Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: kyrgyzmedia

Кызыл-Булак: Ашыкча чыгымдарды жоюу боюнча чогулуш болуп өттү

image-73.jpg
Буга чейин Кулатов айылдык кеңешинин депутаттары эки-үч жыл мурда той-аштарга жана өлүм-житимдерге кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча маселе козгогон. Анын натыйжасында токтом кабыл алып бекиткен.
Ал токтом натыйжа бербей, айылда ар кандай терс окуялар жүз берүүдө. Ошонун алдын алуу максатында азыр эми айыл аксакалдары өздөрү демилгелеп, чоң чыгымдарды токтотуу боюнча атайын чогулуш өткөзүштү.

Кызыл-Булак: Кулатов атындагы музейдин курулушу кызуу жүрүүдө

image-69.jpg
Айылыбыздан чыккан Кыргызстандын чыгаан инсаны Төрөбай Кулатовдун ишмердигине арналган музей курулууда. Бул музейдин курулушун «ЭРКА» жоопкерчилиги чектелген ишканасы колго алган. Тендерден утуп алып, азыркы күндө курулуш иштери аяктоо алдында турат.

Куланак: Өрөөндүк олимпиаданын жыйынтыгы аныкталды

wpid-20131130_094535
Мектеп окуучуларынын өрөөндүк олимпиадасы Абдылда Аралбаев атындагы Куланак орто мектебинде өткөрүлдү. Олимпиадада 11 предмет боюнча окуучуларынын билимин сыналды.

Нарын облусу: Учкун айылында кымыз жасоочу аппарат ойлоп табышты

20131201_113849
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын мугалимдери кымыз жасоочу аппарат ойлоп табышты. Мунун жардамы менен кымыз даярдоо бир топ жеңил болмокчу дешет аппаратты ойлоп табуучулар.

Токтоян: Суучулар айлык акысын эки айдан бери ала элек

________1191
Токтоян айылынын бир нече жашоочусу ичүүчү сууга акча төлөй электигин анда иштеген кызматкерлер айтып чыгышты. Алардын айтымында, чогулган каражаттын баары керектүү буюмдарга кетип, суучуларга айлык акы келбей жатат.

Куланак: Айылда ыр кесе уюштурулду

DCIM100MEDIA
Улуттук баалуулуктарды даңазалоо, маданиятты көтөрүү максатында ар кандай иш-чаралар уюштурулуп келет. “Айыл кечи” деп аталган ыр кесе Нарын районуна караштуу Куланак айылында 27-ноябрда айыл тургундарынын катышуусунда өткөрүлдү.

Токтоян: Мектеп толук жылыбай окуучулар сабакта үшүп отурушат

{janym}rita3246
Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов орто мектебине жаңы электр жылыткычтары коюлган. Алардын окуу бөлмөлөрүн жылытканы күчү жетпей, окуучулар сабакта чечинбей отуруп сабак өтүүгө туура келет.

Ооган-Талаа: Он төрт жашар жаш талант

Фото-0041
Бактыбек Шермат уулу 1999-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында жарык дүйнөгө келген.

Бактыбек беш жашынан тарта чоподон жаныбарларды, адамдарды жасай баштаган.

Он үч жашында “Жаш талант” конкурсуна катышып райондук жана облустук мелдештерге катышып алдыңкы орунду багындырган.

Куланак: айыл тургундары Ак-Талаада ачык эшик күнүнө катышып келди

wpid-100_8675
2013-жылдын 20-ноябрында Ак-Талаа районунун Баетов айылында «Кызмат алуу укугуңузду пайдаланыңыз» аттуу ачык эшик күнү болуп өттү.

Учкун айыл округунда «редактор» маалымат жыйыны болуп өттү

wpid-20131119_150514
Семинарга Нарын районунун Куланак жана Учкун айылдарынын тургундары жана Мобилдик жамааттык мулттимедия борборунун мүчөлөрү катышты.

