Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы №6 ҮТД ооруканасында 1-октябрдан тартып 31-октябрга чейин Кыргыз Республикасында аялдарды өзүн-өзү карап, кам көрүү боюнча акция жүрүп жатат.
Адамдар телефонго көз каранды болуп, убакыттын кандай өткөнүн билбей калышууда жана дарыгерлердин айтуусунда балдардын ара төрөлүшүнө алып келиши да мүмкүн.
Кочкор районундагы Чолпон айылындагы 110-35 Чолпон көмөкчү чордону 14 айылды электр-энергиясы менен камсыздап келет. Азыркы учурда бул подстанцияга жаңы трансформатор коюлуп, оңдоо иштери жүрдү жатат.
Нарын облусунун Кочкор районунун Ара-Көл айылындагы көптөн күткөн курулуштагы мектеп 2023-жылы соңуна чыкты. Ара-Көл айылынын тургуну Ырсалиев Рахатбек жаңы салынган мектепке демөөрчү болуп проекторлорду орнотуп берди.
Ормон Хандын 230 жылдыгына карата Кочкор районундагы стадионду оңдоп түзөө иштери башталды. Учурда баардык мекемелер ишембиликке чыгып, «Ормон Хан» атындагы сейил бакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 23-сентябрь тил күнүнүн 34-жылдыгына карата атайын салтанаттуу линейка болду.
2023-2024-окуу жылына карата Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби оңдоп-түзөө иштерин ишке ашырды. Мектептин терезелери пластик терезелерге алмашылып, жылытуучу системалар орнотулду.
Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин тарых кабинетинин ачылышы болуп өттү. Бул кабинетке Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, тарых мугалими Жакыпбек Султановдун ысымы ыйгарылып, …
Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылынын тургуну Медетбек Осмоналиев жерди тамчылатып сугаруу иштери менен алектенет жана башка дыйкандарга сугаруунун ушул методун сунуштайт. 2015-жылы тамчылатып сугаруу системасын жайылтууга өкмөт кеминде эле 30 миллион …
Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылында жайгашкан Ара-Көл жалпы билим берүүчү мектеби 2023-жылдын 1-сентябрында жаңы курулуп бүткөн имараты пайдаланууга берилди. Бул мектеп 2018-жылдан бери мамлекеттик бюджетке киргизилип, 5 жылдан бери салынып …
Кочкор районунун Чолпон айылында 31-август Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы белгиленди. Иш чара биринчи жолу айыл өкмөттүк деңгээлде болуп өттү. Ошондой эле иш чарага аймактагы бардык мекемелер катышышты.
2023-2024-окуу жылында Кочкор районундагы Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучулары электрондук күндөлүк менен кагаз күндөлүк да колдонушат.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Кайырбек Кубатбеков глицерол минералдык жер семирткичин 6 жылдан бери колдонуп келген. Быйыл үшүктөн элдин көпчүлүгүнүн алма, өрүк жана башка бактары үшүп кеткендиктен аларды сактап …
Кочкор районунун Чолпон айылындагы «Бүчүр-Таалай» жана «Нур-Чолпон» бала бакчалары балдарды тосууга даяр. Бала бакча косметикалык ремонттон өткөрүлүп, балдарга кошумча дагы да шарттар түзүлүп жатат.
Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл жергесине жайкысын чет өлкөлүктөр жана жергиликтүү элдер да эс алууга барышат. Аларды меймандостук менен тосуп алган ашканалар жана көчө тамактары адамдардын маанайын көтөргөнгө ар дайым даяр.
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылында Кайырбек Черикбаев 8 жылдан бери пескоблок чыгарылып келет. Айыл тургундарына курулуш материалын даяр кылып, андан сырткары 4-5 киши иш менен камсыз болгон.
Кыргызстан боюнча 23-24-майда бүтүрүүчүлөр ЖРТ тапшырышканы баарыбызга белгилүү. Ошол тесттин жыйынтыгы чыгып, Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жогорку балл алган окуучуларга сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.
Чолпон айыл өкмөтүнүн Узун-Булак айылында суу сактагычтан алыштарга сууну алуу үчүн, суу алуучу курулмалар курулуп жатат. Анын негизги материалдык чыгымдардын баарын Узун-Булак айылынын тургундары камсыз кылышкан.
Кочкор районунда учурда 1 литр кымыздын баасы 150 сомдон ылдый боло элек. Жергиликтүүлөр быйыл жаз кеч келгендигине байланыштуу, кымыз аз болуп, баасы кымбат болууда деп болжолдошууда.
9-июнь күнү Чолпон айылына Нарын облусунан «Кербен» мобилдик бригадасы келип, элдерди акысыз медициналык кароодон өткөрүп кетишти. Ага Чолпон айылынан тышкары Эпкин, Ак-Чий, Молдо-Кылыч айылынын тургундары келип көрүнүштү. Жалпы келгендердин саны …