Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Ооган-Талаа: Жол боюна макал-лакаптар жазылган көрнөктөр орнотулду

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын столбаларына макал-лакаптар жазылган көрнөктөр орнотулду. Могол айыл өкмөт башчысынын билдиришинче, жазуулар элди ыймандуулукка чакырыш үчүн орнотулган.

12 Январь 2017 жыл 17:00

Ооган-Талаа айыл өкмөтүнүн шыбы оңдолду

Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүнүн имаратынын шыбы оңдолду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы билдирди.

12 Январь 2017 жыл 16:38

Ооган-Талаада «Компаньон» банкы иштеп жатат

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында «Компаньон» банкы ачылды. Банкты имаратын айыл тургуну өз каражатына курган.

12 Январь 2017 жыл 16:13

Пайдалуу кеңештер: Кургак чайдын пайдалары

Айыл тургундары, кургак чайды кайнатып ичип бүткөндөн кийинки калган  калдыктарын жөн гана ысырап кылбастан аларды пайдалуу жактарын билип, аны пайдалуу гана жакка колдонуп келишкен.

12 Январь 2017 жыл 14:29

Куу-Майдандын тургуну Адылжан Полотов тегирмен жасады

Ноокат районунуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Адылжан Полотов өз колу менен тегирмен жасады. Учурда өз тегирмени менен элге кызмат көрсөтүүдө.

12 Январь 2017 жыл 14:07

Атамбаевдин колунан «эң жаш баатыр эне» наамын алган Учкундун тургуну

Нарын районуна каршатуу Учкун айылынын тургуну Нурзия Чегирткеева «эң жаш баатыр эне» наамын алган. Учурда үйүндө 12 адам жашайт. Кээде аларга тамак-аш жана кийимдер жетишпей калаарын айтат ал.

12 Январь 2017 жыл 12:50

Баетовдо окуучулар арасында райондук олимпиада өтөт

Ак-Талаа районунда 14-15-январда окуучулар арасында предметтик олимпиаданын 2-туру өтөт. Анда ар бир мектептен экиден окуучу он предмет боюнча катышуусу шарт.

11 Январь 2017 жыл 20:39

Сүрөт: Баетовдо кыз-келиндер арасында спорттук мелдештер өттү

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы мекеме-ишканаларда иштеген кыз-келиндер арасында волейбол жана кол күрөш боюнча спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдешти Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы уюштуруп, демөөрчүлүк кылышты.

11 Январь 2017 жыл 20:21

Баетов: Жайыттарга жол салуу үчүн жаңы техника алынат

АРИСтин долбоору аркылуу Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылына жакында жаңы техника келет. Техниканын жардамы менен жайыттарга жол салса да болоорун айтты айыл өкмөт башчысы.

11 Январь 2017 жыл 19:36

Асылкүл Өмүралиева: Түймө түйүү менин эрмегим

Нарын районуна караштуу Куланак айылында колунан көөрү төгүлгөн апалар көп. Алардын бири Асылкүл апа, үйүндө жөн гана олтурбастан түймө түйүүнү эрмек кылат.

11 Январь 2017 жыл 15:07

Талас жаштары 2016-жылдын жыйынтыктарын чыгарды

Талас облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы 2016-жылы ѳткѳрүлгѳн иш-чаралардын жүрүшү тууралу маалымат беришти.

11 Январь 2017 жыл 11:40

Чоң-Тогузбайдын тургундары таза суу менен камсыз болгонуна эки жыл болду

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында таза суу чыгарылганына эки жылдын жүзү болду. Айыл башчысынын айтымында, таза суу чыгарылгандан кийин айыл тургундарынын ден соолугу жакшырып калган.

10 Январь 2017 жыл 22:28

Сүрөт: Куланактын тиш дарыгери үч айылдын тургундарына кызмат көрсөтөт

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда эмгектенген тиш доктур Айзада Коңурбаева эл кызматында. Ага Куланактан тышкары Учкун жана Жылан Арык айылдарынын тургундары дарылануу үчүн келишет.

10 Январь 2017 жыл 20:18

Кара-Суунун бала бакчасы ачылганына үч жыл болду

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын “Ботокөз булак” балабакчасы үч жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. Бакча көп ийгиликтерге жетип жатканын айтат билим уясынын жетекчиси.

10 Январь 2017 жыл 17:10

Андарактын уз-чебери Махабат Самандарова

Лейлек районуна караштуу Искра айылынын тургуну Махабат Самандарова 15 жылдан бери чеберчилик менен алектенет. Ал элден түшкөн тапшырыктар аркылуу иштеп акча таап, үй-бүлөсүн багып келет.

10 Январь 2017 жыл 15:44

Ак-Талаа райондук тарых музейи жаңы экспонаттар менен толукталды

Ак-Талаа тарых музейинде райондун аймагында жашаган жаныбарлар, өсүмдүктөр, тарыхый жерлер жана кыргыз эли колдонгон байыркы буюмдардан турган экспонаттар бар. Жаңы жылда музей жаңы 70тей экспонат менен толукталган.

10 Январь 2017 жыл 15:40

Терек-Сууда Компаньон банкынын сактык кассасы кызмат кылууда

Токтогул районунун Терек-Суу айылында Компаньон банкынын сактык кассасы он жылга жакын убакыттан бери иш алып барып келет. Компания банкка айлангандан бери айыл тургундарына толук кандуу банк кызматтарын көрсөтө баштады.

9 Январь 2017 жыл 19:24

Сүрѳткѳ толгон сүрѳтчүнүн үйү

Талас шаарынын тургуну Бактыбек Байдаралиевдин үйүнѳ конок болдук. Бактыбек мырза кѳп жылдан бери сүрѳт тартып келет. Сүрѳтчүнүн үйүнѳ конок болгонубуздун себеби, бул үй сүрѳт галереясына айланган. Сүрѳттѳр үйгѳ ѳзгѳчѳ атмосфера …

9 Январь 2017 жыл 16:59

Айылдар аралык олимпияда Чоң-Арыкта өттү

Тогуз коргоол, шахмат жана тенис оюндары боюнча алты айыл арасында олимпиада оюндары алгачкы жолу Чоң-Арык айылында болуп өттү. Буга чейин оюндар жыл сайын Терек-Суу айылында өтчү.

9 Январь 2017 жыл 15:21

Сумбула айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 300дөн ашат

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана жардамга муктаждыгы бар адамдар жөнүндө билип көрүүнү чечтик. Бул тууралуу айыл өкмөттүн соцадиси менен маек курдук.

9 Январь 2017 жыл 14:54

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...