Жамийла Акирекова жакындан бери Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда рентгенолог жана онколог дарыгер болуп эмгектенүүдө. Ал рак ооруларынын себептери, дарылоо жолдору жана райондогу учурдагы абал тууралуу маалымат берди.
Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү мектептердеги башталгыч класстарынын 181 мугалимине “Алтын казык” программасынын алкагында ноутбуктар тапшырылды. Анда “Санарип кампа” платформасы, окуу программасы, пландар, электрондук китептер ж.б. башкача айткандар мугалимдер жана …
Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде окуучулардын республикалык олимпиадасынын райондук II баскычы старт алып, ага райондогу 18 мектептен жалпы 338 окуучу 10 предметтен билимдерин сыноодо.
Бүгүн Ак-Талаа районунун башчысы М.Камчыбеков грепплинг боюнча эл аралык турнирде байгелүү орундарды камсыздаган жаш балбандар жана машыктыруучусу грепплинг күрөшү боюнча 5 жолку чемпион Камчыбек Төлөп алды уулу менен жолугушту.
Ак-Талаа райондук өнүктүрүү фондусунун биринчи отуруму өтүп, анда фонддун 2025-жылдагы аткарган иштери, ишке ашкан долбоорлор жана бөлүнгөн кражаттар тууралуу отчету угулду. Андан соң фонддун жаңы курамы тааныштырылып, быйылкы 2026-жылы аткарылчу …
Ак-Талаа райондук К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө «Сармерден-2026» кыз-жигит оюнунун биринчи айлампасы өтүп, Ветборбор округунун кыздары жана Кара-Суу округунун жигиттери катышып, жергиликтүү обончулардын кайрыктары, патриоттук ырлар, улуттук бийлер жана жаңылмач, табышмак, …
Быйыл Ак-Талаа районунун 90 жылдык мааракеси белгиленет. Мааракени уюшкандыкта өткөрүү боюнча район жетекчилигинин кеңешмеси өтүп, анда айыл өкмөт башчыларына, мекеме жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап айылдык маданият үйү капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, кайрадан пайдаланууга берилди.
Ак-Талаа районунда 12 жылдык билим берүү программасы менен окутуп жаткан 1-2-класстарынын мугалимдери үчүн маалыматттык усулдук окуу-тренинги болуп өттү. Ага Ак-Талаа РБББнүн башчысы Ж.Сыдыков, усулчулар жана райондогу жалпы билим берүү мектептеринин …
Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпул берүүгө документтер 12-январдан бери кабыл алынууда. Башкармалыктын башчысы Эрлан Качкынбаевдин маалыматына караганда аталган категорияда …
Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылынын тургуну Султан Садыров отчеттук жыйында айылдагы М.Көкөтаев атындагы оорукканада дарыгерлер жок экенин айтты:
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылынын тургуну Муратбек Эсенканов Туюк-Коо чөлкөмүндө кой катарып жүрүп, дөбөт карышкырды көрүп калган. Аны аты менен кубалап отуруп, атып алган.
Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектеби алты жылдан бери «Российская газета» уюштурган дилбаяндар сынагына катышып, байгелүү орундарды багынтып, лауреат болуп келишет. Тактап айтканда аталган мектептин окуучулары 3 жолу сынактын …
Мындай маалыматты Ак-Талаа РИИБнүн башчысы М.Шейшекеев аймактарда өтүп жаткан отчеттук жыйындарда билдирди. Анын айтымында райондун аймагында да телефондогу вотсап тиркемелери аркылуу ири көлөмдөгү каражатка алданып жаткан жарандар жок эмес.
Жыл сайын окуу жылынын 2-жарым жылдыгында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын биринчи баскычы өтөт. Ага мектеп окуучулары бир нече предмет боюнча катышат. Эки күнгө созулуучу олимпиадада жеңүүчу болгон окуучулар, 2-баскычы-облустук туруна …
Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо жана Ала-Буга айыл аймактарында айыл өкмөт башчыларынын отчеттук жыйындары өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери жана айыл тургундары катышты.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким Мирлан Камчыбеков Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал жана Кадыралы айылдарындагы мектеп, бала бакча жана ФАПтарда болуп, жылуулук менен камсыз болушу, тейлөөнүн абалы, бакчадагы балдардын …
Ак-Талаа районунун Баетов айылында КРнын эмгек сиңирген мугалими, «Эл агартуунун отличниги» Акин Токтосунованын жаркын элесине арналган волейбол мелдеши өтүп, 12 команда кызыктуу оюн көрсөттү.
Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү мектептер эртеңден тарта суукка байланыштуу окуучулардын коосуздугун алдын алуу максатында аралыктан окууга өтөт Мындай чечим бүгүн акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров жетектеген ыкчам штабдын …
Быйыл өлкө боюнча бала бакчалардан тартып муниципалдык, мамлекеттик мекемелерге чейин 12 күндүк кышкы эс алууда болду. Демек, муз тебүүчү жайларда лыжа, коньки тээп эс алууну жаратылыш койнунда өткөргөндөр, ден-соолугун чыңдоону …