Эки жарым айдан бери Кыргызстанда короновируска каршы эмдөө жүрүп жатат. Бирок эмдөө боюнча элдин кооптонуулары арбын. Анткени социалдык тармактарда эмдөө аркылуу адамдарга чиптер орнотулуп жатат, же эмдөө тукумсуздукка алып келет …
Эрте никенин курмандыгы болгон айыл тургунунун тагдырын баяндаган окуянын 1-бөлүгүн сунуштайбыз. Окуя Ак-Талаа районунун айылдарындагы бир үй- бүлөдөгү зомбулук тууралуу баяндалат.
Жерге-Тал айылындагы И.Молдобаев атындагы мектебинде окуучулардын санитардык нормаларды сактоосуна шарт түзүүгө багытталган заманбап даараткана курулуп жатат.
Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө жана Кызыл-Белес айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланбай калды.
Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт комитети жайлоого кетчү жолдорду оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Жакында эле Кашка-Суу жайлоосунун чек арасынын ичинде Сары-Жон участкасынан Шаты бейиттеги кыяга чейин 4-5 чакырымга жакын, …
Учурда окуу жылы аяктап, балдар жайкы эс алууга чыкканына эки жума болду. Бирок өлкөдөгү пандемиялык кырдаал балдардын ойдогудай эс алуусуна өз кедергисин тийгизбей койгон жок.
Катар мамлекетинин «Катар чарети» кайрымдуулук фондунун каржылоосунда Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү Чолок-Кайын айылында Калпанын алма багында «Калпа атанын мечитинин» курулушу башталды.
Ак-Талаа районунун 12 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо 8-июнда башталат. Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын Ак-Талаа райондук өкүлчүлүгү билдирген маалыматка таянсак, 12 айылда айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өткөрүлгөн.
Пандемиялык кырдаал Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдө дагы адамдардын жашоосунда өзгөрүүлөрдү алып келди. Ал эми жаштар аралыктан билим алуу, өзүн-өзү өнүктүрүү, изденүү менен бирге эле санариптештирүү заманында жаңы тармактарды өздөштүрдү.
Жакында Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын жашоочулары Баткен-Тажик кагылышуусунда жабыркаган үй-бүлөлөргө 60 миң сом акчалай жардам беришкен.
Ак-Талаа раонундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайын айылынын 20жылдык бүтүрүүчүлөрү демөөрчүлүк кылышып, Турдалы Жамакеев (Ак койчу) көчөсүнө 20 көчө чырак коюп беришти.
Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылында тургундар үчүн “Кален бак” маданий эс алуу жай ачуу аракеттери башталды. Аталган аймактын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенованын айтканына караганда айылда атайын эс алуу жай жок. …
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында учурда жумасына эки жолу таштанды чыгарылат. Кээде таштанды ташуучу унаалар бузулуп калган учурда дүйшөмбү, шейшемби күндөргө жылдырылат. Таштанды көбөйгөн учурда чыгаруучу унаа бир күндө 7 жолу …
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебин 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн атынан Тыныбек Дөөлөтбеков, Байыш Акматалиев жана Бактияр Мусаев 85 миң сом акча каражатын демөөрчүлүк кылып, мектеп администрациясына тапшырышты.
Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайын айылындагы Узакбай атындагы сейил бакта балдар үчүн оюн аянты ачылды.
Кыргызстанда пандемияга байланыштуу бир жылдан бери бир катар карантиндик чаралар киргизилген. Тейлөө мекемелериндеги, коомдук жайлардагы чектөөлөр, санитардык нормаларды сактоо боюнча атайын алгоритмдер ж.б. Мындай чектөөлөр ишкерлик чөйрөсүнө пандемия кандай таасир …
Жерге-Тал айылындагы Май-Булактын батыш тарабындагы жайлоого өтчү жолго жайыт комитети тарабынан жана демөөрчүлөр менен биргелешип шагыл төгүлдү.
Баетов айылдык кеңешинин жаңы шайланган депутаттары уюштуруу иштери боюнча өткөн биринчи сессиясында күн тартибиндеги маселелер менен бирге ички тартипти сактоо жана депутаттык ишмердүүлүктү ачык-айкын жүргүзүү боюнча чечим кабыл алышкан.
Ак-Талаа районунда өткөн жылы пандемияга карабастан 12 кичи ишканалар ачылып, 54 адам иш менен камсыз болгон. Ал эми жеке ишкерлер тарабынан 10млн.289 миң сомдук долбоор аткарылган.
Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтүндө «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору аркылуу 27 млн сомго сугат суу каналы курулуп жатат. Тактап айтканда, 3 чакырым Туура-Канал, 1 чакырым 600 метр …