Толгонай Көчкөнбаева “Нооруз” дүкөнүнүн ээси. Ал кырк жылдан бери соода тармагында иштеп келет. Келечекте дүкөнүн кеңейтүүнү пландоодо.
Белек Чүкүшов 1995-жылдан бери Куланакта бак өстүрүү менен алектенип келет. Бактарды мал-койго жедирбей, өз убагында жакшы караса Нарында деле бардык жемиштер өсөт, дейт ал.
«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды
Кадамжай районуна караштуу Уч-коргон айылында “Колосок” балдар бакчасы совет доорунан бери кызмат көрсөтүп келет. Жалпы эле айылдагы таза суу көйгөйү учурда балдар бакчасына да терс таасирин тийгизүүдө. Бакчанын кызматкерлери курулган суучоргосун (Колонка водопроводная) иштетип берсе дешет.
Үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан тарта Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагында биринчи жолу автобустук каттам ишке кирди. Айыл тургундары автобустун эрте токтоп калып жаткандыгына нааразы болууда.

Жал айылында Мобилдик мультмедия борборунун ишмердүүлүгү менен танышуу максатында Евробиримдиктен атайын өкүлдөр келишти. Мындан бир топ убакыт мурда ачылган борборубуз жана кандай ийгиликтерге жетишкендигибиз тууралуу презентация жасап алар менен тааныштырдык.
Токтоянда айылдык чогулуш болду. 8-апрелдеги курултайдын башкы маселесине жазгы иш чаралар жана мал чарбасы тармагында иштер киргизилди. Мында айыл тургундарынын жайыттар боюнча ой пикирлери жана сунуштары угулду.
Нооруз майрамы мугалимдердин «Сармерден» оюн-зоок кечеси менен коштолду. Нооруз майрамын Умай энесиз элестете албайбыз. Андыктан Нооруз майрамында жакшылыкты тилек кылып Умай эне аластап өттү.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, Лениндин 100 жылдыгына карата медалынын, Кыргыз ССРинин ардак грамотасынын ээси, бир нече жолку Нарын областтык, райондук кеңешинин депутаты Жеңишгүл Султанова өзүнүн сүйгөн кесибине өмүрүнүн 45 жылын арнады.

Окуучулардын талантын өркүндөтүү максатында Нарын районуна караштуу Куланак өрөөнүнүн «Жаш талант-2014″ кароо-сынак фестивалы Учкун айылында болуп өттү. Куланак айылынан барган окуучулар алдыңкы орундарды багынтып, Нарын райондук фестивалга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.
Кара-Сууда айылдык ден-соолук комитетин (АДК) 2007-жылы Швейцариянын жараны негиздеген. АДКнын чет өлкөлүк донорлордун колдоосу менен кызмат кылып келе жатканына алты жылдын жүзү болду. Бул тууралуу АДКнын жетекчиси Гүлнур Дүйшөнкулова менен маектешип келдик.