Акыркы жылдары адамдардын көбү, айрыкча жаштар өздөрүн ар тараптан өнүктүрүүгө аракет кылышууда. Ак-Талаа районунун Баетов айылында чоңойгон Мээржан Канатбекова математик болом деген кыялдын артынан түшүп, Австриядагы Вена Техникалык Университетинде кванттык …
Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылынын Аманкул Куттубаев атындагы орто мектепте география мугалимдеринин семинары болуп өттү.
Зомбулук бул-адамдын эркин чектөө, анын үстүнөн бийликке ээ болуу жана башкаргысы келген системалык түрдө кайталанып туруучу адам эркине каршы психологиялык, физикалык, сексуалдык, экономикалык мүнөздөгү иш-аракеттер жана мамилелер. Биз бүгүн зомбулуктун …
Нарын районунун Оттук капчыгайында жайгашкан Кара-Үңкүр аймагында учурда беш түтүн жашайт. Алардын жашоо турмушу татаал болсо дагы ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жетишишкен. Тургундар бара-бара бул аймактан көчүп кетүүнү каалашат.
Көпчүлүк учурда экономикалык зомбулукка кабылгандар эч жакка кайрылышпай үй-бүлѳ ичинде эле калат. Себеби, айрымдар бул маселени зомбулук катары кабылдабай койгонунда.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Шакин Айылчиева небересин Рамазан Ишеновду эмгекке тарбиялайт. Бул келечекте чоң жардамы тийет деген үмүттө. Рамазан болгону 6 жашта. Кичинекей болгонуна карабастан абдан чыйрак.
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун борборунан 25 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 2100 м бийиктикте, тоонун боорунан орун алган «Чоң Туз» шахтасында баалуу туз кени бар. Даарылык касиети мол, дартка даба …
Эрте жашта турмуш куруунун кесепеттери оор болору белгилүү болгону менен бул куракта ар кандай себептер менен турмуш курган учурлар кездешет. Алардын бири бүгүнкү биздин каарман учурда таене болсо дагы жаш …
Салима Курбанкулова 16 жашында атасынын чечими менен турмушка чыккан. Ден соолугунун жабыркашына эрте жашта турмуш куруу себеп болгон дейт.
Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин мугалимдери жана 11-классынын окуучулары ЖРТга кантип даярдануу керектиги тууралуу өз пикирлерин айтышты.
Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зомбулуктун бир нече түрүн кездештирүүгө болот. Физикалык, сексуалдык жана психологиялык зомбулук тууралуу көп айтылганы менен экономикалык зомбулук бар экенин жана адам ага кабылып жаткандыгын сезишпейт.
Аялдардын арасында жаш курактан баштап улгайганга чейин экономикалык зомбулукка дуушар болгон учурлар кездешет. Көп учурларда алар бул көрүнүшкө көнүл бурбай жашап, зомбулукка дуушар болушат.
Экономикалык -зомбулук – бул акча жана башка материалдык ресурстарды пайдаланууну көзөмөлдөө же чектөө. Мындай мамиле каржыны өз алдынча башкарууну кыйындатат жана өнөктөштү көз каранды кылат.
Корчубек Акназаров орто мектебинин 5-6-классынын мугалимдери Мунара Шейшеналиева менен Ренат Чолпонбек уулу “Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз” изилдөө долбооруна катышып келишти. Гранприни утуп облустук сынакка жолдомо алышты.
Кыздардын эрте турмуш куруусу алардын жетиштүү билим алуусуна тоскоолдук жаратып жыйынтыгында кесибинин мыкты адиси болуусуна таасирин тийгизет. Мунун кесепеттери анын үй-бүлөлүк турмушунда чынжыр сымал улана берет.
Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн айылдарында эт саткан дүкөн жок. Мал байлап, семиртип, эт саткан айыл тургундары эттин баасы эмне үчүн кымбат болуп жаткандыгы жөнүндө айтып беришти.
Аномалдуу суук аба ырайы жана башкы Токтогул суу сактагычынын абалы Кыргызстан боюнча электр энергиясына чектөөлөрдү киргизүүгө туура келди. Кочкор жергесинин эли ушул чектөөлөргө кандай көз карашта болду жана Кочкор райондук …
Нарын облусунун Долон ашуусунда 11 жол кызматкерлери эмгектенет. Алардын алды 41 жылдан бери иштеп келсе, жаш ишкерлерине 5-6 гана ай болгон. Жаштардын бул жумушка чыдабай кетип калышы жумуштун оордугу жана …
Ак-Талаа районунда эки күнгө созулган окуучулардын республикалык олимпиадасынын II этабы жыйынтыкталды.10 предмет боюнча өткөрүлгөн билим сынагына 405 окуучу катышып, күчтүүлөр жеңип чыкты.
Окуу процессинде электрондук ресурстарды пайдаланууга шарттар түзүлдү. «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Кочкор районунун Корчубек Акназаров орто мектеби да Электрондук китепкана жана 5 мультимедиалык класс менен жабдылды.