөн үй- бүлөлөр бал тартуу менен эмгектенишет. Алардын ичинен Канышай Саманчиева балчылыкты жакшы өздөштүрүп, Чолпон айылын бал менен камсыз кылып келет.
Ара-Көл айылынын тургундары 17-май күнү жамгырга түлө беришти. Айылда 100 түтүн чогулуп, мечитке олтурушту. «Жаан жаап, күзүндө кырманыбыз данга толсун, элде токчулук, тынчтык болсун»-деп бата тилешти.
Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров орто мектебинин окуучулары таңкы көнүгүү жасоо менен сабактарды башташат. Мындай машыгуу ден соолуктарын чындоого жардамы тиет дейт мугалимдер.