Бүгүн, 21-мартта, Кыргызстанда Нооруз майрамы майрамдалып жатат. Мекенибиздин бардык аймактарында бул жаз майрамы ар жыл сайын майрамдалып, жакшылыктын жышааны катары кабыл алынат.
Жаздын келиши менен Нооруз майрамын белгилөөдө, эң негизгиси бул кыргыз элинин улуттук каада салтын, үрп- адаттарын сактоо менен Нооруз майрамын бүткүл республиканын бардык булуң- бурчтарында белгилеп жаткан учуру.
21-март Нооруз майрамын утурлай Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин уюштуруусунда салттуу сплтанаттардын бири болгон кыз-жигиттердин «Сармерден» оюну уюштурулду.
Соң- Көл айыл аймагынын Төлөк айылында Нооруз майрамына карата айыл өкмөтүнүн уюштурулган спорттук оюндар болуп өттү. Ошондой эле мектеп окуучулары эки топ болуп кызуу таймаш өткөрүп беришти. Алар 7- класстын …
Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде Улустун улуу күнү болгон Нооруз майрамын тосуу 18-март күнү сүмөлөк кайнатуу менен башталды. Сүмөлөктү мектеп мугалимдери эл-жерге тынчтык, молчулук, токчулук тилеп …
18-март күнү Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинде Нооруз майрамына арналган саамалык болуп өттү.
Ача-Кайыңды айылында 19-март күнү Нооруз майрамына утурлай бир көчөнүн апалары сүмөлөк кайнатышты. Сүмөлөктү бышырууда ар кандай баталар тиленип, каалоо-тилектер айтылып, жаштарга акыл-насааттар айтылды.
“Манас” эпосу кыргыздардын улуттук сыймыгы, ата – бабабыз үч миң жылдан ашык убакыттан бери басып өткөн тарыхый жолундагы руханий табылга.
200дөн ашуун окуучу жана мугалимдер Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн, айыл аймактагы башчылардын «Ардак грамотасы», Ыраазычылык каттары», диплом жана медалдар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Ак-Талаада «Ак Мөөр — 2022» сулуулар сынагынын финалдык туру болуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынактын алгачкы айлампасы 9-март күнү өткөрүлүп, ага жалпы жети кыз катышып, мунун ичинен беш кыз финалдык айлампага өтүшкөн.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында «Маданий» айыл долбоорунун алкагында туристтерге тамак жасоо боюнча окутуу өткөрүлдү.
«Кочкор биримдиги» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп жаткан «New Style» онлайн бий сынагында «Соң-Көл» орто мектебинин «Жаз-М» бийчилер тобу финалга чыкты.
Ак-Талаа районундагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде таланттуу окуучулардын сүрөттөрүнө уюшулган галерея бар.
«Соң-Көл» орто мектебинде 8-9-10-класстар аралык «Сулуулар дүйнөнү сактайт» аттуу таймаш болуп өттү. Таймашка ар бир класстан 5тен окуучу катышты. Жеңүүчү деп 8-а класстын окуучулары табылды. 2-орунду 9-класстын окуучулары алды. Окуучуларга …
Т. Айбашев мектебинде кыздар аралык «Жаз периси-2022» конкурсу өткөрүлдү. 6 кыз ат салышып, жыйында Чынара Көчкөнбаева 1-орундун ээси болду.
Нарын районуна караштуу Оттук айылында 5-март күнү «Ак калпак» аттуу парады болду. Мындай көрүнүш жыл сайын окуучулар арасында болуп келет.
«Соң-Көл» орто мектебинде ак калпак күнү белгиленди. Окуучулар ак калпакты даңазалап жөө жүрүш жасашты.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган, Оттук айыл аймактарында мекемелер арасында «Ыр кесе» уюшулду. «Ыр кесе» алгач Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин жалпы жамаатына сунулуп, 4-март күнү Айтбек Муканбетов атындагы маданият …
«Баластан» телеканалы тарабынан жыл сайын болуп келген «Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашынын Кочкор райондук турунда «Сон-Көл» орто мектебинен түзүлгөн «Мурас» тобу 1-орунду багындырды.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде сармерден таймашы уюштурулду. Мындай көрүнүш жыл сайын жана эстафета катары өткөрүлүп берилет.