Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: shapak

Кочкор. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ата-энелер майрам тартуулашты

1-июнь «Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата» Кочкор районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ата-энелер «Хан ордо» тойканасына майрамдык кече уюштурушту. Кечени уюштуруу демилгеси ата-энелерге таандык. Ата-энелердин демилгеси менен «Асыл балдар» фонду …

Кочкордо NAGA-ГРЭППЛИНГ боюнча Республикалык турнир өттү

Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан «Ж.Саралаев» атындагы спорт комплексинде СССРдин Эл агартуусунун отличниги Нурдин Токтогоновдун жаркын элесине арналган NAGA-ГРЭППЛИНГ боюнча Республикалык ачык турнир болуп өттү.

Мал киндиктүү Кочкордо эттин баасы канча?

Биздин күнүмдүк тамак-ашка эт дайыма керектелет. Организмди керектүү витамин менен камсыз кылуу үчүн адам белгилүү бир өлчөмдө эт жеп туруу керек. Эттин баасы көтөрүлүп, кээ бир үй-бүлөлөр үчүн эт сатып …

Кочкор. Эс алуучу жай курулууда

Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жаңы эс алуучу жай курулууда. Анын курулушун мектепти 20 жыл мурун бүткөн айыл тургундары колго алышты. Учурда эс алуучу жайдын айланасы тосулуп, 70 даана карагай отургузулду. …

Сатуучу: «Ун сатып алуу айрым адамдарга оор болууда»

Биз күнүгө керектөөчү азык-түлүктүн бири ун болуп эсептелет. Чакан үй-бүлө бир айда 1 мүшөк ун керектесе, көп балалуу адамдардын унга болгон керектөөсү 2 мүшөккө жетет. Кочкор районунда ундун баалары канча …

Аш-тойдогу ысырапкорчулук жана ашыкча чыгым

Акыркы мезгилде эл арасында аш-той өткөзүүдө ашыкча ысырапкорчулукка жол берген учурлар көп кездешүүдө. Мындай чыгым кээ бир адамдардын чөнтөгүнө күч келтирип, карызга баткан учурлар да жок эмес. Экономикалык кризис учурунда …

Видео. Кочкордо заманбап спорт комплекси ачылды

18-декабрда Кочкор районундагы Ак-кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылында заманбап спорт комплекстин ачылышы болду. Анын ачылышына Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, облус жана район башчылары, ошондой эле айыл …

Кочкор.Тажрыйба алмашуу максатында семинар өткөрүлдү

6-декабрда Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүндө «Жергиликтүү коомчулук тарабынан жайыт ресурстарын сактоо» долбоорунун алкагында семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинарга Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев, «Кыргыз жайыты» ассоциациясынын төрагасы, Жергиликтүү кеңештин депутаттары, …

Жеке ишкер мектептин ашканасына демөөрчүлүк кылды

Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин ашканасына жеке ишкер Султанова Таалайкүл Асаналиевна жетишпеген идиш-аяктарды алып берди. Эске сала кетсек ашкана быйылкы окуу жылынын башталышы менен ишке кирип, кенже класстын …

Аудио.Кочкор районунда мектеп жетекчилерине, башталгыч класстын мугалимдерине тренинг өткөрүлдү

1-3-ноябрь күндөрү Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын базасында, «Окуу Керемет» долбоорунун алкагында тренинг өткөрүлдү. Ага мектеп жетекчилери жана башталгыч класстын мугалимдери катышты.     Аэлита Сейдакматова

Аудио. Жаш акын- Медер Кубанычбек уулу

Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Медер Кубанычбек уулу ыр жазууга кызыгып келет. Анын ыр жазууга болгон каалоосу 10-класста башталган. Ал көбүнчө Мекен, ата-эне, мектеп жана классташтары …

Видео. Баткен коогалаңынын 23 жылдыгы эскерилди

Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде Баткен окуясынын 23 жылдыгы эскерилди. Ага мектептин 3-А классынын окуучулары катышты. Класс жетекчиси-Кыдыкбаева Мээрим Уранкаевна. Эскерүү кечесинде слайд көрсөтүлүп, чакан концерт менен коштолду.

Видео.Терроризм, экстремизмге каршы окутуу өткөрүлдү

20-октябрда Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде «Ислам-тынчтыктын, ынтымактын жарчысы» деген темада тренинг өткөрүлдү. Ага Кочкор райондук администрациясынын башчысынын орун басары, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы, …

Аудио. Мектепте заманбап ашкана ачылды

Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде заманбап ашкана ачылды. Ал жерде 1-4-класстын окуучулары ысык тамак ичишет. Ашкананы ачууга Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк уюму, Ак-Кыя айыл өкмөтү жана жергиликтүү тургундар демөөрчүлүк …

Химия сабагы боюнча «Акыл ордо» конкурсу болуп өттү

Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде химия сабагынан, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимиТурганбаева Нурила жана ушул сабактан предметтик олимпиадага катышкан окуучулары тарабынан «Акыл ордо» конкурсу болуп өттү. Конкурска 9-11-класстардын …

Кочкор. Айбек Самаков: «Жаратылышты сактап калуу өз колубузда»

12-октябрда Кочкор районундагы Кара-Суу айылында «Коомчулуктар жана түпкү элдер сактаган аймактар» аталышындагы тренинг болуп өттү. Тренингке айыл тургундары, жайыт комитетинин төрагалары, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы жана аппарат кызматкерлери, ошондой эле …

Кочкор районунда мугалимдер күнү белгиленди

Бүгүн 5-октябрь агартуучулардын кесиптик майрамы. Ал 1994-жылдан баштап мугалимдердин Бүткүл дүйнөлүк күнү катары майрамдалып келет. 5-октябрда Кочкор районундагы «Чолпон» кинотеатрында мугалимдердин кесиптик майрамынын урматына салтанаттуу кече болуп өттү. Ага район …

Табигый кырсыктарга ар бир жаран даяр болушу керек

29-сентябрда Кызыл ай коомунун Нарын облусундагы өкүлчүлүгүн тренерлери, Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин педагогикалык жамаатына жана жогорку класстын окуучуларына окутуу өткөзүштү. Алар жер титирөө учурунда сактануунун жана биринчи жардамды көрсөтүүнүн …

Медайым: «Кант диабети уйку безинин сезгенишинен пайда болот»

Кант диабети уйку бездердин сезгенишинен пайда болот. Уйку бездердин куйрукча жагында бетоклетка бар, уйку бези сезгенгенде, бетоклеткалар жабыркап шишийт. Бетоклеткалар жок калганда инсулин иштелип чыкпай калып кант диабети пайда болот. …

Кочкор: «Зордук-зомбулукка каршыбыз» аталышындагы семинар өттү

15-сентябрда Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында «Зордук-зомбулукка каршыбыз» аталышындагы семинар өттү. Семинарга Кочкор райондук администрациясынын башчысынын орун басары, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, прокуратура өкүлдөрү, соц.педагогдор, мектеп мугалимдери, окуучулар …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...