Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: shapak

Мектепте «Улуттук адабият» күнү белгиленди

Кыргыз адабиятынын корифейи, дүйнөгө аты чыккан, кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо быйыл 93 жашка чыкмак. Бул маараке өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелеринде белгиленүүдө. 13-декабрда Кочкор районундагы …

Ар бир адам медиасабаттуу болууга тийиш

Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы «Шапак» медиаборбору 11 айдан бери иш алып барып келет. Ал Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин базасында негизделген. Медиаборборго онго жакын мектеп окуучулары тартылган, алар жергиликтүү жаңылыктарды …

Элдин үнү: Той-ашта коронавирусту жуктуруп алуудан кооптонбойсузбу?

Күз айы келип мал жайлоодон түшүп, жер-жемиш бышып, түшүм жыйналып күз берекесин төгүп турган учур. Кыргызда күз мезгили аш-тойдун күчөп турган маалы болот. Пандемия учурунда көпчүлүк чогулган аш-тойлордо вирусту жугузуп …

Сурамжылоо. Кышка камылгаңыз кандай?

Күн өткөн сайын ысыктын күчү кайтып салкындай баштады. Суук башталып от жакчу күн да алыс эмес. Быйыл кыш кандай болот, көмүрдүн баасы кымбаттайбы, электр энергиясын берүүдө үзгүлтүк болбойбу деген суроо …

Кочкор: Акыркы айда коронавирус менен кайрылган бейтаптар азайды

Акыркы айларда өлкөдө Ковид-19 илдетин жугузгандар азайып, эпидемиологиялык абал турукташа баштады. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Бирок санитардык эрежени сөзсүз сакташыбыз керек, анткени арабызда ооруган адамдар жок эмес. Учурда жалпы Кочкор …

Мектепте санитардык эрежелер толук сакталууда

Жаңы окуу жылынын башталганына аз гана убакыт өттү. Окуу жылынын башталышын чыдамсыздык менен күткөн окуучулар кубануу менен мектеп босогосун атташты. Быйылкы окуу жылы салттуу түрдө башталышы коомчулук үчүн жагымдуу жаңылык …

Жаштар жакындан жардам беришти

Пандемия учурунда көпчүлүк жаштар карап турбастан колдон келген жардамын көрсөтүштү. Алар бош убактыларын текке кетирбестен, илдетти жеңүүгө салымын кошуп келишти. Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын «Кара-Суу» жаштар уюмунун төрагасы Кубанычбек Кадыров …

Кочкор: Быйыл түшүм аз көрсөткүчтө

Быйыл өлкөдө пандемия менен бирге эле кургакчылык да дыйкандарга кедергисин тийгизди. Жаан-чачын нормадан аз жаап, суунун көлөмү азайып, чөп жана дан өсүмдүктөр күйүп кетти. Албетте, мунун себебинен түшүм азайып арпа, …

Ата-энелер: Балдарыбызды окууга даярдоо кыйынчылык жаратууда

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрдан башталат. Мунун себебин министрлик педагогдордун вакцинаны толук алып бүтө электиги менен түшүндүрдү. Өткөн окуу жылы онлайн формада башталса, …

Жарандар фейк маалыматтарга абдан ишенишет

Азыркы тапта ар бир жарандын колунда заманбап уюлдук телефон бар. Ар бирибиздин интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүбүз кенен. Интернет желесинде бизге пайдалуу маалыматтардан башка, зыяндуу маалыматтар да жайгашкан. Алар адамдын психологиясына терс …

Дарыгер: «Ковид-19 өнөкөт ооруларды козгойт»

Дарыгерлердин айтуусу боюнча калктын көпчүлүк катмары Ковид-19 илдети менен ооруп чыгышты. Ден-соолугу чың, иммунитети жогору адамдар бул ооруну жеңил көтөрсө, өнөкөт оорусу бар адамдарга бул илдет терс таасирин тийгизет. Каза …

Кочкор: Райондук штабдын ишмердүүлүгү

Ковид-19 вирусунун башталышы менен Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын алдында райондук штаб уюшулган. Анын төрайымы – Орозбакова Бактыгүл Ормуковна. Штабдын максаты оорунун жайылып кетүүсүн алдын алуу, дарыгерлерге көмөк көрсөтүү жана эмдөө …

Дарыгер: «Коронавирус менен экинчи жолу ооруп калуу коркунучу бар»

Өлкө аймагында июль айында Ковид-19 вирусуна чалдыккандардын катталуусу жогорку чекке жетти. Дарыгерлердин айтуусу боюнча абал оор бойдон калууда. Бирок 2020-жылдын июль айына салыштырмалуу кырдаал бир аз жакшыраак.

Айыл тургундары: «Кымбатчылыкта аябай кыйналдык»

Тамак-аш,күйүүчү май жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баалары кескин өсүшүнө дээрлик бир жылдан ашуун убакыт өттү. Бул убакыттын ичинде баалар 50-60 % чейин өстү. Кымбатчылык элдин жашоосуна бир топ кедергисин тийгизди,бул …

Кара-Суу айылы: Өз ыктыяры менен вакцина алгандар көбөйдү

15-июлдан баштап Кочкор районундагы Кара-Суу айылында Ковид-19 вирусуна каршы эмдөө жүргүзүү кайрадан улантылды. Алгачкы эмдөө ушул жылдын май-июнь айларында жүргүзүлгөн. Биринчи эмдөөдө көпчүлүк жарандар эмдөөдөн баш тартышкан, себеби алар вакцина …

Кочкор: «Көп тилдүү билим берүү» заман талабы

2021-жылы 5-июлда Европалык  уюмдун (ЕС) Кыргыз Республикасындагы билим берүү секторун бюджеттик колдоо боюнча эксперти Арам Авагян, эксперт Сирмбард Светлана Рустамовна ошондой эле долбоордун эксперти Кадырбек Калканов Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев …

Кара-Суу: Элеттик ишкер айымдар

Жай мезгилинде айыл жеринде иш кызып турган учуру. Өзгөчө жүн жана кийиз менен иштөөгө эң ыңгайлуу мезгил. Учурда күн жылуу болгондуктан койлор кыркылып,жүнүнөн туристтерге шырдак,жана башка сувенирлерди жасап киреше табууга …

Кочкор районунда эпидемиологиялык абал кандай?

Акыркы 10 күндүн ичинде Кыргызстанда Ковид-19 вирусуна кабылгандардын саны кескин көбөйдү. Күнүнө 800дөн ашык адам бул илдетке кабылып жатат. Учурда райондогу кырдаал кандай жана бул оору менен ооруп айыккандардын абалы …

Айдана: «Алтын тамга» аттестатына ээ болдум. Бул ийгилигиме онлайн окуу тоскоол болгон жок»

Дээрлик 1 жылга жакын убакыт студенттер жана окуучулар аралыктан окуу аркылуу билим алышты.Мындай кырдаал окуу процессинин жүрүшүнө тоскоол жаратты.Бирок учурдагы кырдаалга карабай көптөгөн ийгиликтерди багындырган окуучуларыбыз да жок эмес. Биз …

Сүрөтбаян: Окуучулар каникулду пайдалуу өткөрүүдө

Акыркы учурда Ковид-19 вирусу кайрадан күчөй баштады. Адистер вирустун үчүнчү толкуну башталганын официалдуу түрдө жарыялашты. Алардын айтымында оорунун эч кандай белгилери билинбей эле башталат. Көпчүлүк ата-энелер балдарын сыртка чыгаргандан кооптонушуп, …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...