Түп районунда 7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата эскерүү иш-чарасы уюштурулду. Иш-чараны М. Элебаев атындагы Түп райондук китепкананын жамааты (жетекчиси Нурайым Мелисова) өткөрдү. Ага Түп райондук мамлекеттик администрациясынын …
Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында жайгашкан «Төрт-Күл» шаар чалдыбарынан XI кылымга таандык устакана табылды. Анда жез, темир буюмдары, кирпич, карапа жана айнек жасалып, бышырылганы аныкталды. Табылгалар Караханиддер дооруна таандык.
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде 7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата «1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш: Үркүн — элдин эс-тутумунда» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Кочкор районундагы Ак-Жар айылынын тургуну, 87 жаштагы Байыш апа бир кылымга жакын убакыттан бери үй-бүлөсүндө сакталып келе жаткан бешиктин тарыхын айтып берди. Анын айтымында, кайнатасы талдан жасап берген бешикке жолдошу, …
Чолпон айылындагы маданият үйү көп жылдан бери оңдоп-түзөөгө муктаж болуп келген. Имараттын чатыры эскирип, жаан-чачын учурунда суу өтүп, жарыктандыруу жана жылытуу системалары талапка жооп бербей калган. Быйыл Нарын облустук «Теңир-Тоо …
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын таланттуу жаштары катышкан «Достук шаңы» аттуу чыгармачыл жаштардын XVI регионалдык кароо-сынагында Төлөк айылындагы «Датка» кенже бий тобу жеңишке жетишти. Алар «Комузчу» бийин аткарып, 23 бий тобунун …
Ак-Талаа районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, ага айылдык клубдун, китепканалардын башчылары, маданият кызматкерлери, жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.Иш-чарада район башчысы-аким М. Камчыбеков маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы …
1-ноябрь — Кыргыз милициясынын күнүнө карата Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Суюналиев айыл аймагындагы милиция кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу …
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күнтуу айыл аймагындагы Маловодное айылындагы Касым Тыныстанов атындагы орто мектепке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен шахмат жана спорттук шаймандар берилди. Тактап айтканда, мектепке 9 даана магниттик шахмат, …
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин лицей филиалдарында 19–23-октябрь күндөрү улуттук маданиятты даңазалоого, окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган предметтик жумалык уюштурулду. Анын алкагында улуттук оюндар, …
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новое айылынын Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 9- жана 11-класстарынын окуучулары 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине таанышуучу сапар жасашты. Жолугушуунун максаты жаштардын дүйнө …
Кочкор районунун Чолпон айылынын тургуну, Аида Бекболот кызы мугалимдик кесип менен катар кол өнөрчүлүктү да аркалап келет. Ал улуттук баалуулуктарды сактоо, кыргыз элинин салттуу буюмдарын заманбап үлгүдө жасоо максатында үй …
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесине карата Казарман айылында республикалык төкмө акындардын айтышы өттү. Сөз өнөрүнүн таймашында баш байгени Жамайка Токонова жеңип алды.
Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар жана Журналисттер союздарынын мүчөсү, белгилүү жазуучу жана акын Гаарба Орозматов «Тогуз-Торо ФМ» коомдук радиосунун түз эфиринде конок болуп, «Чолук баатыр» аттуу жаңы китеби …
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана …
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы жалпы билим берүү мектебине Алтынай Сапынова директор болуп дайындалды.Өткөн жумада Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев мектептин …
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы «Жеңиш» паркында «Манас» маданият фестивалынын XI айлампасы өттү. Маданий иш-чара Тайлак баатырдын эрдигин даңазалаган театрлаштырылган оюн-зоок программасы менен башталды. Аны райондук маданият кызматкерлери даярдашкан.
Ак-Талаа районунда Кыргыз элинин эркиндиги, биримдиги жана мекен бүтүндүгү үчүн күрөшкөн Тайлак баатырдын 230 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү. К. Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө өтүп жаткан иш-чара Тайлак баатырдын …
Жалал-Абад облусунун Манас шаарында элеттеги Энелер күнүнө карата «Энелердин тилеги — Аалам тынчтыгы» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Манас, Сузак, Таш-Көмүр, Токтогул, Тогуз-Торо …
Сокулук районунун Күнтүү айыл аймагындагы үч мектепке заманбап акылдуу доскалар белекке берилди. Бул демилге окуу процессине санариптик технологияларды киргизүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.