Талас шаарынын тургундары Чүй облусунун Сокулук районунда 2017-жылдын 16-январында Боинг-747 аба кемесинин авиациялык кырсыкка учурашынын натыйжасында каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүүгө каражат чогулуп жатат.
Талас облусу боюнча 30дан ашык тамада бар. Алардын эң жашы 20да болсо, аксакалы 60 жаш курагында. Талас облусу боюнча жалгыз тамада айым кызмат кѳрсѳтчү, бирок азыр ал үй-бүлѳѳлүк шартына байланыштуу …
Кыргызстанда 30дан ашык метеостанция бар болсо, алардын бири Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан.
Суусамыр өрөөнүндө январь айынан баштап суук күч алып, айыл тургундарына жана окуучуларга көптөгөн кыйынчылыктарды алып келди.
Талас облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы 2016-жылы ѳткѳрүлгѳн иш-чаралардын жүрүшү тууралу маалымат беришти.
Талас шаарынын тургуну Бактыбек Байдаралиевдин үйүнѳ конок болдук. Бактыбек мырза кѳп жылдан бери сүрѳт тартып келет. Сүрѳтчүнүн үйүнѳ конок болгонубуздун себеби, бул үй сүрѳт галереясына айланган. Сүрѳттѳр үйгѳ ѳзгѳчѳ атмосфера …
Талас областындагы Манас көчөсүндө жайгашкан «Манас» универмагында 6-январь күнү таңкы саат 6:13тө өрт чыгып, саат 09:57 чамасында толук өчүрүлгөн.
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында муз аянты ачылды. Кышкы каникулда кайда барып эс алууну билбей турган окуучулар үчүн жакшы шарт түзүлгөндөй болду.
Майрамдар болобу, жакшылык-жамандыктар болобу арак ичимдиктерисиз эч бир иш-чара өтпөй тургандай.
Талас шаарында жаңы жылдык балаты орнотулуп, жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат. Жыл сайын жаңы жылдык балаты Талас шарынын музыкалык мектебинин алдында орун алат.
Талас шаарында Kerben Palace мейманканасынын конференц залында “Вичтин профилактикасы: ВИЧ жана миграция” темасында тегерек стол болуп өттү.
Бакай-Ата айылында нан бышыруучу жайдын ишке киргенине беш жылдын жүзү болду. Ишкананын жетекчиси менен маек куруп, жумушу менен таанышып келдик.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынында 11-декабрда жергиликтүү кеңешти шайлоо өтөт. Бул тууралу Кара-Суу айылынын №336-шайлоо участогунун төрайымы Гүлмира Жумалиева менен маектештик.
Токтогул шаарында жол эрежесин бузгандар азайып, айдоочуларга шаар ичинде жүрүүгө бир топ жеңилдиктер жаралды. Токтогул шаарынын негизги көчөлөрүнө жол чырактар коюлуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн да, айдоочулар үчүн да ыңгайлуу шарт …
Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинин 8-9-10-11-класстын окуучулары жана мугалимдери 1-декабрь “Дүйнөлүк СПИДке каршы күнүнө” карата “СПИДсиз келечекке жаркын жашоо” деген ураанда жөө жүрүш өткөрүштү.
2016-жылдын 26-ноябрында, Кызыл-Жылдыз айылынын М. Иманалиев атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары жана кыргыз тили мугалими Айсулуу Мустапаеванын уюштуруусунда “Чыңгыз Айтматовдун руханий байлыктарынан” аттуу адабий кече болду.
Бакай-Ата айылындагы оорукана менен лабораториянын имараты жаңыланып, кайрадан ишке берилди. Лаборатория үч жыл мурун иштен чыгып калган болчу.
Бакай-Ата айылында жаңы май куюучу жай курулуп жатат. Бул жер курулуп бүтсө айыл тургундары район борборунан күйүүчү май алууга мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Учурда Бакай-Ата районунда чычкан көйгөйү орчундуу маселени жаратып жатат. Бирок бул көйгөй бир эле Бакай-Ата району менен чектелбегенин, Талас облусу боюнча маселе болуп жатканын айтышат.