Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Медиатека

Учкун: Уламышка бай Кош-Булак

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы булактардын бири — бул Кош-Булак. Бул булактын келип чыгышын илгерки ата-бабаларыбыз ар кандайча айтып келишкен, мурунтан айтылган уламыштар азыркы күнгө чейин айтылып келет. 

27 Июнь 2016 жыл 15:04

Чарбак айылына спорт зал курулууда

Базар-Коргон районуна караштуу Чарбак айылындагы 16-мектебине спорт зал курулууда. Заманбап спорт залды куруу үчүн учурда 2 700 000 сом каражат сарпталды.

27 Июнь 2016 жыл 14:59

Саламат Жээналиев: Куланактын тургундары эми салыкты айылдан эле төлөй алышат

Айыл тургундарды сурамжылоонун негизинде айыл өкмөттүн ичиндеги иштер менен эл жакындан кабардар болуп турушун кабарлашкан. Бүгүнкү маек Учкун айыл өкмөтүнүн салык адиси Саламат Жээналиев менен болмокчу.

27 Июнь 2016 жыл 14:43

Кара-Чий: Кызыл-Жылдыз айылында спорт зал курулат

Спортзал эски мектептин ордуна курула турганы пландаштырылды.

26 Июнь 2016 жыл 23:00

Ооган-Талаа: Маданият үйүнө кино, концерттер эмне себептен келбей жатат?

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын тургундары «бир жылдан бери кино, концерт, цирк сыяктуу нерселер келген жок» деп кайрылышты. Бул маселе тууралуу биз маданият үйүнүн башчысы Байыш Осмоналиев менен маек курдук.

26 Июнь 2016 жыл 15:58

Сулуулук тартуулаган ишкер айым

Кыргызстанда ишкерлердин басымдуу көпчүлүгү жеке ишкерлер. Жаңыдан иш баштагандар адатта жеке ишкер деген макамдан иш башташат   жана алардын ишмердүүлүгү да  ар түрдүү же көп багыттуу. Баетов айылындагы  жеке ишкер Адеми  …

25 Июнь 2016 жыл 12:05

Ооган-Талаада чачтарач ачылабы?

Ооган-Талаа айылынын тургундары «чач тарач маселесин айыл өкмөт жакшылап карап чыкса болмок, себеби башка айылдарда бар бизде жок» деп айтышты. Бул маселе туралуу биз Ооган-Талаа айылынын башчысы Муктарбек Дөлдөев менен маек …

25 Июнь 2016 жыл 7:46

Айыл жеринде ийгилик жаратуучу ишкерлер

Албетте баардык эле жарандар өз пайдасына эмес жергиликтүү элдердин зарылдыктарын эске алуу менен өз жерине бизнес кылып атат. Мындай жарандар чанда гана кездешет.

24 Июнь 2016 жыл 20:16

Токтоян: Көз оорусуна чалдыккан айыл имамы

Буга чейин беш-алты жыл бою айыл имамы болуп келген 37 жаштагы Тыныбек Зундунов көз оорусуна чалдыгып калды. Ал бейтапканаларга барып жылына текшерилип жүрүп, бирок, бул оорусу уламдан-улам күчөп, азыркы абалы жакшы …

24 Июнь 2016 жыл 18:20

Терек-Суу айылында көйгөйлүү болгон жол маселеси тууралуу айыл өкмөт башчысы эмне дейт?

Терек-Суу айылынын тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, көпчүлүгү жол маселесин айтышкан. Бул тууралуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Советбек Дженалиевге кайрылып, төмөнкүдөй жоопторду алдык.

24 Июнь 2016 жыл 17:51

Лейлекте «Айгүл» ɵсɵт

        Мергенчилик ресурстарын жɵнгɵ салуу жана коргоо боюнча Ош-Баткен облустар аралык башкармалыгынын Лейлек району боюнча инспектору болуп иштɵɵм райондун тоолуу, токойлуу аймактарын кыдырууга жана аны менен кеӊири …

24 Июнь 2016 жыл 17:36

Нарын: Мектепти артыкчылык менен аяктагандарга «Алтын тамга» тапшырылды

Нарын шаарында мектепти “Алтын тамга” аттестаты менен аяктагандарга, республикалык предметтик олимпиадада байгелүү орундарды алган окуучуларга жана агай-эжелерге сыйлыктар тапшырылды. Азем шаардын борбордук аянтында өттү.

24 Июнь 2016 жыл 17:19

Терек-Суу: Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырылды

Токтогул районунун Терек- Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи болуп өттү.

24 Июнь 2016 жыл 17:15

Учкун: Мектепке уюшулган окуу тажрыйба участогунун азыркы өсүшү

Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин жааматы отургузган жер жемиштердин кээ бири отоо чөп басып, көрүнбөй калса, кээ биринин отоолору жулунуп жакшы өсүүдө.

23 Июнь 2016 жыл 15:55

Бакай-Ата: Мендеш атанын сөөгүн жерге берди

Бүгүн Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл аймагында 1910-жылы туулган Мендеш Өмүралиевдин сөөгүн жерге берүү жыйыны болуп өттү. Ал 1943-жылы согушта Орусиянын аймагында каза болгон эле.

23 Июнь 2016 жыл 15:31

Улахол айылдык кеңеши токтом кабыл алды

Улахол айыл аймагынын кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрине эки кызматты киргизүү тууралуу айылдык кенештин токтому.

22 Июнь 2016 жыл 12:03

Улахол айыл аймагында багбанчылык өнүгүүдө

Улахол айыл өкмөтүнө караштуу Оттук айылындагы жамааттар “Бакчачылык” аттуу проектини утуп, ал иш менен толук кандуу эмгектене башташты. Немец өкүлчүлүгүнүн көнүлүнө төп келген проекти жазып, ийгиликке жетишкен. Балыкчыдагы элди окутуу …

22 Июнь 2016 жыл 11:29

Сурамжылоо: Жайкы каникулда балдар эмне менен алек болушат?

Учкун айылындагы ата-энелер жана окуучулардан “Балаңыз жайкы каникулда кайда барып эс алат?” деген суроолорду узатып, сурамжылоо жүргүздүк. 

21 Июнь 2016 жыл 15:42

Токтоян: Айылда жарым сааттан ашык жааган мөндүр жашылча-жемиштерге зыян келтирди

Токтоян айылына түшкөн мөндүрдүн көлөмү чоң болгондуктан, айыл тургундарынын жашылча-жемиштерине зыян алып келди. Өз эмгектери менен сепкен жашылча-жемиштери куурап, абалдары начарлап калды.

20 Июнь 2016 жыл 23:26

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...