Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: kyrgyzmedia

Кызыл-булак: жаштар демилгеси тобу иш бөлмөлүү болду

Демилге Маширапбек Маманазаровго  таандык. Ал Кулатов айылынын жаштар комитетинин төрөгасы. Маманазаровдун айтымында иш бөлмөсүнүн ачылуусуна жергиликтүү бюджеттен 100000 сом бөлүнгөн. «Учурда иш бөлмөгө эмеректерди сатып алууга 60000 сом которулду. Бөлмөнү ремонттоо  иштерине …

Токтоян: Тоо жарлары этегиндеги үйлөргө коркунуч туудуруда.

image-164.jpgЭгерде кокусунан кар көчкү же жер көчкү боло турган болсо үй жайларды тез эле басып калат.

Токтоян: Январь айындагы жер титирөөнүн кесепетинен үйлөр жараксыз абалда калды

image-154.jpgКөптөгөн үйлөрдө жаракалар кетти. Дагы жер титирөө болсо урап калуу коркунучунда турат.

Токтоян: Информатика сабагында беш окуучуга бир компьютер туура келет

20131101_075321D
Коёнкөзов орто мектебинин окуучулары аптасына эки же үч жолу информатика сабагын өтүшөт. Бул сабакта окуучуларга бир гана ыңгайсыздык бар — ар беш окуучу 45 мүнөтүн бир компьютердин алдында өткөрүүгө тийиш.

Токтоян: Токой башчысы бактардын кыйылуусун көзөмөлдөөгө жетише албай жатат

________1028

Айылдын айрым тургундарынын билдиришинче токойду керек болуп калганда кыйууга туура келет. Токойчу Эрмек Кудайбергенов өзүнүн ишин күчүнүн жетишинче жүргүзүп жаткандыгын айтат.

Токтоян: Сырткы миграция күчөөдө

image-142.jpgАйылдын бир тургуну мындан беш жыл мурда Орусияга барып эмгек акысын ала албай келсе, башка дагы бир жашоочусу жакшы акча таап келген.

Тынчтыкгүл Рысалиева чет өлкөгө барып иштеп келген.

Токтоян: Таштандылар жыл сайын көбөйүүдө

image-136.jpgТургундардын айтымында, эгерде таштанды урналары коюлуп, кулактандыруулар айтылса анда айыл таза абалга келет.

Куланак: Мектеп жакшы жылыбайт

image-347.jpgАралбаев орто мектебинде термометр үч даража жылуулукту көрсөтүүдө. Окуучулардын айрымдары сууктан колдору  үшүп, сабакта активдүү катыша албай жатышкандыгын айтууда.

Куланак: Жалгыз бой эне жардамга муктаж

image-340.jpgБиз үйүнө баш бакканда Зейнеп апа мейман тосууга камданып жатыптыр.
«Кечинде коңшуларым келет, даярданыпатам»,-деп керебетинин бир чекесине олтура кетти.
Он беш жыл мурда жалгыз баласы каза болуп, андан эки жыл илгери абышкасынан айрылган.

Куланак: «Үч жылдыз» конкурсунун болуп өтүшү ата-энелерге таасир берди

image-333.jpgМунун максаты ата—энелердин мектепке көбүрөөк көңүл буруусу жана окуучулардын талантын эл алдына алып чыгуу[…]
Биз бул жөнүндө маалыматты «үч жылдыз» конкурсунун катышуучуларынан сурап өттүк. 8 класстан мындай жооп болду […]

Куланак: Спортчулар грек-рим күрөшү менен волейбол залында машыгат

image-327.jpgГреко-рим күрөшү боюнча Казакстанга сапар алууда[…]
Биз күрөш боюнча маалыматты тренер Назарбек агайдан алдык.
«Бул күрөштүн ачылганына бир жарым жылдай болуп калды. Толук айтканда 1 жыл 8 ай болду. Буюрса жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз. Ачылгандан 15күндөн кийин эле үчөө орунга жетишти. Жана дагы эл аралык мелдештерден көптөгөн орундарга жетишип келетабыз. Республикалык мелдештерге да барып жүрөбүз»