Ооган-Талаа: Былтыркыга салыштырмалуу быйыл жаңгактан көп пайда түшүүдө

wpid-20131001_105751
Дүкөнчүлөрдүн айтымында быйыл жаңгак көп болгонуна байланыштуу, жаңгактан өткөн жылга салыштырмалуу көп пайда табылууда.

Кызыл-Булак: Айылда көптөн күткөн көпүрө курулушу аяктады

wpid-IMG_20131117_101500
«Кызылбулак айылынын тургунумун. Ушул айылыбызда көптөн бери чечилбеген маселе мына бүгүн чечилүдө. Мен ушу кишилерге жатаканасын каралашып, тамак ашын жасап колдон келген жардамымды берип жатам»,-дейт Аманбай Кыямидинов.

Ооган-Талаа: Бокол көчөсүндө суу жок болгондуктан адамдар кыйналууда

image-105.jpg
Бокол көчөсүндө суу чыкпагандыктан жашоочулар ар кайсы алыс жерлерден суу алып келүүдө. Айыл тургуну Турсунбаев Нурландын айтымында 2014-жылдын май айларында суу чыгышы күтүлүүдө.

Маек: Орусиядан Кыргызстанга жүк-200дү кантип алып келдим

DSCI1878Агам дайыма жеңем менен эжемден мурда жумуштан чыгып үйүнө келип калчу. Ошол күнү айлыгын, сыйакысын (ред. премиясын) жана авансын да алып иштен чыккан экен. Эжемдер үйгө келсе агам жок. Эжем менен жеңем агама кайра-кайра телефон чалып сурашса, агам “азыр Карим мененмин” деп, андан башка эч кандай сөз айтпай телефонду өчүрүп коюп жатыптыр.

История Зейнеп-апа: 15 лет одиночества

zeynep-apa_0467
После смерти своего мужа, а затем и гибели сына, Зейнеп-апа уже 15 лет живёт в полном одиночестве в селе Куланак в Нарынской области.

Куланак: Учкун айылында кудуктагы сууга чөккөн баланын абалы жакшы

wpid-20130713_151417-1-1
Динара Ашранбек кызы эки уулу менен жакынкы айылдардын бирине туугандарына жардамдашканы барган. Апасы Динара үйдө жардам берип жүргөн кезде кичинекей балдары сыртка ойногону чыгып кетишкен. Бул окуя Динаранын балдарынын бири кудуктагы сууга түшүп кетүүсү менен аяктаган.

Ооган-Талаа: Айылдагы төрөт үйүндө унаа жок

IMG_0210
Кеминде он айылды тейлеген Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүнүн кызматкерлери төрөтү келгендерди аймактык ооруканага жеткирүү үчүн таксисттерге кайрылышат. Айрым тургундардын унаага төлөөгө каражаты жетишпегендиктен төрөттү өз убагында аймактын ооруканага жеткире алышпайт. Аймактык оорукана менен айыл аралыгы 50 километр.

Токтоян: Айыл тургуну эхинококк орусунан баса албай калды

________1156
Токтояндын сегиз жашар тургуну Али Майрамбек уулу эхинококк орусуна чалдыгып, азыркы учурда баса албай калган. Дарыгерлер Алинин көп сүйлөөгө болбостугун айткандыктан, макала анын атасы Майрамбек Асаналиевдин берген маегинин негизинде жазылды.

Ооган-Талаа: Мультимедия борборунун айрым мүчөлөрү жумуш издеп Орусияга кеткен

image-112.jpgЖумушсуздуктун айынан Оооан-Талаа мультимедиа борборунун кабарчысы Диана Турсунбаева мектепти аяктаган соң Москвага кеткен. Ошол эле борбор жетекчисинин орун басары Марат Токтобаевдин билдиришинче, алардын кабарчылары көтөргөн темаларынын жардамы менен айылда бир топ маселе чечилген.

Ооган-Талаа: Жети жылдан бери түзөлбөгөн жол оңдолду

image-105.jpgАйдоочунун айтымында жолдун оңдолушу аларга жеңилдиктерди жаратууда. Эгер асфальт төшөлсө мындан да жакшы болмок дейт айдоочу.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...