Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: cholpon

Эми мектеп окуучулары калпак кийишет

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Бул чогулушта окуучулардын мектеп формасына калпак киери жарыяланды.

Кыргызстанда ВИЧ оорусу күчөп жатат деген маалымат чынбы?

ВИЧ оорусу көп жылдардан бери дүйнө жүзүндө чоң көйгөй болуп, дарысы азыркы күнгө чейин табыла элек. Кыргызстанда ВИЧ оорусу күчөп жатат деген маалымат интернет булактарында жайылып жатат. Бул маалымат канчалык …

21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү

Нарын облусуна караштуу Чолпон айылынын №3 айылдык китепканасында 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата чакан иш чара болуп өттү. Окуучуларга тил күнү боюнча маалымат берилди.

Мал доктур: «Иттер өздөрү оорубайт, алар ооруну таратуучу болот»

Нарын облусунун, Кочкор районуна караштуу, Чолпон айылында жолбун иттерди (кароосуз калган) жок кылуу иштери жүрдү. Жалпы 147 ит 4 мышык атылды. Мал доктурдун айтымында иттер түрдүү ооруларды жайылтуучулар болот. Негизи …

Видео: Кочкордогу Узун-Булак айылынын жашоочулары таза сууга муктаж

Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Узун-Булак айылынын тургундары ичүүчү таза сууга муктаж. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү калк бийликтен жардам сурашат.

Акылай Болотбекова Кочкор райондук олимпиадада 1-орунга ээ болду

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10б классынын окуучусу Акылай Болотбекова райондук олимпиада да 1-орунга ээ болуп, l даражадагы диплом менен сыйланды.

Чет өлкөдө медициналык борбор ачкан Клара Курбанова жана робот жасаган Нурзада Макеева жөнүндө окуучуларга презентация жасалды

Кочкор районунун Чолпон айылынын «Чолпон» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Гулира Сатарова 9-10-11-классынын окуучуларына презентация жасады. Анда «Соң-Көл» медиа тарабынан даярдалган «Новосибирск шаарында ар улутту бириктирип, медициналык борбор ачкан Клара Курбанова» …

Видео: Чолпон айылында «Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз» сынагы болуп өттү

Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде «Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз» интеллектуалдык сынагы болуп өттү. Сынак Билим берүү жана Илим министрлиги тарабынан өлкөнүн баардык аймактарында уюштурулган.

Чолпон айылында “Зордук-зомбулукка каршыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш болду

Кочкор районундагы Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде зордук-зомбулукка каршы “Зордук-зомбулукка каршыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш өткөрүлүп, балдар арасында волейбол оюну ойнотулду. 

Видео: Чолпон айылында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленди

Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 12-декабрь күнү Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш чара уюштурулду.

Кыргыз ишкер айымдары тууралуу презентация жасалды

Кочкор районундагы “Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору 9-10-11-классынын окуучуларына эки макала боюнча презентация өттү. Ал макалалар “Германия билимдүүлөрдү баалайт” жана “Нөлдөн башталган бизнес” деп аталып, “Соң-Көл” жамааттык мультимедиа тарабынан даярдалган. Анда …

Кочкор районундагы айылдын айрым көчөлөрүн суу каптады

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын айрым көчөлөрүн суу каптады. Кээ бир көчөлөрдүн арыктары даяр болбогондуктан, суу үйлөрдү каптап көйгөй жаратты.

Чолпон айылына тарыхый этнографиялык маданий комплексин куруу боюнча илимий конференция өткөрүлдү

19-ноябрда Ара-Көл айылынын мектебинде илимий конференция болуп өттү. Анда келечекте Чолпон айылына кайрылган жер менен айыл мүрзөсүнүн ортосундагы 20 гектер жерге тарыхый этнографиялык маданий комплекси куруу боюнча талкуу болду.

Чолпон айыл аймагына караштуу мектептердеги эже-агайлар арасында спорттук мелдеш уюштурулду

Абдулла Качыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Ырыс алды ынтымак» аттуу эже-агайлар арасында спорттук мелдеш уюштурулду.

Ара-Көл жалпы мектебинде окуучуларга ысык тамак бериле башталды

Кочкор районунун Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинде, башталгыч класстар үчүн ысык тамак бериле башталды. Ысык тамак берилүү демилгесин «MERCY CORPS» компаниясы камсыздап жана 4 күнүн мамлекет, 1 күнүн ата-энелер …

Атам, апам жана мен болобуз супер спортсмен аталышындагы спорттук таймаш уюштурулду

Кочкор районунун Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинде, башталгыч класс мугалимдери Насира Ибраимова жана Айжан Дөөлөталиева «Атам, апам жана мен болобуз супер спортсмен» аталышындагы үчүнчү, төртүнчү класстын окуучулары жана ата-энелеринин …

Видео: Корчубек Акназаров мектебинде күз ханзадасы жана ханбийкеси тандалды

26-октябрь күнү Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Алтын күз» аттуу темада иш чара болуп өттү. 

ФАПта оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

Азыркы учурда Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылындагы фельдшердик-акушерди пунктту (ФАП) оңдоо иштери болуп жатат.

Аткаруу комитетинин АРИСте аткарган иштерине коомчулук тарабынан баа берилди

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу тарабынан (АРИС) социалдык мобилизациянын натыйжаларын баалоо үчүн социалдык отчеттуулук боюнча чогулуш болуп өттү. Бул чогулушка Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын тургундары …

«Дебат кербени» Кочкор районунда

Нарын облусунун Кочкор районундагы айылдардагы орто мектептердин окуучуларына дебат тууралуу тренингдер өтүлдү. Бул иш-чаралар “Акылга болгон даабат” кербенинин алкагында уюштурулган, кербен “Сорос-Кыргызстан” Фонду тарабынан колдоого алынып, өткөрүлдү. 

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...