Жайкы мезгилде баардык балдар бош убактысын көңүлдүү өткөргүсү келет, өзгөчө мектеп окуучулары. Бирок бардык эле ата- эненин мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Жал айылынын мектеп окуучулары, жайкы каникулду кандай өткөрөөрү жөнүндө, балдар ата- энелер жана мугалимдер менен маек курдук.
Учкунда таза суунун токтоп калышы көнүмүш көрүнүшкө айланды. Кээде 1-2 күндөп суу болбой калат. Айыл башчы Касымакун Мамырбаев муну тургундардын таза сууну сарамжалдуу колдонбогондугуна шылтайт.
11-июнь күнү кечинде Учкун айылынан Шейшенаалы ата конушу менен Асанаалы көчөлөрүн байланыштырып турган көпүрөнү айыл тургуну өзүнүн минген аты менен айланып өтө калам деп каналга кирип кеткен.
Куланак айылы тоого жакын жайгашкандыктан, кыян көп болот. Бул экономикалык жактан гана чыгымдарды алып келбестен, кошуналык мамилелерди да бузуп келүүдө.
Куланакта күндүн ысышы жана кургакчылык көптөгөн ооруларга көйгөй жаратат. Ал оорулардын бири кан басым оорусу, деп билдирди Куланак айылдык стационардын бөлүм башчысы Майрам Көчиева.
Жардам алуучу тизмеге тоголок жетим, жарым жетим, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөр кирген. Бул жардам «Элим-Жерим коомдук фонду» тарабынан көрсөтүлдү. Буга Аралбаев орто мектебинин соцпедагогу Нурипа Дондошева кайрылган.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Шайлообек Исаев мындан эки жыл мурда күнөскана ачкан. Андан бир топ убакыт өткөн соң Куланакта алгачкылардан болуп тажрыйба катары жүзүм тиккен.
Жайыл райондук китепканачылардын семинары Кара-Суу орто мектебинде уюштурулду. Бул семинардын алкагында атайын ачык сааттар өтүлүп, баары ийгиликтүү болду, дейт мектептин окуу тарбия боюнча директорунун орун басары.
2014-жылдын 7-8-июнунда, Кара-Суу айылынын мультимедиа борборунун жаш кабарчыларына “Жарандык журналистика — эркин ой пикирди калыптандыруунун куралы” деген аталыштагы окуу өткөрүлдү. Окуу Кара-Суу айылын мульти медия борборунда өтүп, катышуучулар жараандык журналистиканын принциптери, мүмкүнчүлүктөрү, келечеги туралуу кенен маалымат алышты. Бул иш-чара ЮНЕСКО уюмунун Алматыдагы бюросунун колдоосу менен уюштурулуп, Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Мэри Бекешова өттү. Мындан тышкары, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлү Валентина Галич “Айыл үнү”, “БУУнун жаңылыктары ” мобильдик сайттарын колдонуу, таратуу боюнча презентация жасады. Тренингге катышкан жаштар журналистика боюнча пикири жана ойлору менен бөлүштү.
Чуй облусу Жайыл районунун Кара-Суу айылында 2013-жылы бала-бакча ачылып ийгиликүү иштеп келатат. Бирок бала-бакчанын оюн аянтчасынын жоктугу элди нааразы кылууда. Сейил учурда балдар талаага чыгып ойношот. Балдар учун оюн аянтчаны жеке демилге менен куруу боюнча ата-энелердин пикирин алдык.
Куланак айылында 2014-жылдын 11-кыласынын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тесттин жыйынтыгын күтүп жаткандыгын айтышты. Алар бир чети мектепти аяктап жатканына кубанса, дагы бир чети мектептен кеткиси келбей жаткандыгын айтышат.
Июндагы жаан-чачынды Токтояндыктар катуу кубануу менен кабыл алышты. Жазгы айлар кургакчыл болгондуктан айдоо талаалар саргайа баштаган.
Былтыркы жылга караганда быйыл жаан-чачын аз болуп, айдоо жерлери кургап, дан осумдуктору жабыр тарта баштаган.
Аралбаев орто мектебинде 1-июнь балдарды коргоо күнүнө арналган атайын чакан майрамдык кече болуп өттү.
Иш-чара айыл өкмөт тарабынан уюшулуп, бөбөктөргө балмуздак берилип, балдардын маанайы шаңга бөлөндү.
Ал «Манас» айтуу аркылуу бир гана Кыргызстанда эмес, башка мамлекеттерде да таанымал болгон. Биздин Уч-Коргон медиа борборубуздун кабарчысы Атабек Арипов, Шохрухтун кандайча “Манас” айтууга кызыгып калганын билүү үчүн аны менен маектешип келген. Төмөндө ошол маегибизди сунуштайбыз.