Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: cholpon

Чолпон: Сугат суу быйыл жылдагыдан кенен

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында жер айдоолорго суу берилип бүтүп, айыл ичиндеги чарба иштерине суу бөлүнүп берилип жатат.

Чолпондо үрөн тазалоочу аппарат иштей баштады

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында 4 жыл мурун үрөн тазалай турган аппарат келген. Учурда сезону башталып, кызуу иш жүрүп жаткан кези.

Энеден балага өткөн талант

Чолпон айылындагы шайыр апалар тобунун мүчөсү Сакин Макебаеванын апасынан калган акындык таланты бар. Ал учурда талантын арбытууга аракет кылууда.

Туура кесип — келечек кепилдиги

Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине №94 кесиптик лицейинин тарбия иштеринин уюштуруучусу окуучуларга туура кесип тандоо үчүн багыт берип, ошону менен биргеликте лицей тууралуу мектеп окуучуларына …

Чолпон айылы: Мээнеткеч селекционер фермер

Тимур Каипбек уулу асыл тукум Арашан койлорун жайылтуу, багуу боюнча мээнеткеч, селекционер фермер болуп саналат. «Эт жана май багытындагы асыл тукум кыргыз койлорунун» көргөзмөсүндө байгелүү орундарды камсыз кылып келет.

Чолпон айылы: Оро-Башы айылына таза суу киргизилди

Оро-Башы айылында 90-жылдан бери таза суу жок болчу. Ал эми бүгүнкү күндө айылдын тургундары 8500сомдон чогултуп жана акимчиликтен акча бөлүнүп жалпы 2млн. сомго таза суу киргизилип жатат.

Ара-Көлдө форель балыгы өстүрүлүүдө

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылынын тургуну Асанкожо Кайдулатов 2022-жылдын күз айларынан бери форель балыгын өстүрүү менен алектенүүдө. Балыктар жасалма көлмөдө, толук коопсуздукта өстүрүлөт.

Мектептерге өрт өчүрүүчү шаймандар берилүүдө

Корчкор районундагы Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине «Кызыл ай» коому тарабынан өрт өчүрүүчү шаймандары алынып келди.

Мекенибизди таштандыдан сактайлы

Чолпон айылы менен Ара-Көл айылдарынын ортосундагы Ак-Белде таштандынын саны уламдан улам көбөйүүдө. Элге өтө чоң залака келтирип, элдин нааразычылыгы күчөдү.

Чолпон айылы: Бала бакчанын оюн аянтчасы жаңыланды

Кочкор районунун Чолпон айылынын «Бүчүр-Таалай» бала бакчасынын оюн аянтчасына шаймандар орнотулду. Бала бакчаны жабдуу ишин 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан жасалды. Бул оюн аянтчага айылдагы кичинекей балдардын баары келип ойной алышат.

Чолпон айылында фортепиано ийрими ачылды

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын маданият үйүнүн көркөм жетекчиси Гулзат Фрунзе кызы фортепиано ийримин ачып, окуучуларды ага ойногонго үйрөтүп жатат.

Айыл ичинде интернет чубалгылары туташтырылып жатат

Кочкор районунун Чолпон айылында интернет чубалгылары туташтырылууда.

Чолпон айылы: Улуу Жеңиш күнүнө 78 жыл

Бүгүн 10-май күнү Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата кичи иш чара өттү.

Айдоо-себүү кызмат акылары кымбаттады

Азыркы учурда Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүндө жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан убагы. Солярканын жана айыл чарба техникасынын тетиктеринин кымбат болушу, айдоо-себүү кызмат акыларынын жогорулашына алып келген.

Бир адамдан — бир көчөт

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун »Бир адамдан бир көчөт» жарлыгы боюнча 2 жылдан бери Ара-Көл мугалимдери көчөттөрдү тигип келүүдө.

Айлардын султаны болгон Рамазан айы

Рамазан-мусулман жыл санагындагы тогузунчу жана эң маанилүү ай. Рамазан айы ыйык болуп саналат. Бул айда «Куран» түшүрүлгөн. Рамазан айында, ошондой эле, бардык мусулмандар үчүн Ислам түркүктөрүнүн бири болгон «орозону» кармоочу …

«Жыл мугалими-2023» сынагы болуп өттү

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Жыл мугалими-2023» сынагы болду. Сынакка жалпы 9 мектеп катышты.

Туура кесип тандоо үчүн эмне кылуу керек?

Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Жапаров атындагы маданият үйүндө “Туура кесип тандоо келечектин кепилдиги” деген темада форум болуп өттү. Форумга Кочкор районуна караштуу бардык мектептин 9-11 класстардын окуучулары катышышты. Семинар …

Чолпон айыл аймагы ишембиликте

Март айынан тарта 3 айлык ишембилик жарыялангандан баштап айыл аймакта ишембиликтер өтүп жатат. Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүндө ишембиликке Чолпон айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен аппарат кызматкерлери, аялдар кеңеши, китепканачылар, маданият …

Павлин багуу менен алектенген айыл тургуну

Кочкор районуна караштуу Ара — Көл айылынын тургуну Жаныбек Узагалиев 2 жылдан бери павлин багууда. Балапан кезинен алынып келинген павлиндер азыркы учурда чоңоюп, саны 18 ге жеткен. Павлиндерди кооздук үчүн …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...