Лейлек районунун борбордук мечити толугу менен оңдолуп бүтөөр алдында турат. Оңдоп-түзөөгө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мурат Жураев демөөрчү болгон.
2017 –жылдын 29 мартында “Роза Отумбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Мекендештер” долбоорунун алкагында КР Өкмөтүнүн Талас облосундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги менен биргеликте Кыргыз …
Исфана шаарында жаңы “Одноклассники” аттуу кафе өз ишин баштады. Жакшы шарттагы кафени Орусияда иштеп келген мекендештерибиз түптөдү.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы “Ак кептер” жамааттык мультимедиаборборунда 28-март күнү «Немец толкунунун» (Deutsche Welle) кызматкерлери иш сапары менен болуп кайтышты. Аудио: Немец толкунунун кызматкерлери Ак кептерде Борбордо аларды “Ак …
Быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу кар калын түштү. Күн жылыгандыгына байланыштуу кар тездик менен эрип, айылдын көчөлөрү шаркырап аккан сууга, айрым көчөлөр суулуу карга толду. Мындай учурда айрым көчөлөрдө унаалар тыгылып, …
Базар-Коргор районунун Кызыл-Үңкүр айылында жашаган Зыйнат Алымкулова мугалимдик кесиби менен эле чектелип калбастан, китеп жазуу менен алектенет. Жадагалса анын айрым эмгектери жарык көрө баштады.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы курулушу али бүтө элек дамбаны суу жууп кетти.
Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылындагы бала бакча 30 жылга жакын убакыттан бери иштеп балдарга билим берип келүүдө.
Лейлек районундагы Сары-Дөбө айылынын тургуну Бабабек Умурзаков өзү ACTED уюмуна кайрылып, алардын жардамы менен жем даярдоочу станок алган.
Түп районуна караштуу «Токой чарба» уюму жаратылышты сактап калуу максатында иш алып барат. Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Керез Исмагулов «Токой чарба» уюмунда механизатор болуп иштейт. Анын айтымныда, бул …
Лейлек районундагы Сары-Дөбө айылынын тургуну Нургазы Исмановдун демилгеси менен түптөлгөн тамчылатып суугаруу долбоору иштеп жатат. Бул жерди курууга Германия кызматташтык уюму колдоо көрсөткөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Талас шаарында «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өткөрүлүүдө». Ал 27-марттан 2-апрелге чейин уланат. Кыргыз Республикасында бул иш чара 2-3 жылдан бери өткөрүлүп келет.
Ак-Суу районунун Орлиное айылынын жаш тургуну, 8-класстын окуучусу Айгүл Малайканова шахмат ойноп көптөгөн ийгиликтерди жаратууда.
Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев мектебинин мугалимдери 25-мартта №1 мектептин чакыруусу менен спорттук оюндарга катышып келишти. Спорттук оюндар баскетбол, волейбол, шахмат, стол үстүндө тенис жана тогуз коргоол боюнча өттү.
Түп районуна караштуу Токтоян айылында казылып жаткан каналдын бүтпөй калышы турак-жайларга терс таасирин тийгизүүдө. Жаратылыш кырсыктарынан коргонуу маскатында бул канал салынып жатып, токтоп калган.
Ноокат районундагы Арбын айылынын тургуну Диларам Батырбекова чакан цех ачып, айыл тургундарын иш менен камсыздап келет.
Бул басылма Европа биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.
Сумбула айыл өкмөтүндөгү Сары-Дөбө айылында жаңы намазкана курулуп, 26-март күнү колдонууга берилди.