Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: shapak

Кочкордо «Жашыл мурас» өнөктүгүн айыл жаштары колдоого алды

Улуттук «Жашыл мурас» өнөктүгүн колдоо максатында айыл жаштары демөөрчүлүк кылып мектепке 200 түп алма, алмурут, өрүктүн көчөттөрүн отургузушту.

6-класстын окуучулары Түрк лицейине сынак тапшырууда

Бүгүн 13-апрель Кочкор районундагы Кара-Суу айылында Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде Турк лицейине 6-класстар арасында сынак тапшырууда.

Кочкор районунда жер айдоо башталды

Кочкор районунун Кара-Суу айылында жазгы жер айдоолор башталып, күйүүчү майдын кымбатташынан улам айыл тургундарында көйгөйлөр жаралууда.

Кочкор: Жаңы дайындоо

2022-жылдын 1-мартында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Курбанбек Камчыевдин буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчылыгына Мамырбаев Алымбек Бирназарович дайындалды. Буга чейин бул кызматта Батталов Рысбек Сапарбекович иштеп келген.

Кочкордо өрт кырсыгын алдын алуу боюнча машыгуу өткөрүлдү

Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде 4-мартта өрт кырсыгын алдын алуу максатында атайын машыгуу өткөрүлдү. Машыгуу өткөрүүнүн негизги максаты мугалимдердин жана окуучулардын даярдыгын көрүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле …

Кочкор: Жаңы дайындоо

2022-жылдын 1-мартында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Курбанбек Камчыевдин буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчылыгына Мамырбаев Алымбек Бирназарович дайындалды. Буга чейин бул кызматта Батталов Рысбек Сапарбекович иштеп келген.

Ооган согушунун өчпөс тактары ( 1979-1989)

Дээрлик 10 жылга созулган Ооган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүнө так калтырды. Афганистандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн он жыл бою кан кечип, согушуп келген советтик жоокерлер бул өлкөдөн …

Эсенбай эсепчи

 Эсенбай Кудаяр уулу (1850-1941 ж.ж.) жылдыз эсептеп, ай санап андагы жана алдыдагы элдин тагдырын тастыктаган, көзү ачык адам катары көрөңгөлүү кыргыз журтуна аңыз сыяктуу айтылып келет. Ак падыша убагында бий …

Эл үнү. Вакцина жана фейк маалыматтар

Фейк- англис тилинен которгондо жасалма, жалган, калп деген маанини билдирет. Азыркы учурда социалдык тармактарда фейк маалыматтардын түрлөрү абдан көп. Алардын кайсынысы калп, кайсынысы чын экенин ажыратуу да өтө кыйын.

Кочкор. Педагогдордун 50 % эмдөөнүн 3-дозасын алышты

Ковид-19 вирусуна каршы эмдөөнүн 3- турунан биринчи кезекте дарыгерлер жана медайымдар өтүштү, ал эми экинчи кезекте эмдөөдөн билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер, тактап айтканда мугалимдер жана бала бакча тарбиячылары өтүп …

Кочкор: Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арналган сынактын жыйынтыгы чыгарылды

2022-жылдын 9-февралында Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде белгилүү,чыгаан журналист Улан Эгизбаевдин элесине арналган, 7-11-класстар арасында уюштурулган «Келечек өз колубузда» аталышындагы дил баян жана сүрөт тартуу сынагынын сыйлоо аземи …

Омикрон. Айылда абал кандай?

Учурда «Омикрон» штаммы өлкөдө кеңири тарап баарыбызды тынчыздандырып турат. Бул штаммдын клиникалык симптомдору белгисиз болгондуктан адистер жөнөкөй эле тумоо менен айырмалоо кыйын экенин айтышат. Кочкор районундагы Кара-Суу айылындагы Үркүнчиев Сыдык …

Кочкор районунда 31 метр бийиктиктеги Туу орнотулду

2022-жылдын 23-январында Кочкор районунда флагштоктун ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Курбанбек Камчыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жылдыз Таалайбек кызы, Кыргызстан дин башкармалыгынын башчысы- муфтий Замир Ракиев, …

Кочкордо айыл тургундары мектепке демөөрчүлүк кылышты

Кочкор районундагы Кара- Суу айылынын 1971-жылы туулган тургундары мектепке демөөрчүлүк кылышты. Алар жалпы наркы 20 миң сомдук көк карагайдын көчөтүн алып беришти. Бул тууралуу Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин директору …

Кочкор. Ак-Кыя айыл өкмөтүндө 117 миллион сомго долбоор даярдалууда

Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн курамына Кара-Суу жана Жаңы-Жол айылдары кирет. Айыл өкмөттө 2 мектеп, 2 ФАП, 2 бала бакча жана 1 маданият үйү бар. Калктын саны-6820. Калктын этникалык курамы …

Кочкор районунда эпидемиологиялык абал көзөмөлдө

Учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп, ооругандардын саны күн сайын өсүп жатат. Адистердин айтуусу боюнча Ковид-19 вирусунун 4-толкуну башталды. Ооругандардын көпчүлүгү Бишкек шаарына туура келет. Ал эми Кочкор районунда бүгүнкү күндөгү …

Жаш ишкер: «Кымбатчылык ишкердүүлүккө тоскоол болгон жок»

Кочкор районундагы Кара- Суу айылынын тургуну, жаш ишкер- Бексултан Шераалы уулу эмерек жасоочу чакан цех ачканына 4-5 жылдын жүзү болду. Ал айыл тургундарынан буйрутма алып, жыгачтан түрдүү эмеректерди: отургучтун түрлөрүн, …

Айдоочу: «Күйүүчү май менен бирге тетиктер да кымбаттап кетти»

Күйүүчү майдын кымбатташы бир гана айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө көйгөй жаратпастан, жалпы карапайым элге оорчулук келтирүүдө. Мисалга алсак, тейлөө кызматтары, жол акы, тамак-аш, дары-дармек, кийим-кеченин наркы 2-3 эсеге өскөн.

Кочкор районунун акими эл менен жолугушту

2022-жылдын 12-январында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким Курбанбек Камчыев, орун басарлары Нурлан Эшмухамед уулу, Чынара Табылдиева Кара-Суу айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Кочкор. «Ордо» оюну боюнча мелдеш өттү

Бүгүн 29-декабрда Кочкор районунун Кара-Суу айылында Айдарбек Исаковдун жаркын элесине арналган «Ордо» оюну боюнча мелдеш болуп өттү. Оюнга «Кара-Суу», «Айдарбек», «Төлөк-1», жана «Төлөк-2» командалары катышты. Байге фондунун жалпы суммасы 20 …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...