Бишкек- “Манас” аэропортуна карай кеткен жолдо автоунааларга жарыш кылган жаштардын кесепетинен айылда адам өмүрүн алган жол кырсыктары катталууда. 19-сентябрь кечинде түнкү саат 20:30 чамасында Манас аэропортуна карай кеткен жолдо окуяга …
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган, Оттук айылынын тургундары кышка даярдыктарды көрүп башташты. Азыркы убакта айрым элдер көмүрдү күтүп жатышса, айрымдары малдын көңүн кургатып жыйнап жаткан учур. Быйыл көмүрдүн баасы кандай болору …
Ноокат районунуна караштуу Ак-Чал айылында «Ак Ниет Нуру» балдар бакчасынын курулушу бүткөрүлүп, ачылуу аземи болду. 75 балага ылайыкташтырылган бала бакчанын курулушу 2017-жылы башталган.
Кочкор районун Төлөк айылы райондун борборунан 50км алыстыкта жайгашкан, климаты оор болгондуктан дээрлик дыйканчылык кылууга болбойт. Эгин, жашылча-жемиштер, мөмө жемиштер райондон ортомчу соодагерлер аркылуу алынып келинет.
Кочкор районунун Төлөк айылы райондон алыс жайгашкан, климаты катаал болуп саналган айылдардын бири. Кышкысын кар жатпаса да бул айылда кыш катуу кармайт. Ошондуктан айыл эли кыштын камын эрте көрүшөт.
Токтогул району боюнча бардык мектептерде билим күнү белгиленип, окуу жылы салтанаттуу башталды.
Токтогул районуна караштуу Жетиген айылындагы Б.Салаев орто мектебинин чатыры жаңыланды. Бул ишке 1,5 млн акча каражаты сарпталып, Токтогул райондук атайын фонд тарабынан бөлүнгөн.
Аймактардагы 33 стартап долбоору каржылык жана насаатчылык колдоо тапты. Алар Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын стартаперлери. Ишкерлерге колдоо көрсөткөн FSDS коомдук фондунун аткаруучу директору Мурат Исмаилов эмне үчүн региондордогу …
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ак-Талаа райондук бөлүмү тарабынан 2021-жылга карата бекитилген иш мерчемине ылайык жарандык коргонуу боюнча кезектеги машыгуу иштерин өткөрдү.
Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын тургундарынан түзүлгөн демилгелүү топ мектептеги даараткананы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө. Алар жаңы окуу жылында айылдагы мектептин дааратканасы жаңырып, балдар ыңгайлуу шартта билим алса деген аракетте. Бул тууралуу …
Кыргыздын улуттук тамактарынын бири быжы акыркы убактарда дасторкондо көп коюлбай калганы байкалат. Эмне себептен мындай болууда же быжы жасоо кыйынчылыкка алып келеби? Бул суроого Казан-Куйган айылындагы Айтбек Мукамбетов атындагы маданият …
Оттук жана Казан –Куйган туугандары кышка даярдык көрүү үчүн бакчаларында картошка, кызылча, укроп, чеснок, петрушка сыяктуу жашылчаларды өстүрүп түшүм алуу алдында турушат. Кышка кам көрүү үчүн малга тоют даярдоо иштери …
Нарын районуна караштуу Казан –Куйган айылында пескоблок чыгаруучу ишкана иштеп келет. Айыл тургундарында курулуш кылуу үчүн алыскы шаарга барып убара болбостон, өз айылынан эле сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ишкана 3 …
Кочкор районунун Чолпон айылына жумшак балмуздак аппараты иштеп баштады. Кичинекей бөбөктөн тартып улуу курактагы адамдарга чейин даам сызып жатышат.
31-августта Нарын районунун Учкун айылында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүң 30 жылдыгы белгиленди. Айылдын маданият үйүндө жөө жүрүш жана салтанаттуу иш-чара өтүп, келген конокторго концерт тартууланды.
Айдоочулук мектепте баарына бир эле нерсе үйрөтүлгөнү менен убакыттын өтүшү менен ар ким өзүнүн айдоо стилин өнүктүрөт. Кээ бирлери жеңил жана кылдаттык менен унааны башкарса, айрымдары ылдам айдоону жакшы көрүшөт. …
Ноокат районунун борбордук аянтчасында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган, салтанаттуу чоң иш чара болуп өттү.
Устүбүздөгү жылдын апрель айында жер-жерлерде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоосу болуп өткөн. Барскоон айыл аймагында дагы болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен 21 депутат шайланып келген. Бул аралыкта жергиликтүү кеңеш кандай иштерди …
Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын айрым жаңы конуштарында ичүүчү таза суу жок болуп келген. «Кумтөр Голд» компаниясынын каржылык колдоосу менен айылда 50 кубдук суу топтоп, тазалоочу жайдын ачылышы болду. Эми бул …
Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов 2009-жылы жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын 100% добушуна ээ болуп ишмердүүлүгүн баштаган. 2013-жылы добуштун көп бөлүгүн алып кайрадан шайланган. Ал эми 2017- жылы жергиликтүү …