Токтоян: Жыл башындагы зилзаладан жабыркаган үй ээси мамлекеттен жардам күтүп жатат

Asanbai (3)
Айыл тургуну Асанбай Самаковдун үйү жер титирөөдөн авариялык абалга кептелеген. Асанбай Самаков үйүнүн кызыл китебинен сырткары бардык тиешелүү документтерди даярдап, азыр мамлекеттен жардам күтүүдө. Кызыл китеп ала албагандыгынын себеби анын үйү айдоого ылайыкталган жер тилкесине курулган.

Куланак: бала бакчада керебет жетишпейт

Ekran Alıntısı

Айылдагы Таңга-Бийке атындагы бала бакчасында жүздөн ашуун бала тарбияланат. Анда балдар эки смена менен окушат. Ар бир сменада 60тан бала бар, анын жарымына керебет жетишпейт.
Бала бакча 2008-жылы мамлекет тарабынан ачылган. Андагы төшөнчүлөрдү балдардын ата-энелери алып келип беришкен.

Жалал-Абад: Жаз-Кечүү айылы курулгандан бери тургундар электр жарыгысыз жашап келүүдө

1833_watermark_12_12_rightbottom
Айрым жегриликтүүлөр электр жарыгынын жоктугунан коомдо болуп жаткан окуялардан артта калып баратканын айтышса, кээ бири электр энергиясы жоктугунан кышында башка жакка көчүп кеткендер көп болот дешет.

Токтоян: айылга дарыкана керек

Токтоян

Токтоян кыштагынын жашоочулары сыркоолоп калганда дары-дармек үчүн жергиликтүү дүкөнгө баш багышат. Керектүү дарысын таба албай калса, аргасыздан оорусуна чыдап кайра үйүнө барууга туура келет, же 40 километрден ашык аралыктагы район борборуна каттоого тийиш.

Кара-Суу: Профилактика брюшного тифа

image-135.jpgКара-Сууйский общинный мультимедийный центр распространил интервью с врачом о профилактике брюшного тифа на следующий день после того, как вспышка этого заболевания была зафиксирована в соседнем селе.

Куланак: айылдагы жалгыз сейил бак кароосуз абалда

wpid-20120104_073518
Айылдын көркү болгон парк кароосуз калгандыгын Куланактын жашоочулары баяндап өтүштү. Айылыбыздын тургуну Ырысбүбү Иманалиева сейил бак жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди.
«Сейил багыбызга көңүл бурулбай калганына көп болду. Ал жерде ызы чууну, акыр-чикирдин жана ар кандай ыплас нерселерди көрө алабыз. Бул туура эмес, ошол жердеги ата-бабаларыбыздын арбагын сыйлабагандык»,-деп көзүнө жаш алды.

Куланак: айыл тазалыгын таштандылар булгоодо

wpid-20131017_143549
Айылды кантип таза кармаш керек деген суроону тургундарга узатып көрдүк? Сурамжылоонун жыйынтыгы төмөнкүчө болду.
«Негизи чындыгында эле айылыбызда таштанды көп төгүлүп жатат. Эгер айыл өкмөт тарабынан таштанды челектер орнотулуп берилсе, мүмкүн бул айылыбыздын таза болушуна өбөлгө түзөт»,-деп жооп берди Бекназар Дөөлөтбек уулу.

Токтоян: Окуучулар карыларга жардам берүүдө

wpid-Foto7363
Мектеп окуучулары карылардын үч айлыгы жарыяланганынан тартып «Карылардын кадырын барктайлы» деген ураан менен айылдын улгайган тургундарына жардам берип жатышат.

Токтоян: Мектепте «Күз берекеси» сынагы өткөрүлдү

wpid-Foto73461
Күз берекеси конкрусуна 1ден 11-класска чейинки окуучулар катышышып, жашылча-жемиштерди алып келип көргөзүштү.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...